Катталуу, бет 448

  1. يَقُولُ أَإِنَّكَ لَمِنَ الْمُصَدِّقِينَ

    Ал (мага): «Сен (кайра тирилүүнү) тастыктоочулардансыңбы?

    37:52
  2. أَإِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًا وَعِظَامًا أَإِنَّا لَمَدِينُونَ

    Эмне, биз өлүп, топурак жана сөөк болуп калсак деле (кайрадан тирилтилип, бул дүйнөдө) жасаган ишибизге жооп беребизби?» – деген. (Бейиши Адам шериктерине:)

    37:53
  3. قَالَ هَلْ أَنْتُمْ مُطَّلِعُونَ

    «Силер да карап көрбөйсүңөрбү» деди.

    37:54
  4. فَاطَّلَعَ فَرَآهُ فِي سَوَاءِ الْجَحِيمِ

    Карады. Аны тозоктун чок ортосунда (азапта турганын) көрүп (мындай деди:)

    37:55
  5. قَالَ تَاللَّهِ إِنْ كِدْتَ لَتُرْدِينِ

    «Аллахка ант! Сен мени өлтүрө жаздаган экенсиң!

    37:56
  6. وَلَوْلَا نِعْمَةُ رَبِّي لَكُنْتُ مِنَ الْمُحْضَرِينَ

    Эгер мага Раббимдин (ыйман) нээматы болбогондо, мен дагы (тозок үчүн) даярдалган (бактысыз) кишилерден болуп калмакмын!

    37:57
  7. أَفَمَا نَحْنُ بِمَيِّتِينَ

    Биз өлбөптүрбүзбү?

    37:58
  8. إِلَّا مَوْتَتَنَا الْأُولَىٰ وَمَا نَحْنُ بِمُعَذَّبِينَ

    Биринчи өлүмүбүз менен гана өлдүк. (Анан кайра тирилгенде) азапка салынбадык?

    37:59
  9. إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ

    Албетте, бул чоң жеңиш.

    37:60
  10. لِمِثْلِ هَٰذَا فَلْيَعْمَلِ الْعَامِلُونَ

    Амал кылгандар ушундай жеңиш үчүн амал кылышсын!»

    37:61
  11. أَذَٰلِكَ خَيْرٌ نُزُلًا أَمْ شَجَرَةُ الزَّقُّومِ

    (Оо, адамдар!) ушул (бейиштеги жашоо) жакшыбы же Заккум дарагы жакшыбы?

    37:62
  12. إِنَّا جَعَلْنَاهَا فِتْنَةً لِلظَّالِمِينَ

    Биз аны залымдарга сыноо болушу үчүн жараттык.

    37:63
  13. إِنَّهَا شَجَرَةٌ تَخْرُجُ فِي أَصْلِ الْجَحِيمِ

    Ал–тозоктун тереңинен өсүп чыккан дарак.

    37:64
  14. طَلْعُهَا كَأَنَّهُ رُءُوسُ الشَّيَاطِينِ

    Анын бүчүрлөрү шайтандардын башына окшойт.

    37:65
  15. فَإِنَّهُمْ لَآكِلُونَ مِنْهَا فَمَالِئُونَ مِنْهَا الْبُطُونَ

    Алар (тозоктогулар) андан курсактарын толтура-толтура жешет.

    37:66
  16. ثُمَّ إِنَّ لَهُمْ عَلَيْهَا لَشَوْبًا مِنْ حَمِيمٍ

    Кийин анын үстүнөн аларга (ичкенде бетти, оозду күйдүрүп, ичегилерди үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу ичирилет!

    37:67
  17. ثُمَّ إِنَّ مَرْجِعَهُمْ لَإِلَى الْجَحِيمِ

    Кийин алар (дагы да терең) тозокко кайтарылышат!

    37:68
  18. إِنَّهُمْ أَلْفَوْا آبَاءَهُمْ ضَالِّينَ

    Чынында, алар ата-бабаларын адашкан (Аллахтан башка «кудайларга» сыйынган) абалда табышкан эле.

    37:69
  19. فَهُمْ عَلَىٰ آثَارِهِمْ يُهْرَعُونَ

    Ошолордун изинен чуркап кетишти.

    37:70
  20. وَلَقَدْ ضَلَّ قَبْلَهُمْ أَكْثَرُ الْأَوَّلِينَ

    Алардан мурун, абалкылардан көпчүлүгү дагы адашып кетишкен.

    37:71
  21. وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا فِيهِمْ مُنْذِرِينَ

    Биз алардын ичине эскертүүчү пайгамбарларды жиберген элек.

    37:72
  22. فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُنْذَرِينَ

    Эми карачы, эскертилген адамдардын акыбет-көргүлүктөрү эмне болгонун!

    37:73
  23. إِلَّا عِبَادَ اللَّهِ الْمُخْلَصِينَ

    Ал эми, Аллахка ыклас менен (жалгыз Өзүнө) ибадат кылган пенделер адашкан жок.

    37:74
  24. وَلَقَدْ نَادَانَا نُوحٌ فَلَنِعْمَ الْمُجِيبُونَ

    (Бир кезде) Бизге Нух бийик добуш менен(«Оо, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапырлардын үйүн калтырба!» деп) дуба кылды. Биз эң жакшы жооп берүүчүбүз.

    37:75
  25. وَنَجَّيْنَاهُ وَأَهْلَهُ مِنَ الْكَرْبِ الْعَظِيمِ

    Биз аны менен үй-бүлөсүн (каапыр уулунан башкасын) чоң балээден куткардык.

    37:76

Котормо: Шамсуддин Хакимов