Катталуу, бет 586

  1. إِذَا الشَّمْسُ كُوِّرَتْ

    Күн оролуп (нуру жоголуп),

    81:1
  2. وَإِذَا النُّجُومُ انْكَدَرَتْ

    жылдыздар (кыйрап) төгүлүп,

    81:2
  3. وَإِذَا الْجِبَالُ سُيِّرَتْ

    Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) учурулуп,

    81:3
  4. وَإِذَا الْعِشَارُ عُطِّلَتْ

    курсагында он айлык баласы бар (кымбат баалуу) төөлөр дагы көңүл сыртында калып,

    81:4
  5. وَإِذَا الْوُحُوشُ حُشِرَتْ

    жапайы айбандар (үркүп, бир жерге) чогулуп,

    81:5
  6. وَإِذَا الْبِحَارُ سُجِّرَتْ

    деңиздер жанып – от болуп,

    81:6
  7. وَإِذَا النُّفُوسُ زُوِّجَتْ

    жандар бири-бирине коштолуп…

    81:7
  8. وَإِذَا الْمَوْءُودَةُ سُئِلَتْ

    Тирүүлөй көмүп жиберилген бөбөк кыздар суралганда -

    81:8
  9. بِأَيِّ ذَنْبٍ قُتِلَتْ

    Кайсы күнөө(ңөр) үчүн өлтүрүлдү(ңөр деп)...

    81:9
  10. وَإِذَا الصُّحُفُ نُشِرَتْ

    Жана (бардык адамдарга) амал баракчалары таратылып,

    81:10
  11. وَإِذَا السَّمَاءُ كُشِطَتْ

    асман сыйрылып алынганда...

    81:11
  12. وَإِذَا الْجَحِيمُ سُعِّرَتْ

    Тозок (катуу) кызытылып,

    81:12
  13. وَإِذَا الْجَنَّةُ أُزْلِفَتْ

    Бейиш (ыймандуу адамдарга) жакын алып келингенде…

    81:13
  14. عَلِمَتْ نَفْسٌ مَا أَحْضَرَتْ

    (Ошол күнү бардык) жан (Акырет үчүн) эмне алып келгенин билет.

    81:14
  15. فَلَا أُقْسِمُ بِالْخُنَّسِ

    Жок. Артта кала турган жылдыздарга ант ичип,

    81:15
  16. الْجَوَارِ الْكُنَّسِ

    (аларга) жолдош, көрүнбөгөн жылдыздарга ант ичип,

    81:16
  17. وَاللَّيْلِ إِذَا عَسْعَسَ

    (караңгысы менен) келген түнгө ант ичип,

    81:17
  18. وَالصُّبْحِ إِذَا تَنَفَّسَ

    агарган таңга ант ичип (айтамын):

    81:18
  19. إِنَّهُ لَقَوْلُ رَسُولٍ كَرِيمٍ

    Чынында, ал (Куран) Улуу Элчинин Сөзү!

    81:19
  20. ذِي قُوَّةٍ عِنْدَ ذِي الْعَرْشِ مَكِينٍ

    Арш Ээсинин алдында (Жебирейилдин) туруктуу урматы бар (жана ал) өтө күч-кубаттуу.

    81:20
  21. مُطَاعٍ ثَمَّ أَمِينٍ

    Ал жерде (жогорку жамаат арасында) сөзү өтүмдүү (жана) ишенимдүү.

    81:21
  22. وَمَا صَاحِبُكُمْ بِمَجْنُونٍ

    (Эй, мушриктер!) Силердин дайым бирге жүргөн шеригиңер (Мухаммад) жинди эмес.

    81:22
  23. وَلَقَدْ رَآهُ بِالْأُفُقِ الْمُبِينِ

    Ал чынында аны (Жебирейилди) айкын мейкиндикте көргөн.

    81:23
  24. وَمَا هُوَ عَلَى الْغَيْبِ بِضَنِينٍ

    Жана ал кайыпты (силерден) кызгануучу эмес.

    81:24
  25. وَمَا هُوَ بِقَوْلِ شَيْطَانٍ رَجِيمٍ

    Жана ал каргышка жолуккан Шайтандын сөзү да эмес!

    81:25
  26. فَأَيْنَ تَذْهَبُونَ

    Эми, (чындыктан жүз буруп) кайда бара жатасыңар?!

    81:26
  27. إِنْ هُوَ إِلَّا ذِكْرٌ لِلْعَالَمِينَ

    Ал (Куран) албетте, ааламдар үчүн эскертүү!

    81:27
  28. لِمَنْ شَاءَ مِنْكُمْ أَنْ يَسْتَقِيمَ

    Силердин араңардан оңолууну каалгандар үчүн (эскертүү!)

    81:28
  29. وَمَا تَشَاءُونَ إِلَّا أَنْ يَشَاءَ اللَّهُ رَبُّ الْعَالَمِينَ

    Жана силер (оо, пенделер) ааламдардын Раббиси каалагандан башканы каалай албайсыңар!

    81:29

Котормо: Шамсуддин Хакимов