Сүрө 51 Зариат

  1. وَالذَّارِيَاتِ ذَرْوًا

    (Топуракты) тозгута желген шамалдарга ант!

    51:1
  2. فَالْحَامِلَاتِ وِقْرًا

    Көп сууга (жамгырга) кош бойлуу болгон булуттарга ант!

    51:2
  3. فَالْجَارِيَاتِ يُسْرًا

    Жеңил сызып жүрүүчүлөргө (кемелерге) ант!

    51:3
  4. فَالْمُقَسِّمَاتِ أَمْرًا

    (Аллахтын тапшырмасы менен ааламдык) иштерди бөлүштүрүүчү периштелерге ант!

    51:4
  5. إِنَّمَا تُوعَدُونَ لَصَادِقٌ

    (Оо, пенделер!) Силерге убада кылынган нерсе – бул чындык!

    51:5
  6. وَإِنَّ الدِّينَ لَوَاقِعٌ

    Жана Кыямат сөзсүз болуучу!

    51:6
  7. وَالسَّمَاءِ ذَاتِ الْحُبُكِ

    Кооз-көркөм асманга ант!

    51:7
  8. إِنَّكُمْ لَفِي قَوْلٍ مُخْتَلِفٍ

    (Эй, мушриктер) силердин айткан-дегениңер аныгында туруксуз (сөздөр).

    51:8
  9. يُؤْفَكُ عَنْهُ مَنْ أُفِكَ

    Андан (Курандан) бурулган адам(ды чындыктан) буруп коюлат.

    51:9
  10. قُتِلَ الْخَرَّاصُونَ

    Жалганчыларга өлүм!

    51:10
  11. الَّذِينَ هُمْ فِي غَمْرَةٍ سَاهُونَ

    Алар наадандык толкундарында адашкандар!

    51:11
  12. يَسْأَلُونَ أَيَّانَ يَوْمُ الدِّينِ

    (Сени сынап, жалганчыга чыгаруу үчүн): «Кыямат Күн качан?» - деп сурашат.

    51:12
  13. يَوْمَ هُمْ عَلَى النَّارِ يُفْتَنُونَ

    Ал Күнү тозокто азап тартышат!

    51:13
  14. ذُوقُوا فِتْنَتَكُمْ هَٰذَا الَّذِي كُنْتُمْ بِهِ تَسْتَعْجِلُونَ

    (Анан аларга) «Азабыңарды тарткыла! Силер («качан-качан» деп) шаштырган күнүңөр – ушул» (деп айтылат).

    51:14
  15. إِنَّ الْمُتَّقِينَ فِي جَنَّاتٍ وَعُيُونٍ

    (Ал эми) такыба кишилер бейиштерде, булактарда,

    51:15
  16. آخِذِينَ مَا آتَاهُمْ رَبُّهُمْ ۚ إِنَّهُمْ كَانُوا قَبْلَ ذَٰلِكَ مُحْسِنِينَ

    Раббиси берген сыйлыктарды алышып. (Себеби), алар буга чейин (дүйнө жашоосунда) жакшылык (сооп иш) кылуучу болушкан.

    51:16
  17. كَانُوا قَلِيلًا مِنَ اللَّيْلِ مَا يَهْجَعُونَ

    Алар түндөсү бир аз эле укташкан.

    51:17
  18. وَبِالْأَسْحَارِ هُمْ يَسْتَغْفِرُونَ

    Таң мезгилдеринде (намаз окушуп, Раббисинен) кечирим сурашкан.

    51:18
  19. وَفِي أَمْوَالِهِمْ حَقٌّ لِلسَّائِلِ وَالْمَحْرُومِ

    Алардын (адал эмгек менен тапкан) мал-дүйнөсүндө, тилемчилердин жана муктаждардын акысы болгон.

    51:19
  20. وَفِي الْأَرْضِ آيَاتٌ لِلْمُوقِنِينَ

    Жерде (андагы жандуу-жансыз макулуктарда) терең ишенген кишилерге (Аллахтын Кудуретине) белгилер бар.

    51:20

Котормо: Шамсуддин Хакимов