Катталуу, бет 536
-
ثُمَّ إِنَّكُمْ أَيُّهَا الضَّالُّونَ الْمُكَذِّبُونَ
Кийин, эй, акыретти «жалган» деп адашкандар,
56:51 -
لَآكِلُونَ مِنْ شَجَرٍ مِنْ زَقُّومٍ
«Заккум» дарагын(ын ачуу, тикенектүү «мөмөсүн») жейсиңер!
56:52 -
فَمَالِئُونَ مِنْهَا الْبُطُونَ
Аны менен курсагыңарды толтуруп,
56:53 -
فَشَارِبُونَ عَلَيْهِ مِنَ الْحَمِيمِ
Үстүнөн кайнак суу ичесиңер.
56:54 -
فَشَارِبُونَ شُرْبَ الْهِيمِ
Суусаган төө сыяктуу (жуткунуп) ичесиңер!»
56:55 -
هَٰذَا نُزُلُهُمْ يَوْمَ الدِّينِ
Алардын Кыяматтагы «сыйтамагы» – ушул!
56:56 -
نَحْنُ خَلَقْنَاكُمْ فَلَوْلَا تُصَدِّقُونَ
(Оо, инсандар!) Силерди биз жаратканбыз, ишенгиле!
56:57 -
أَفَرَأَيْتُمْ مَا تُمْنُونَ
Өзүңөр агызган бел суу жөнүндө ойлоп көрдүңөрбү?
56:58 -
أَأَنْتُمْ تَخْلُقُونَهُ أَمْ نَحْنُ الْخَالِقُونَ
Аны (адам кылып) өзүңөр жаратып аласыңарбы же биз жаратабызбы?
56:59 -
نَحْنُ قَدَّرْنَا بَيْنَكُمُ الْمَوْتَ وَمَا نَحْنُ بِمَسْبُوقِينَ
Силердин араңардагы өлүмдү да Биз тагдыр кылганбыз жана Биз алсыз эмеспиз,
56:60 -
عَلَىٰ أَنْ نُبَدِّلَ أَمْثَالَكُمْ وَنُنْشِئَكُمْ فِي مَا لَا تَعْلَمُونَ
Силерге окшогондорду (кыйратып башка элге) алмаштырууга жана (Кыяматта) силерге белгисиз абалда кайра жаратууга.
56:61 -
وَلَقَدْ عَلِمْتُمُ النَّشْأَةَ الْأُولَىٰ فَلَوْلَا تَذَكَّرُونَ
Билесиңер го, (Аллах жасаган) абалкы жаратууну. Эсиңерге келбейсиңерби?!
56:62 -
أَفَرَأَيْتُمْ مَا تَحْرُثُونَ
Өзүңөрдүн эгиндериңерге карабайсыңарбы:
56:63 -
أَأَنْتُمْ تَزْرَعُونَهُ أَمْ نَحْنُ الزَّارِعُونَ
Аны өзүңөр өндүрдүңөрбү же Биз өндүрдүкпү?
56:64 -
لَوْ نَشَاءُ لَجَعَلْنَاهُ حُطَامًا فَظَلْتُمْ تَفَكَّهُونَ
Эгер кааласак Биз аны кууратып коймокбуз. Анан силер таңыркаган бойдон кайгырып:
56:65 -
إِنَّا لَمُغْرَمُونَ
«Чынында биз зыянга баттык!
56:66 -
بَلْ نَحْنُ مَحْرُومُونَ
(Ырыскыдан) кол жууп калдык!» - демексиңер.
56:67 -
أَفَرَأَيْتُمُ الْمَاءَ الَّذِي تَشْرَبُونَ
Ичип жаткан сууңарга карабайсыңарбы:
56:68 -
أَأَنْتُمْ أَنْزَلْتُمُوهُ مِنَ الْمُزْنِ أَمْ نَحْنُ الْمُنْزِلُونَ
Аны булут арасынан силер түшүрдүңөрбү же Биз түшүрдүкпү?!
56:69 -
لَوْ نَشَاءُ جَعَلْنَاهُ أُجَاجًا فَلَوْلَا تَشْكُرُونَ
Эгер кааласак Биз аны туздуу кылып коймокбуз. Шүгүр кылбайсыңарбы?!
56:70 -
أَفَرَأَيْتُمُ النَّارَ الَّتِي تُورُونَ
Өзүңөр жагып жаткан отко байкоо салдыңарбы?
56:71 -
أَأَنْتُمْ أَنْشَأْتُمْ شَجَرَتَهَا أَمْ نَحْنُ الْمُنْشِئُونَ
Анын (отун болгон) дарагын өзүңөр жаратып алдыңарбы же Биз жаратып бердикби?
56:72 -
نَحْنُ جَعَلْنَاهَا تَذْكِرَةً وَمَتَاعًا لِلْمُقْوِينَ
Биз жаратканбыз аны, (Кыяматтагы тозок отунан) эскерме иретинде жана мусапырлар пайдаланышы үчүн.
56:73 -
فَسَبِّحْ بِاسْمِ رَبِّكَ الْعَظِيمِ
Эми (оо, Мухаммад) Улук Раббиңдин ысымын (кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула!
56:74 -
فَلَا أُقْسِمُ بِمَوَاقِعِ النُّجُومِ
Мен жылдыздардын (баткандагы жана чыккандагы) орду менен ант ичемин.
56:75 -
وَإِنَّهُ لَقَسَمٌ لَوْ تَعْلَمُونَ عَظِيمٌ
Бул өтө улук ант, эгер билсеңер.
56:76
Котормо: Шамсуддин Хакимов