Катталуу, бет 520

  1. وَكَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُمْ مِنْ قَرْنٍ هُمْ أَشَدُّ مِنْهُمْ بَطْشًا فَنَقَّبُوا فِي الْبِلَادِ هَلْ مِنْ مَحِيصٍ

    Биз алардан (Мекке мушриктеринен) мурун нечен-нечен (каапыр) муундарды кыйратканбыз. Алар булардан кубаттуураак болчу. (Балээ келгенде) шаарларда тыркырап, (качканы жай таппай калышты). (Аллахтын азабынан) кача турган жер бар бекен?!

    50:36
  2. إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَذِكْرَىٰ لِمَنْ كَانَ لَهُ قَلْبٌ أَوْ أَلْقَى السَّمْعَ وَهُوَ شَهِيدٌ

    Албетте, бул нерседе (соо) жүрөктүү же болбосо сергек абалда кулак салган адамдар үчүн сабактар бар.

    50:37
  3. وَلَقَدْ خَلَقْنَا السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا فِي سِتَّةِ أَيَّامٍ وَمَا مَسَّنَا مِنْ لُغُوبٍ

    Биз асмандарды, жерди жана экөөнүн арасындагы нерселерди алты күндүн ичинде (толук) жараттык жана Бизди (эч кандай) чарчоо кармабады.

    50:38
  4. فَاصْبِرْ عَلَىٰ مَا يَقُولُونَ وَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ قَبْلَ طُلُوعِ الشَّمْسِ وَقَبْلَ الْغُرُوبِ

    Алардын сөздөрүнө сабырдуу бол! Жана күн чыкканга чейин жана (күн) батаардан мурун Раббиңди даңктап тасбих айт!

    50:39
  5. وَمِنَ اللَّيْلِ فَسَبِّحْهُ وَأَدْبَارَ السُّجُودِ

    Дагы түндүн бир бөлүгүндө, саждалардын артынан Ага тасбих айт!

    50:40
  6. وَاسْتَمِعْ يَوْمَ يُنَادِ الْمُنَادِ مِنْ مَكَانٍ قَرِيبٍ

    Жакын жерден бир жарчы (Исрафил периште Сур кернейи менен ) жар чакырган Күнү ага кулак сал!

    50:41
  7. يَوْمَ يَسْمَعُونَ الصَّيْحَةَ بِالْحَقِّ ۚ ذَٰلِكَ يَوْمُ الْخُرُوجِ

    Ал Күнү (бардык калайык-калк) акыйкат айкырыкты угат. Бул – (мүрзөдөн тирилип) чыгуу Күнү.

    50:42
  8. إِنَّا نَحْنُ نُحْيِي وَنُمِيتُ وَإِلَيْنَا الْمَصِيرُ

    Чынында (инсаниятка) Биз жашоо бергенбиз жана Өзүбүз жанын алабыз. Жана кайтуу - Өзүбүзгө!

    50:43
  9. يَوْمَ تَشَقَّقُ الْأَرْضُ عَنْهُمْ سِرَاعًا ۚ ذَٰلِكَ حَشْرٌ عَلَيْنَا يَسِيرٌ

    «Ошол (Сур тартылган) Күндө аларга (мүрзөлөрдө жаткандарга) жер жарылып, шашкан абалда (чыгып келишет.) Бул чогултуу Биз үчүн өтө жеңил».

    50:44
  10. نَحْنُ أَعْلَمُ بِمَا يَقُولُونَ ۖ وَمَا أَنْتَ عَلَيْهِمْ بِجَبَّارٍ ۖ فَذَكِّرْ بِالْقُرْآنِ مَنْ يَخَافُ وَعِيدِ

    Алардын эмне деп жатканын Биз эң жакшы билебиз. Сен аларды мажбурлоочу эмессиң. Эми сен Менин коркунучтуу убадаларымдан корккон адамдарды Куран менен эскерт!

    50:45
  11. وَالذَّارِيَاتِ ذَرْوًا

    (Топуракты) тозгута желген шамалдарга ант!

    51:1
  12. فَالْحَامِلَاتِ وِقْرًا

    Көп сууга (жамгырга) кош бойлуу болгон булуттарга ант!

    51:2
  13. فَالْجَارِيَاتِ يُسْرًا

    Жеңил сызып жүрүүчүлөргө (кемелерге) ант!

    51:3
  14. فَالْمُقَسِّمَاتِ أَمْرًا

    (Аллахтын тапшырмасы менен ааламдык) иштерди бөлүштүрүүчү периштелерге ант!

    51:4
  15. إِنَّمَا تُوعَدُونَ لَصَادِقٌ

    (Оо, пенделер!) Силерге убада кылынган нерсе – бул чындык!

    51:5
  16. وَإِنَّ الدِّينَ لَوَاقِعٌ

    Жана Кыямат сөзсүз болуучу!

    51:6

Котормо: Шамсуддин Хакимов