Катталуу, бет 96
-
وَاسْتَغْفِرِ اللَّهَ ۖ إِنَّ اللَّهَ كَانَ غَفُورًا رَحِيمًا
(Эгер сен ката кетирсең) Аллахтан кечирим сура. Албетте, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.
4:106 -
وَلَا تُجَادِلْ عَنِ الَّذِينَ يَخْتَانُونَ أَنْفُسَهُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ مَنْ كَانَ خَوَّانًا أَثِيمًا
Сен өздөрүнө кыянат (залым) кылган (кылмышкер) адамдардын тарабында туруп талашпа. Аллах күнөө-кыянатты көп жасаган адамдарды сүйбөйт.
4:107 -
يَسْتَخْفُونَ مِنَ النَّاسِ وَلَا يَسْتَخْفُونَ مِنَ اللَّهِ وَهُوَ مَعَهُمْ إِذْ يُبَيِّتُونَ مَا لَا يَرْضَىٰ مِنَ الْقَوْلِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ بِمَا يَعْمَلُونَ مُحِيطًا
(Күнөө, кыянатты көп жасагандар күнөө-кылмыштарын) адамдардан жашыра алышат, а бирок Аллахтан жашыра алышпайт. Чынында, алар түндөсү жашынып алып, Аллахка жакпаган сөздөрдү ойлонуп жатканда да Аллах (Өзүнүн илими менен) алардын жанында болот. Аллах алардын бардык иштерин Ороп алуучу.
4:108 -
هَا أَنْتُمْ هَٰؤُلَاءِ جَادَلْتُمْ عَنْهُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا فَمَنْ يُجَادِلُ اللَّهَ عَنْهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَمْ مَنْ يَكُونُ عَلَيْهِمْ وَكِيلًا
О, силер (кыянатчыларды колдогондор!) Бул дүйнө жашоосунда го, аларды актап талаштыңар. Ал эми, Кыямат Күнү аларды актап Аллах менен ким талаша алат?! Же болбосо, ким аларга таяныч боло алат?!
4:109 -
وَمَنْ يَعْمَلْ سُوءًا أَوْ يَظْلِمْ نَفْسَهُ ثُمَّ يَسْتَغْفِرِ اللَّهَ يَجِدِ اللَّهَ غَفُورًا رَحِيمًا
Ким бир жаман (күнөө) иш кылса же өзүнө залым кылып алса, кийин (артынан) Аллахтан кечирим сураса, Аллахты Кечиримдүү, Мээримдүү табат.
4:110 -
وَمَنْ يَكْسِبْ إِثْمًا فَإِنَّمَا يَكْسِبُهُ عَلَىٰ نَفْسِهِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا
Ким бир күнөө иш жасаса (анын жазасы) өзүнө. Аллах - Билүүчү, Даанышман.
4:111 -
وَمَنْ يَكْسِبْ خَطِيئَةً أَوْ إِثْمًا ثُمَّ يَرْمِ بِهِ بَرِيئًا فَقَدِ احْتَمَلَ بُهْتَانًا وَإِثْمًا مُبِينًا
Кимде ким бир чоң күнөө же башка кылмыш ишин жасап, кийин аны бейкүнөө адамга төңкөсө, ал өз мойнуна доомат жана чоң күнөөнү илип алыптыр.
4:112 -
وَلَوْلَا فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكَ وَرَحْمَتُهُ لَهَمَّتْ طَائِفَةٌ مِنْهُمْ أَنْ يُضِلُّوكَ وَمَا يُضِلُّونَ إِلَّا أَنْفُسَهُمْ ۖ وَمَا يَضُرُّونَكَ مِنْ شَيْءٍ ۚ وَأَنْزَلَ اللَّهُ عَلَيْكَ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَعَلَّمَكَ مَا لَمْ تَكُنْ تَعْلَمُ ۚ وَكَانَ فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكَ عَظِيمًا
(О, Мухаммад!) эгер сага Аллахтын артыкчылыгы жана ырайымы болбогондо алардан (кыянатчылардан) бир тайпасы сени адаштырууга жан үрөп калган эле. Бирок, алар (сени эмес) өздөрүн гана адаштырат жана сага эч кандай зыян жеткире алышпайт. Аллах сага (бардык нерселердин баян-илимин өз ичине камтыган) китепти - Куранды жана Сүннөттү түшүрүп, билбегендериңди билгизди. Аллахтын сага (берген) артыкчылыгы улуу.
4:113
Котормо: Шамсуддин Хакимов