Катталуу, бет 95

  1. وَإِذَا كُنْتَ فِيهِمْ فَأَقَمْتَ لَهُمُ الصَّلَاةَ فَلْتَقُمْ طَائِفَةٌ مِنْهُمْ مَعَكَ وَلْيَأْخُذُوا أَسْلِحَتَهُمْ فَإِذَا سَجَدُوا فَلْيَكُونُوا مِنْ وَرَائِكُمْ وَلْتَأْتِ طَائِفَةٌ أُخْرَىٰ لَمْ يُصَلُّوا فَلْيُصَلُّوا مَعَكَ وَلْيَأْخُذُوا حِذْرَهُمْ وَأَسْلِحَتَهُمْ ۗ وَدَّ الَّذِينَ كَفَرُوا لَوْ تَغْفُلُونَ عَنْ أَسْلِحَتِكُمْ وَأَمْتِعَتِكُمْ فَيَمِيلُونَ عَلَيْكُمْ مَيْلَةً وَاحِدَةً ۚ وَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ إِنْ كَانَ بِكُمْ أَذًى مِنْ مَطَرٍ أَوْ كُنْتُمْ مَرْضَىٰ أَنْ تَضَعُوا أَسْلِحَتَكُمْ ۖ وَخُذُوا حِذْرَكُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ أَعَدَّ لِلْكَافِرِينَ عَذَابًا مُهِينًا

    (О, Мухаммад!) Эгер сен алардын (сахабалардын) арасында (имам болуп) намаз окусаң, сени менен бирге болгон алардын бир тобу (кароолдо) турсун жана куралдарын алып алышсын. Сажда кылып (намаз окуп) бүткөндө аркаңарга өтүп (коргоп) турушсун. Анан намаз окуй элек башка топ келип, сени менен намаз окусун. Бирок, этияттап жана курал-жарактарын алып алышсын. Эгер силер куралыңар менен керек-жарагыңардан капарсыз калсаңар, каапырлар силерге капыстан кол салууну самап турушат. Эгер силерге жамгырдын кесепети тийсе же ооруп калсаңар, анда куралыңарды (жерге) койсоңор күнөө эмес. Бирок, абайлагыла. Чынында, Аллах каапырларга кордоочу азапты даярдап койгон.

    4:102
  2. فَإِذَا قَضَيْتُمُ الصَّلَاةَ فَاذْكُرُوا اللَّهَ قِيَامًا وَقُعُودًا وَعَلَىٰ جُنُوبِكُمْ ۚ فَإِذَا اطْمَأْنَنْتُمْ فَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ ۚ إِنَّ الصَّلَاةَ كَانَتْ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ كِتَابًا مَوْقُوتًا

    Ал эми, намазды окуп бүткөнүңөрдөн кийин, турган, отурган жана жамбаштап жаткан (бардык) убактыңарда Аллахты зикир кылгыла. Эгер (согуштан) тынч болсоңор намазды толук окугула. Албетте, намаз ыймандуу адамдар үчүн өз убактысында окулуучу парз болду.

    4:103
  3. وَلَا تَهِنُوا فِي ابْتِغَاءِ الْقَوْمِ ۖ إِنْ تَكُونُوا تَأْلَمُونَ فَإِنَّهُمْ يَأْلَمُونَ كَمَا تَأْلَمُونَ ۖ وَتَرْجُونَ مِنَ اللَّهِ مَا لَا يَرْجُونَ ۗ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا

    (Душман) коомдун артынан сая түшүүдөн талыкпагыла. Эгер силер азап чеккен болсоңор, алар деле силер сыяктуу азап чегишти. (Экинчиден) силер Аллахтан, алар үмүт кылбаган нерсени (бейишти) үмүт кылып жатасыңар. Аллах Билүүчү, Даанышман.

    4:104
  4. إِنَّا أَنْزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ لِتَحْكُمَ بَيْنَ النَّاسِ بِمَا أَرَاكَ اللَّهُ ۚ وَلَا تَكُنْ لِلْخَائِنِينَ خَصِيمًا

    (О, Мухаммад!) Биз сага китепти (Куранды) акыйкат менен (бузулбай турган жана бардык кабарлары чындык болгон абалда) адамдар арасында Аллах көргөзгөн жол менен өкүм кылууң үчүн түшүрдүк. Жана сен эми кыянатчыга тарапкер болбогун!

    4:105

Котормо: Шамсуддин Хакимов