Катталуу, бет 537

  1. إِنَّهُ لَقُرْآنٌ كَرِيمٌ

    Ал – Улук Куран!

    56:77
  2. فِي كِتَابٍ مَكْنُونٍ

    Сакталган-жашыруун Китепте!

    56:78
  3. لَا يَمَسُّهُ إِلَّا الْمُطَهَّرُونَ

    Аны (Куранды) таза адамдар гана кармайт.

    56:79
  4. تَنْزِيلٌ مِنْ رَبِّ الْعَالَمِينَ

    Ал – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн.

    56:80
  5. أَفَبِهَٰذَا الْحَدِيثِ أَنْتُمْ مُدْهِنُونَ

    Силер бул (Улук) Сөздү баалабайсыңарбы?!

    56:81
  6. وَتَجْعَلُونَ رِزْقَكُمْ أَنَّكُمْ تُكَذِّبُونَ

    Аны «жалган» деп, четке кагууну өнөр-ырыскы кылып аласыңарбы?!

    56:82
  7. فَلَوْلَا إِذَا بَلَغَتِ الْحُلْقُومَ

    (Эгер бир жакыныңардын) жан(ы) алкымга келсе,

    56:83
  8. وَأَنْتُمْ حِينَئِذٍ تَنْظُرُونَ

    Ошондо (колуңардан эч нерсе келбей) карап каласыңар.

    56:84
  9. وَنَحْنُ أَقْرَبُ إِلَيْهِ مِنْكُمْ وَلَٰكِنْ لَا تُبْصِرُونَ

    (Анткени), аларга (илим-кудуретибиз жана периштелерибиз менен) силерге караганда Биз жакыныраакпыз. Бирок, силер (аларды) көрбөйсүңөр.

    56:85
  10. فَلَوْلَا إِنْ كُنْتُمْ غَيْرَ مَدِينِينَ

    Эгер силер (өлбөс жана) эсеп бербес болсоңор,

    56:86
  11. تَرْجِعُونَهَا إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

    (Алкымына келген) жанды кайтаргылачы кана, эгер чынчыл болсоңор?!

    56:87
  12. فَأَمَّا إِنْ كَانَ مِنَ الْمُقَرَّبِينَ

    Эми эгер (жаны алкымга келген) адам алдыңкылардан болсо,

    56:88
  13. فَرَوْحٌ وَرَيْحَانٌ وَجَنَّتُ نَعِيمٍ

    (Ага наркы дүйнөдө) ырахат, жыргал жана «Наим» бейиши даяр!

    56:89
  14. وَأَمَّا إِنْ كَانَ مِنْ أَصْحَابِ الْيَمِينِ

    Ал эми ал оң тарап ээлеринен бири болсо,

    56:90
  15. فَسَلَامٌ لَكَ مِنْ أَصْحَابِ الْيَمِينِ

    Анда сага (эй жаны алкымына келген пенде), оң тарап ээлеринин саламы болсун!

    56:91
  16. وَأَمَّا إِنْ كَانَ مِنَ الْمُكَذِّبِينَ الضَّالِّينَ

    Эгерде ал адашкан жана (Куранды) «жалган» дегендерден болсо,

    56:92
  17. فَنُزُلٌ مِنْ حَمِيمٍ

    Ага кайнак суудан «сыйтамак» берилип,

    56:93
  18. وَتَصْلِيَةُ جَحِيمٍ

    Тозокко ташталат!

    56:94
  19. إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ حَقُّ الْيَقِينِ

    Чынында бул (айтылгандар) эч күмөнсүз Акыйкат.

    56:95
  20. فَسَبِّحْ بِاسْمِ رَبِّكَ الْعَظِيمِ

    Демек, Улук Раббиңдин ысымын аруулагын (ар убак)!

    56:96
  21. سَبَّحَ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ

    Аллахка асмандардагы жана жердеги бардык нерселер тасбих айтат. Ал – Кудуреттүү, Даанышман.

    57:1
  22. لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ يُحْيِي وَيُمِيتُ ۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

    Асмандар менен жердин мүлкү Ага таандык. Ал тирилтет жана өлтүрөт. Ал – ар кандай нерсеге Кудуреттүү.

    57:2
  23. هُوَ الْأَوَّلُ وَالْآخِرُ وَالظَّاهِرُ وَالْبَاطِنُ ۖ وَهُوَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ

    Ал эң абалкы жана эң акыркы, эң жогорку жана эң терең. (Ошондуктан) Ал бардык нерсени Билүүчү.

    57:3

Котормо: Шамсуддин Хакимов