Катталуу, бет 585
-
عَبَسَ وَتَوَلَّىٰ
(Пайгамбар) кабагын бүркөп, жүзүн буруп алды,
80:1 -
أَنْ جَاءَهُ الْأَعْمَىٰ
алдына (маселе сурап) сокур киши келгенде.
80:2 -
وَمَا يُدْرِيكَ لَعَلَّهُ يَزَّكَّىٰ
(Оо, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, ал (сокур киши жаман кулк-мүнөздөрдөн) тазадыр!
80:3 -
أَوْ يَذَّكَّرُ فَتَنْفَعَهُ الذِّكْرَىٰ
Же болбосо, (Аллах тааланы) эскерээр, анан эскермеси ага пайда берээр?!
80:4 -
أَمَّا مَنِ اسْتَغْنَىٰ
Ал эми, муктаж эмес адам(дар келгенде)
80:5 -
فَأَنْتَ لَهُ تَصَدَّىٰ
сен ошо(лор)го бурулуп алдың!
80:6 -
وَمَا عَلَيْكَ أَلَّا يَزَّكَّىٰ
(Бирок), алардын тазарбай (ыйманга келбей) калуусуна сен жоопкер эмессиң.
80:7 -
وَأَمَّا مَنْ جَاءَكَ يَسْعَىٰ
Ал эми, сага чуркап келген (сокур ) адам…
80:8 -
وَهُوَ يَخْشَىٰ
(Аллахтан жана кыямат күндөн) коркот эле.
80:9 -
فَأَنْتَ عَنْهُ تَلَهَّىٰ
Сен андан алагды болуп калдың!
80:10 -
كَلَّا إِنَّهَا تَذْكِرَةٌ
Жок! (Оо, Мухаммад! Эми андай кылбагын!) Бул (аяттар сага Аллах тарабынан) эскерме-сабак.
80:11 -
فَمَنْ شَاءَ ذَكَرَهُ
Ким кааласа – аны эскерет.
80:12 -
فِي صُحُفٍ مُكَرَّمَةٍ
(Аяттар Лавхул Махфуз деп аталган) Улук Барактар да,
80:13 -
مَرْفُوعَةٍ مُطَهَّرَةٍ
(Лавхул Махфуз) Таза–Пакиза (жана кадыр баркы) Жогору.
80:14 -
بِأَيْدِي سَفَرَةٍ
(Жана) периштелердин колунда.
80:15 -
كِرَامٍ بَرَرَةٍ
(Алар) Өтө улук, аябай таза (ишенимдүү)
80:16 -
قُتِلَ الْإِنْسَانُ مَا أَكْفَرَهُ
Наалаты инсан! Аны эмне (мынчалык) аша чапкан каапырга айлантты?!
80:17 -
مِنْ أَيِّ شَيْءٍ خَلَقَهُ
Ал (Аллах) аны эмнеден жаратты эле?!
80:18 -
مِنْ نُطْفَةٍ خَلَقَهُ فَقَدَّرَهُ
Бир тамчы (бел) суудан жараткан! Анан аны(н жаралуу баскычтарын өлчөп,) тагдыр кылган.
80:19 -
ثُمَّ السَّبِيلَ يَسَّرَهُ
Андан кийин (бул дүйнөгө келгенде) ага жолдорду оңой кылып берди.
80:20 -
ثُمَّ أَمَاتَهُ فَأَقْبَرَهُ
Андан соң анын жанын алып, мүрзөгө койду.
80:21 -
ثُمَّ إِذَا شَاءَ أَنْشَرَهُ
Андан соң Өзү каалаган кезде (кыяматта) кайрадан тирилтип алат.
80:22 -
كَلَّا لَمَّا يَقْضِ مَا أَمَرَهُ
Жок! Ал өзүнө (Аллах) буюрган парыздарды эч аткарбады!
80:23 -
فَلْيَنْظُرِ الْإِنْسَانُ إِلَىٰ طَعَامِهِ
Эми, инсан (бой көтөрө бербей) өзүнүн тамак-ашына карабайбы?!
80:24 -
أَنَّا صَبَبْنَا الْمَاءَ صَبًّا
Сууну (асмандан) мол-көл кылып мына Биз жаадырдык!
80:25 -
ثُمَّ شَقَقْنَا الْأَرْضَ شَقًّا
Андан соң жерди жарып,
80:26 -
فَأَنْبَتْنَا فِيهَا حَبًّا
(ар түрдүү) данды (жана өсүмдүктөрдү) өндүрдүк:
80:27 -
وَعِنَبًا وَقَضْبًا
жүзүмдөрдү, көк чөптөрдү,
80:28 -
وَزَيْتُونًا وَنَخْلًا
зайтундарды, курмаларды,
80:29 -
وَحَدَائِقَ غُلْبًا
коюу бактарды,
80:30 -
وَفَاكِهَةً وَأَبًّا
мөмө-жемиштерди, жашылчаларды.
80:31 -
مَتَاعًا لَكُمْ وَلِأَنْعَامِكُمْ
Силер жана чарба айбандарыңар пайдалангыла деп.
80:32 -
فَإِذَا جَاءَتِ الصَّاخَّةُ
Эми, качан (кулактарды) тундуруучу (кыяматтагы) айкырык (Сур кернейинин экинчи тартылуусу) келгенде...,
80:33 -
يَوْمَ يَفِرُّ الْمَرْءُ مِنْ أَخِيهِ
Ал күнү киши өзүнүн ага-инисинен качып калат.
80:34 -
وَأُمِّهِ وَأَبِيهِ
Апасы менен атасынан дагы.
80:35 -
وَصَاحِبَتِهِ وَبَنِيهِ
Аялы менен балдарынан дагы!
80:36 -
لِكُلِّ امْرِئٍ مِنْهُمْ يَوْمَئِذٍ شَأْنٌ يُغْنِيهِ
(Анткени) ал күнү ар бир адам үчүн аны (башкаларга) көңүл бурдурбай коё турган (өтө оор) абал болот!
80:37 -
وُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ مُسْفِرَةٌ
Ал күнү (ыймандуу) жүздөр албырып,
80:38 -
ضَاحِكَةٌ مُسْتَبْشِرَةٌ
күлүп-жайнап, кубанычтуу!
80:39 -
وَوُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ عَلَيْهَا غَبَرَةٌ
(ыймансыз) жүздөрдү ал күндө чаң-тозон каптап,
80:40 -
تَرْهَقُهَا قَتَرَةٌ
караңгылык ороп алат!
80:41 -
أُولَٰئِكَ هُمُ الْكَفَرَةُ الْفَجَرَةُ
Дал ошолор каапыр, шүгүрсүз адамдар!
80:42
Котормо: Шамсуддин Хакимов