Сүрө 15 Хижр
-
فَلَمَّا جَاءَ آلَ لُوطٍ الْمُرْسَلُونَ
Элчилер Луттун үй-бүлөсүнө келгенде,
15:61 -
قَالَ إِنَّكُمْ قَوْمٌ مُنْكَرُونَ
Ал: «Силер бейтааныш коомсуңар(бы)?» - деди.
15:62 -
قَالُوا بَلْ جِئْنَاكَ بِمَا كَانُوا فِيهِ يَمْتَرُونَ
(Элчилер) айтышты: «Жок, биз бузулган коомуң күмөн санаган нерсени (азапты) алып келдик.
15:63 -
وَأَتَيْنَاكَ بِالْحَقِّ وَإِنَّا لَصَادِقُونَ
Биз сага чындыкты гана алып келдик. Биз чынчылбыз.
15:64 -
فَأَسْرِ بِأَهْلِكَ بِقِطْعٍ مِنَ اللَّيْلِ وَاتَّبِعْ أَدْبَارَهُمْ وَلَا يَلْتَفِتْ مِنْكُمْ أَحَدٌ وَامْضُوا حَيْثُ تُؤْمَرُونَ
Эми, түндүн бир бөлүгүндө (таңга маал) үй-бүлөңдү (айылдан) алып чык дагы, өзүң артынан түш. Силерден эч бир адам карбаластабасын (тез баскыла) жана буюрулган тарапка көте бергиле».
15:65 -
وَقَضَيْنَا إِلَيْهِ ذَٰلِكَ الْأَمْرَ أَنَّ دَابِرَ هَٰؤُلَاءِ مَقْطُوعٌ مُصْبِحِينَ
Биз ага (Лутка) таңга маал ошол (бузук) коомдун «куйругу кыркылышы» жөнүндөгү ушул буйрукту вахий кылдык.
15:66 -
وَجَاءَ أَهْلُ الْمَدِينَةِ يَسْتَبْشِرُونَ
Анан, шаардын (бузук) элдери сүйүнгөн бойдон жетип келишти.
15:67 -
قَالَ إِنَّ هَٰؤُلَاءِ ضَيْفِي فَلَا تَفْضَحُونِ
(Лут): «Булар менин мейманым. Мени шерменде кылбагыла!
15:68 -
وَاتَّقُوا اللَّهَ وَلَا تُخْزُونِ
Аллахтан корккула! Абийиримди төкпөгүлө!» – деди.
15:69 -
قَالُوا أَوَلَمْ نَنْهَكَ عَنِ الْعَالَمِينَ
(Бузукулар) айтты: «Биз сени ааламдардан кайтарбадык беле?!»
15:70 -
قَالَ هَٰؤُلَاءِ بَنَاتِي إِنْ كُنْتُمْ فَاعِلِينَ
(Лут): «Эгер бул иштен кайра тартпасаңар, мына, менин кыздарым» деди.
15:71 -
لَعَمْرُكَ إِنَّهُمْ لَفِي سَكْرَتِهِمْ يَعْمَهُونَ
(О, Мухаммад!) Өмүрүңө ант, алар (ышкы-кумардын) мастыгында көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй калган эле!
15:72 -
فَأَخَذَتْهُمُ الصَّيْحَةُ مُشْرِقِينَ
Анан, Күн чыгаар мезгилде аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады.
15:73 -
فَجَعَلْنَا عَالِيَهَا سَافِلَهَا وَأَمْطَرْنَا عَلَيْهِمْ حِجَارَةً مِنْ سِجِّيلٍ
Анан Биз шаардын асты жагын үстүнө көңтөрүп, алардын үстүнө чопо-таштарды жамгырдай жаадырдык!
15:74 -
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِلْمُتَوَسِّمِينَ
Албетте бул окуяда парасаттуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.
15:75 -
وَإِنَّهَا لَبِسَبِيلٍ مُقِيمٍ
Ал (ойрон болгон шаар) кан жолдун боюнда.
15:76 -
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِلْمُؤْمِنِينَ
Албетте, мында момун адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.
15:77 -
وَإِنْ كَانَ أَصْحَابُ الْأَيْكَةِ لَظَالِمِينَ
Бак-бостон кожоюндары залым (каапыр) болушкан.
15:78 -
فَانْتَقَمْنَا مِنْهُمْ وَإِنَّهُمَا لَبِإِمَامٍ مُبِينٍ
Биз алардан да өч алдык! Чынында, экөө (Лут коому менен Шуайб коому) тең кең жолдун боюнда.
15:79 -
وَلَقَدْ كَذَّبَ أَصْحَابُ الْحِجْرِ الْمُرْسَلِينَ
«Хижр» (өрөөнүнүн) жашоочулары да пайгамбарларды «жалганчы» дешти.
15:80
Котормо: Шамсуддин Хакимов