Катталуу, бет 97
-
لَا خَيْرَ فِي كَثِيرٍ مِنْ نَجْوَاهُمْ إِلَّا مَنْ أَمَرَ بِصَدَقَةٍ أَوْ مَعْرُوفٍ أَوْ إِصْلَاحٍ بَيْنَ النَّاسِ ۚ وَمَنْ يَفْعَلْ ذَٰلِكَ ابْتِغَاءَ مَرْضَاتِ اللَّهِ فَسَوْفَ نُؤْتِيهِ أَجْرًا عَظِيمًا
Алардын (кыянатчылардын) көп отуруш-чогулуштарында жакшылык жок. Ал эми, садагага, жакшы үрп-адатка буюрган же адамдардын арасын оңдоо үчүн (чогулган адамдардын отуруштарында жакшылык болот). Ким ушуну (аталган жакшылыктарды) Аллахтын ыраазылыгын каалап жасаса, ал адамга жакында чоң сооп беребиз.
4:114 -
وَمَنْ يُشَاقِقِ الرَّسُولَ مِنْ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُ الْهُدَىٰ وَيَتَّبِعْ غَيْرَ سَبِيلِ الْمُؤْمِنِينَ نُوَلِّهِ مَا تَوَلَّىٰ وَنُصْلِهِ جَهَنَّمَ ۖ وَسَاءَتْ مَصِيرًا
Кимде-ким, өзүнө туура жол анык болгондон кийин, пайгамбарга (анын өкүмүнө) каршылык кылса жана момундардын жолунан башка жолду ээрчисе, аны тандаган жолунда жөн койобуз. Жана аны тозокко жеткиребиз. Ал кандай жаман жай!
4:115 -
إِنَّ اللَّهَ لَا يَغْفِرُ أَنْ يُشْرَكَ بِهِ وَيَغْفِرُ مَا دُونَ ذَٰلِكَ لِمَنْ يَشَاءُ ۚ وَمَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَالًا بَعِيدًا
Албетте, Аллах (ибадатта жана ишенимде) Өзүнө шерик кошулуусун кечирбейт. Мындан башкасын Өзү каалаган пендесинен кечирет. Ким Аллахка ширк келтирген болсо, демек ал катуу адашыптыр!
4:116 -
إِنْ يَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ إِلَّا إِنَاثًا وَإِنْ يَدْعُونَ إِلَّا شَيْطَانًا مَرِيدًا
Алар Аллахтан башка, аял жынысындагыларга дуба кылат жана өзүнүн сөзүнөн баш тартуучу шайтанга дуба кылышат.
4:117 -
لَعَنَهُ اللَّهُ ۘ وَقَالَ لَأَتَّخِذَنَّ مِنْ عِبَادِكَ نَصِيبًا مَفْرُوضًا
Аллах ага (шайтанга) наалат-каргыш жаадырганда ал: “Мен Сенин пенделериңдин арасынан тийиштүү насибимди алаармын" деп айткан.
4:118 -
وَلَأُضِلَّنَّهُمْ وَلَأُمَنِّيَنَّهُمْ وَلَآمُرَنَّهُمْ فَلَيُبَتِّكُنَّ آذَانَ الْأَنْعَامِ وَلَآمُرَنَّهُمْ فَلَيُغَيِّرُنَّ خَلْقَ اللَّهِ ۚ وَمَنْ يَتَّخِذِ الشَّيْطَانَ وَلِيًّا مِنْ دُونِ اللَّهِ فَقَدْ خَسِرَ خُسْرَانًا مُبِينًا
Ошондой эле аларды жолдон адаштырып, куру кыялдарды жүрөктөрүнө салаармын. Алар менин буйругум менен малдарынын кулактарын кесет жана менин гана буйругум менен Аллахтын жаратканын өзгөртүшөт!” Ким Аллахты коюп, шайтанды дос - башчы кылып алса, ал анык зыяндын зыянына түшүптүр!
4:119 -
يَعِدُهُمْ وَيُمَنِّيهِمْ ۖ وَمَا يَعِدُهُمُ الشَّيْطَانُ إِلَّا غُرُورًا
(Шайтан) аларга убадаларды берет, жүрөктөрүнө куру кыялдарды салат. Шайтан аларга жалгандан башка убада бербейт.
4:120 -
أُولَٰئِكَ مَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ وَلَا يَجِدُونَ عَنْهَا مَحِيصًا
Ошолордун (шайтанга ээрчигендердин) жайы тозок! Алар өздөрүн андан куткаруучуну таппай (ал жерде түбөлүк) калышат.
4:121
Котормо: Шамсуддин Хакимов