Катталуу, бет 99
-
وَإِنِ امْرَأَةٌ خَافَتْ مِنْ بَعْلِهَا نُشُوزًا أَوْ إِعْرَاضًا فَلَا جُنَاحَ عَلَيْهِمَا أَنْ يُصْلِحَا بَيْنَهُمَا صُلْحًا ۚ وَالصُّلْحُ خَيْرٌ ۗ وَأُحْضِرَتِ الْأَنْفُسُ الشُّحَّ ۚ وَإِنْ تُحْسِنُوا وَتَتَّقُوا فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرًا
Эгер бир аял күйөөсүнүн көңүлсүздүгүнөн жана таштап кетүүсүнөн корксо, эр-аял экөөсү (аялдын демилгеси менен) бир келишимге келүүсүндө күнөө жок. Келишим жакшы нерсе. Жана жүрөктөр кызганычка даяр турат. Эгер жакшылык кылсаңар жана Аллахтан корксоңор, Аллах бардык ишиңерден кабардар.
4:128 -
وَلَنْ تَسْتَطِيعُوا أَنْ تَعْدِلُوا بَيْنَ النِّسَاءِ وَلَوْ حَرَصْتُمْ ۖ فَلَا تَمِيلُوا كُلَّ الْمَيْلِ فَتَذَرُوهَا كَالْمُعَلَّقَةِ ۚ وَإِنْ تُصْلِحُوا وَتَتَّقُوا فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ غَفُورًا رَحِيمًا
(О, эркектер!) Канчалык умтулсаңар да, аялдар арасында адилдик кылууга кудуретиңер жетпейт. Бирок, (жүрөгүңөр умтулганына) берилип албагыла жана (көңүлсүз болгонуңарды) күйөөсү таштап кеткен аял сыяктуу таштап койбогула. Эгер араны оңдосоңор жана такыба болсоңор, Албетте, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.
4:129 -
وَإِنْ يَتَفَرَّقَا يُغْنِ اللَّهُ كُلًّا مِنْ سَعَتِهِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ وَاسِعًا حَكِيمًا
Эгер (жубайлар) ажырашып кетчү болсо, Аллах алардын ар бирин Өзүнүн Кеңдиги (пазилети) менен беймуктаж кылат. Аллах артыкчылыгы Кең, Даанышман Зат.
4:130 -
وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ وَلَقَدْ وَصَّيْنَا الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِنْ قَبْلِكُمْ وَإِيَّاكُمْ أَنِ اتَّقُوا اللَّهَ ۚ وَإِنْ تَكْفُرُوا فَإِنَّ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ غَنِيًّا حَمِيدًا
Асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү. (Оо, момундар) Биз силерге да, силерден мурун китеп берилген элдерге да “Аллахтан корккула” деп буюрганбыз. Эгер каапыр болсоңор (билип алгыла), асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү! Аллах Беймуктаж жана Макталган!
4:131 -
وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ وَكِيلًا
Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахка таандык. (Бардыгы Аллахка таянат) жана Аллах жетиштүү Сактоочу.
4:132 -
إِنْ يَشَأْ يُذْهِبْكُمْ أَيُّهَا النَّاسُ وَيَأْتِ بِآخَرِينَ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَلَىٰ ذَٰلِكَ قَدِيرًا
О, адамдар! Эгер кааласа (Аллах) силерди (дүйнөдөн) кетирип, ордуңарга башкаларды алып келет. Аллах буга Кудуреттүү.
4:133 -
مَنْ كَانَ يُرِيدُ ثَوَابَ الدُّنْيَا فَعِنْدَ اللَّهِ ثَوَابُ الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ سَمِيعًا بَصِيرًا
Ким дүйнө сообун кааласа,.. Дүйнөнүн да, Акыреттин да сообу Аллахтын алдында. Аллах Угуучу, Көрүүчү.
4:134
Котормо: Шамсуддин Хакимов