Катталуу, бет 519
-
وَلَقَدْ خَلَقْنَا الْإِنْسَانَ وَنَعْلَمُ مَا تُوَسْوِسُ بِهِ نَفْسُهُ ۖ وَنَحْنُ أَقْرَبُ إِلَيْهِ مِنْ حَبْلِ الْوَرِيدِ
Инсанды Биз жаратканбыз жана анын напсиси азгыра турган нерселерди да Өзүбүз билебиз. Биз ага күрөө тамырынан да жакынбыз.
50:16 -
إِذْ يَتَلَقَّى الْمُتَلَقِّيَانِ عَنِ الْيَمِينِ وَعَنِ الشِّمَالِ قَعِيدٌ
Анткени, (инсандын) оң жана сол тарабында (Биз жиберген) эки кабыл алуучу (периште) олтурат.
50:17 -
مَا يَلْفِظُ مِنْ قَوْلٍ إِلَّا لَدَيْهِ رَقِيبٌ عَتِيدٌ
Кандай гана сөз сүйлөбөсүн, анын алдында күзөтчү (периште) турат.
50:18 -
وَجَاءَتْ سَكْرَةُ الْمَوْتِ بِالْحَقِّ ۖ ذَٰلِكَ مَا كُنْتَ مِنْهُ تَحِيدُ
(Эй, күнөөкөр адам!) Өлүм масчылыгы Акыйкатта (мына башыңа) келди! Сен качып жүргөн нерсе – ушул!
50:19 -
وَنُفِخَ فِي الصُّورِ ۚ ذَٰلِكَ يَوْمُ الْوَعِيدِ
Жана (мынакей), Сур (кернейи) да тартылды. Бул - убада кылынган Күн.
50:20 -
وَجَاءَتْ كُلُّ نَفْسٍ مَعَهَا سَائِقٌ وَشَهِيدٌ
Жана ар бир жан (ээси) бир айдоочу жана бир күбө болуучу (периштенин) коштоосунда (сурак майданына) келди.
50:21 -
لَقَدْ كُنْتَ فِي غَفْلَةٍ مِنْ هَٰذَا فَكَشَفْنَا عَنْكَ غِطَاءَكَ فَبَصَرُكَ الْيَوْمَ حَدِيدٌ
(Эй, Акыретти жалган деген пенде!) Сен мындан капылетте (кайдыгер) болчусуң. Анан Биз сенин (кайдыгерлик) пардаңды ачып салдык. Мына эми, бүгүн сенин көздөрүң (аябай) өткүр!
50:22 -
وَقَالَ قَرِينُهُ هَٰذَا مَا لَدَيَّ عَتِيدٌ
Жана анын (бул дүйнөдөгү) коштоочу периштеси айтты: «Бул (каапырдын жасаган иштеринин тизме китеби) менин алдымда даяр». (Анан коштогон эки периштеге айтылды):
50:23 -
أَلْقِيَا فِي جَهَنَّمَ كُلَّ كَفَّارٍ عَنِيدٍ
«Тозокко таштагыла, (чындыкты) четке каккан ар бир каапырды,
50:24 -
مَنَّاعٍ لِلْخَيْرِ مُعْتَدٍ مُرِيبٍ
чектен ашып, (Акыреттен) шектенген жана жакшы (сооп) иштерге бут тоскондорду!
50:25 -
الَّذِي جَعَلَ مَعَ اللَّهِ إِلَٰهًا آخَرَ فَأَلْقِيَاهُ فِي الْعَذَابِ الشَّدِيدِ
Алар Аллахка кошуп, башка кудай жасап алган адамдар! Аларды катуу азапка таштагыла!»
50:26 -
قَالَ قَرِينُهُ رَبَّنَا مَا أَطْغَيْتُهُ وَلَٰكِنْ كَانَ فِي ضَلَالٍ بَعِيدٍ
Анын коштоочу шайтаны айтты: «Оо, Рабби! Муну мен (Сага) каршы жолго баштабадым. Бирок, өзү алыс адашууда болгон».
50:27 -
قَالَ لَا تَخْتَصِمُوا لَدَيَّ وَقَدْ قَدَّمْتُ إِلَيْكُمْ بِالْوَعِيدِ
(Аллах) айтты: «Менин алдымда талашпагыла! Мен силерге Өзүмдүн (тозок жөнүндөгү) кабарымды мурда айтканмын.
50:28 -
مَا يُبَدَّلُ الْقَوْلُ لَدَيَّ وَمَا أَنَا بِظَلَّامٍ لِلْعَبِيدِ
Менин Сөзүм өзгөрбөйт жана Мен пенделерге зулумдук кылуучу эмесмин!»
50:29 -
يَوْمَ نَقُولُ لِجَهَنَّمَ هَلِ امْتَلَأْتِ وَتَقُولُ هَلْ مِنْ مَزِيدٍ
Ошол күнү Биз тозокко: «(Каапырларга) толдуңбу?» - дейбиз. Ал: «Дагы барбы?» - дейт.
50:30 -
وَأُزْلِفَتِ الْجَنَّةُ لِلْمُتَّقِينَ غَيْرَ بَعِيدٍ
Жана бейиш такыба кишилерге алыс эмес (жерге) алып келинет (жана айтылат:)
50:31 -
هَٰذَا مَا تُوعَدُونَ لِكُلِّ أَوَّابٍ حَفِيظٍ
«Ушул силерге – ар бир (Аллахка) берилген жана (Анын өкүмдөрүн) сактап жүрүүчүлөргө,
50:32 -
مَنْ خَشِيَ الرَّحْمَٰنَ بِالْغَيْبِ وَجَاءَ بِقَلْبٍ مُنِيبٍ
(жана) кайыптагы Рахмандан корккон, (Раббисине) тообо кылуучу жүрөк менен келген адамдарга убада кылынган нерсе»
50:33 -
ادْخُلُوهَا بِسَلَامٍ ۖ ذَٰلِكَ يَوْمُ الْخُلُودِ
(Дагы аларга) «Бейишке сак-саламат киргиле! Бул түбөлүктүүлүктүн күнү» - деп айтылат.
50:34 -
لَهُمْ مَا يَشَاءُونَ فِيهَا وَلَدَيْنَا مَزِيدٌ
Аларга анда каалаган нерселери бар. Жана Биздин алдыбызда кошумча (сооп-сыйлыктар да) бар.
50:35
Котормо: Шамсуддин Хакимов