Сүрө 56 Вакиъа

  1. وَأَصْحَابُ الشِّمَالِ مَا أَصْحَابُ الشِّمَالِ

    Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)!

    56:41
  2. فِي سَمُومٍ وَحَمِيمٍ

    Алар «самум» менен «хамимдин!» ичинде

    56:42
  3. وَظِلٍّ مِنْ يَحْمُومٍ

    жана кап-кара түтүндүн «көлөкөсүндө»!

    56:43
  4. لَا بَارِدٍ وَلَا كَرِيمٍ

    Анын салкыны да жок, көркү да жок.

    56:44
  5. إِنَّهُمْ كَانُوا قَبْلَ ذَٰلِكَ مُتْرَفِينَ

    Алар мурда(гы жашоосунда) арамкор адамдар эле.

    56:45
  6. وَكَانُوا يُصِرُّونَ عَلَى الْحِنْثِ الْعَظِيمِ

    Алар үзгүлтүксүз, чоң күнөөлөрдү жасашкан.

    56:46
  7. وَكَانُوا يَقُولُونَ أَئِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًا وَعِظَامًا أَإِنَّا لَمَبْعُوثُونَ

    Жана «Биз өлүп топурак жана (чириген) сөөк болуп калсак деле кайра тирилет бекенбиз?

    56:47
  8. أَوَآبَاؤُنَا الْأَوَّلُونَ

    Ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилет бекен?)» – дешкен.

    56:48
  9. قُلْ إِنَّ الْأَوَّلِينَ وَالْآخِرِينَ

    (Аларга айт): «Чынында, абалкылар дагы, акыркылар дагы,

    56:49
  10. لَمَجْمُوعُونَ إِلَىٰ مِيقَاتِ يَوْمٍ مَعْلُومٍ

    Белгиленген күндүн убадасына чогултулат.

    56:50
  11. ثُمَّ إِنَّكُمْ أَيُّهَا الضَّالُّونَ الْمُكَذِّبُونَ

    Кийин, эй, акыретти «жалган» деп адашкандар,

    56:51
  12. لَآكِلُونَ مِنْ شَجَرٍ مِنْ زَقُّومٍ

    «Заккум» дарагын(ын ачуу, тикенектүү «мөмөсүн») жейсиңер!

    56:52
  13. فَمَالِئُونَ مِنْهَا الْبُطُونَ

    Аны менен курсагыңарды толтуруп,

    56:53
  14. فَشَارِبُونَ عَلَيْهِ مِنَ الْحَمِيمِ

    Үстүнөн кайнак суу ичесиңер.

    56:54
  15. فَشَارِبُونَ شُرْبَ الْهِيمِ

    Суусаган төө сыяктуу (жуткунуп) ичесиңер!»

    56:55
  16. هَٰذَا نُزُلُهُمْ يَوْمَ الدِّينِ

    Алардын Кыяматтагы «сыйтамагы» – ушул!

    56:56
  17. نَحْنُ خَلَقْنَاكُمْ فَلَوْلَا تُصَدِّقُونَ

    (Оо, инсандар!) Силерди биз жаратканбыз, ишенгиле!

    56:57
  18. أَفَرَأَيْتُمْ مَا تُمْنُونَ

    Өзүңөр агызган бел суу жөнүндө ойлоп көрдүңөрбү?

    56:58
  19. أَأَنْتُمْ تَخْلُقُونَهُ أَمْ نَحْنُ الْخَالِقُونَ

    Аны (адам кылып) өзүңөр жаратып аласыңарбы же биз жаратабызбы?

    56:59
  20. نَحْنُ قَدَّرْنَا بَيْنَكُمُ الْمَوْتَ وَمَا نَحْنُ بِمَسْبُوقِينَ

    Силердин араңардагы өлүмдү да Биз тагдыр кылганбыз жана Биз алсыз эмеспиз,

    56:60

Котормо: Шамсуддин Хакимов