Катталуу, бет 401

  1. وَقَارُونَ وَفِرْعَوْنَ وَهَامَانَ ۖ وَلَقَدْ جَاءَهُمْ مُوسَىٰ بِالْبَيِّنَاتِ فَاسْتَكْبَرُوا فِي الْأَرْضِ وَمَا كَانُوا سَابِقِينَ

    (Жана Биз) Карун, Фараон, Хамандарды да (кыйраттык). Аларга Муса анык аят-далилдер алып келген. Бирок, жер бетинде текеберленишти. Жана (баштарына Аллахтын азабы келгенде) качып кутулуучулардан болбоду.

    29:39
  2. فَكُلًّا أَخَذْنَا بِذَنْبِهِ ۖ فَمِنْهُمْ مَنْ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِ حَاصِبًا وَمِنْهُمْ مَنْ أَخَذَتْهُ الصَّيْحَةُ وَمِنْهُمْ مَنْ خَسَفْنَا بِهِ الْأَرْضَ وَمِنْهُمْ مَنْ أَغْرَقْنَا ۚ وَمَا كَانَ اللَّهُ لِيَظْلِمَهُمْ وَلَٰكِنْ كَانُوا أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ

    Бардыгын өз күнөөлөрү себептүү азапка дуушар кылдык: Кээ бирөөсүнө таш-жамгыр жаадырдык, кээ бирөөлөрүн ачуу айкырык кыйратты, кээ бирөөсүн жерге жуткурдук жана кээ бирин (сууга) чөктүрдүк. (Демек) Аларга Аллах зулум кылбады. Бирок, өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты.

    29:40
  3. مَثَلُ الَّذِينَ اتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ أَوْلِيَاءَ كَمَثَلِ الْعَنْكَبُوتِ اتَّخَذَتْ بَيْتًا ۖ وَإِنَّ أَوْهَنَ الْبُيُوتِ لَبَيْتُ الْعَنْكَبُوتِ ۖ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ

    Аллахтан башка («кудайларды») дос-башчы туткан адамдардын мисалы (өзүнө ичке желелерден) үй куруп алган жөргөмүшкө окшойт. Алар (мушриктер) эгер билсе, үйлөрдүн эң алсызы жөргөмүштүн үйү.

    29:41
  4. إِنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا يَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ مِنْ شَيْءٍ ۚ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ

    Албетте, Аллах алар дуба (ибадат) кылып жаткан башка «кудайларын(ын» алсыздыгын) билет. Ал – Кудуреттүү, Даанышман!

    29:42
  5. وَتِلْكَ الْأَمْثَالُ نَضْرِبُهَا لِلنَّاسِ ۖ وَمَا يَعْقِلُهَا إِلَّا الْعَالِمُونَ

    Биз адамдарга мына ушул мисалдарды келтирдик. Аларды илимдүүлөр гана акыл жүргүзүп түшүнөт.

    29:43
  6. خَلَقَ اللَّهُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِالْحَقِّ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِلْمُؤْمِنِينَ

    Аллах асмандарды жана Жерди акыйкат менен жаратты. Чынында, бул нерседе ыймандуу адамдар үчүн (Биздин кудуретибизге) белги бар.

    29:44
  7. اتْلُ مَا أُوحِيَ إِلَيْكَ مِنَ الْكِتَابِ وَأَقِمِ الصَّلَاةَ ۖ إِنَّ الصَّلَاةَ تَنْهَىٰ عَنِ الْفَحْشَاءِ وَالْمُنْكَرِ ۗ وَلَذِكْرُ اللَّهِ أَكْبَرُ ۗ وَاللَّهُ يَعْلَمُ مَا تَصْنَعُونَ

    (Оо, Мухаммад!) Өзүңө вахий кылынган Китепти (Куранды адамдарга) окуп бер жана намазды (толук түрдө) тургуз. Чынында, намаз бузук жана жамандык иштерден кайтарат. Аллахты зикир кылуу эң улук нерсе. Аллах силердин эмне жасаганыңарды билип турат.

    29:45

Котормо: Шамсуддин Хакимов