Катталуу, бет 98

  1. وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ سَنُدْخِلُهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ۖ وَعْدَ اللَّهِ حَقًّا ۚ وَمَنْ أَصْدَقُ مِنَ اللَّهِ قِيلًا

    Ал эми, ыйман келтирип, жакшы (соопту) иштерди кылгандарды, жакында астынан дарыялары агып турган, анда түбөлүк калуучу бейишке киргизебиз. Бул - Аллахтын акыйкат убадасы. Эч кимдин сөзү Аллахтын сөзүндөй чын болбойт.

    4:122
  2. لَيْسَ بِأَمَانِيِّكُمْ وَلَا أَمَانِيِّ أَهْلِ الْكِتَابِ ۗ مَنْ يَعْمَلْ سُوءًا يُجْزَ بِهِ وَلَا يَجِدْ لَهُ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلِيًّا وَلَا نَصِيرًا

    (Тозоктон кутулуу) силердин да, китеп ээлеринин да куру кыялдары менен эле болбойт. Ал эми, ким (кандай) күнөө иш жасаса, ошонун гана жазасын алат. Жана (жаза берилчү мезгилде) өзүнө Аллахтан башка дос-жардамчы таппай калат.

    4:123
  3. وَمَنْ يَعْمَلْ مِنَ الصَّالِحَاتِ مِنْ ذَكَرٍ أَوْ أُنْثَىٰ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَأُولَٰئِكَ يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ وَلَا يُظْلَمُونَ نَقِيرًا

    Эркекпи, аялбы, ким болсо да жакшы иштерди жасаса жана ал ыймандуу болсо, (жасаган иштеринин) кымындайына да зулум кылынбаган абалда бейишке киришет.

    4:124
  4. وَمَنْ أَحْسَنُ دِينًا مِمَّنْ أَسْلَمَ وَجْهَهُ لِلَّهِ وَهُوَ مُحْسِنٌ وَاتَّبَعَ مِلَّةَ إِبْرَاهِيمَ حَنِيفًا ۗ وَاتَّخَذَ اللَّهُ إِبْرَاهِيمَ خَلِيلًا

    «Аллахтын шариятын (бекем) кармап, ширктен таухидке бурулган абалда Ибрахимдин динине ээрчиген жана жүзүн (өзүн) Аллахка толук моюн сундурган адамдын дининен да жакшы динди туткан адам барбы? Аллах Ибрахимди (Өзүнө) дос туткан».

    4:125
  5. وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ مُحِيطًا

    Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү. Аллах ар бир нерсени Ороп Алуучу.

    4:126
  6. وَيَسْتَفْتُونَكَ فِي النِّسَاءِ ۖ قُلِ اللَّهُ يُفْتِيكُمْ فِيهِنَّ وَمَا يُتْلَىٰ عَلَيْكُمْ فِي الْكِتَابِ فِي يَتَامَى النِّسَاءِ اللَّاتِي لَا تُؤْتُونَهُنَّ مَا كُتِبَ لَهُنَّ وَتَرْغَبُونَ أَنْ تَنْكِحُوهُنَّ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الْوِلْدَانِ وَأَنْ تَقُومُوا لِلْيَتَامَىٰ بِالْقِسْطِ ۚ وَمَا تَفْعَلُوا مِنْ خَيْرٍ فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ بِهِ عَلِيمًا

    (О, Мухаммад!) Сенден аялдар жөнүндө фатва (өкүм) сурашат. Айткын: “Аялдар жөнүндө силерге Аллах жана Китептеги жетим кыздар, алсыз-байкуш (жетим) балдарга арнап окулган аяттар өкүм берет. (Силерди, сулуулугуна же байлыгына) кызыгып үйлөнүп алып, (кийин) аларга берилүүсү парз кылынган махырды бербей койгон (жетим кыздардын укугун орундатууга) жана жетимдер үчүн адилет башчылык кылууга (буюрат). Кандай жакшылык кылсаңар Аллах аны, чынында, Билүүчү.

    4:127

Котормо: Шамсуддин Хакимов