Катталуу, бет 264
-
قَالَ يَا إِبْلِيسُ مَا لَكَ أَلَّا تَكُونَ مَعَ السَّاجِدِينَ
(Аллах): «0о, Иблис! Эмне үчүн сен сажда кылуучулардан болбодуң?!» - деди.
15:32 -
قَالَ لَمْ أَكُنْ لِأَسْجُدَ لِبَشَرٍ خَلَقْتَهُ مِنْ صَلْصَالٍ مِنْ حَمَإٍ مَسْنُونٍ
«Мен (эч качан) адамга сажда кылбаймын! (Себеби,) Сен аны чалчык ылай - чоподон жараттың. (А, мен оттон жаралганмын)» - деди.
15:33 -
قَالَ فَاخْرُجْ مِنْهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٌ
(Аллах) Айтты: «Анда, Бейиштен жогол! Сен айдалдың!
15:34 -
وَإِنَّ عَلَيْكَ اللَّعْنَةَ إِلَىٰ يَوْمِ الدِّينِ
Сага Кыяматка чейин каргыш болсун!»
15:35 -
قَالَ رَبِّ فَأَنْظِرْنِي إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ
(Иблис) Айтты: «О, Раббим! Анда мага, алар кайра тирилүүчү күнгө (Кыяматка) чейин (өлбөй жашаганга) мөөнөт бер!»
15:36 -
قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ الْمُنْظَرِينَ
(Аллах) айтты: «Албетте, сен мөөнөт берилгендерден болдуң
15:37 -
إِلَىٰ يَوْمِ الْوَقْتِ الْمَعْلُومِ
белгилүү убакытка чейин».
15:38 -
قَالَ رَبِّ بِمَا أَغْوَيْتَنِي لَأُزَيِّنَنَّ لَهُمْ فِي الْأَرْضِ وَلَأُغْوِيَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ
(Иблис) айтты: «О, Раббим! Мени адаштырганың үчүн мен аларга жердеги(күнөө нерсе)лерди кооз көргөзүп, бардыгын азгырамын!
15:39 -
إِلَّا عِبَادَكَ مِنْهُمُ الْمُخْلَصِينَ
Алардын арасынан ыкластуу пенделериңден башкасын.
15:40 -
قَالَ هَٰذَا صِرَاطٌ عَلَيَّ مُسْتَقِيمٌ
(Аллах) айтты: «Бул - Мага (алып келүүчү) туура жол.
15:41 -
إِنَّ عِبَادِي لَيْسَ لَكَ عَلَيْهِمْ سُلْطَانٌ إِلَّا مَنِ اتَّبَعَكَ مِنَ الْغَاوِينَ
Албетте, Менин (ыкластуу) пенделеримдин үстүндө бийлигиң жок! Бир гана адашкандардан болуп, сага ээрчигендерге (өкүмүң өтөт).
15:42 -
وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمَوْعِدُهُمْ أَجْمَعِينَ
Сени ээрчигендердин бардыгына убада жайы, албетте, тозок!
15:43 -
لَهَا سَبْعَةُ أَبْوَابٍ لِكُلِّ بَابٍ مِنْهُمْ جُزْءٌ مَقْسُومٌ
Анын (биринен бири төмөн жайгашкан) жети дарбазасы бар. Ар бир дарбазадан алардын бөлүк-бөлүк топтору (күнөөлөрүнүн даражаларына жараша азап чегип киришет).
15:44 -
إِنَّ الْمُتَّقِينَ فِي جَنَّاتٍ وَعُيُونٍ
Чынында, (күнөөдөн) сактанган адамдар булактарда, бейиштерде.
15:45 -
ادْخُلُوهَا بِسَلَامٍ آمِنِينَ
(Биз аларга:) «Тынчтык, саламаттык менен бейишке киргиле» (дедик).
15:46 -
وَنَزَعْنَا مَا فِي صُدُورِهِمْ مِنْ غِلٍّ إِخْوَانًا عَلَىٰ سُرُرٍ مُتَقَابِلِينَ
Биз алардын көкүрөктөрүндө болгон (кек-көралбастык) сыяктуу нерселерди сууруп алганбыз. Алар бири-бирине бет-маңдай, дос-бурадар болушуп, сөрүлөрдө (отурушат).
15:47 -
لَا يَمَسُّهُمْ فِيهَا نَصَبٌ وَمَا هُمْ مِنْهَا بِمُخْرَجِينَ
Бейиште аларды кайгы-муң баспайт жана эч качан ал жерден чыгарылышпайт.
15:48 -
نَبِّئْ عِبَادِي أَنِّي أَنَا الْغَفُورُ الرَّحِيمُ
(О, Мухаммад!) Пенделериме кабар бер: Мен гана (тообо кылгандарды) Кечирүүчү Ырайымдуумун!
15:49 -
وَأَنَّ عَذَابِي هُوَ الْعَذَابُ الْأَلِيمُ
Чынында менин азабым - жан ооруткан азап!
15:50 -
وَنَبِّئْهُمْ عَنْ ضَيْفِ إِبْرَاهِيمَ
(О, Мухаммад), аларга Ибрахимдин меймандары жөнүндөгү кабарды жеткир:
15:51
Котормо: Шамсуддин Хакимов