Катталуу, бет 400
-
وَلَمَّا جَاءَتْ رُسُلُنَا إِبْرَاهِيمَ بِالْبُشْرَىٰ قَالُوا إِنَّا مُهْلِكُو أَهْلِ هَٰذِهِ الْقَرْيَةِ ۖ إِنَّ أَهْلَهَا كَانُوا ظَالِمِينَ
Биздин (периште) элчилерибиз Ибрахимге (бала көрүшү жөнүндө) кушкабар алып келген учурда (ага): «Биз мына бул шаардын элин кыйратуучуларбыз. Чынында, анын элдери залим болушту» – дешти.
29:31 -
قَالَ إِنَّ فِيهَا لُوطًا ۚ قَالُوا نَحْنُ أَعْلَمُ بِمَنْ فِيهَا ۖ لَنُنَجِّيَنَّهُ وَأَهْلَهُ إِلَّا امْرَأَتَهُ كَانَتْ مِنَ الْغَابِرِينَ
«Ал шаардын ичинде Лут бар го!» - деди (Ибрахим). «Ал жерде ким бар экенин жакшы билебиз. Биз Лут менен үй-бүлөсүн куткарабыз. Бирок, анын аялын гана куткарбайбыз. Ал кыйроочулардан болду.
29:32 -
وَلَمَّا أَنْ جَاءَتْ رُسُلُنَا لُوطًا سِيءَ بِهِمْ وَضَاقَ بِهِمْ ذَرْعًا وَقَالُوا لَا تَخَفْ وَلَا تَحْزَنْ ۖ إِنَّا مُنَجُّوكَ وَأَهْلَكَ إِلَّا امْرَأَتَكَ كَانَتْ مِنَ الْغَابِرِينَ
Жана качан Биздин периште-элчилерибиз (сулуу жигиттердин түспөлүндө) Лутка келген учурда, ал алар үчүн кайгырып (коому билип калса, бузукулукка зордоосунан коркуп), көкүрөгү кысылды. Алар (Лутка өздөрүн таанытып): «Коркпогун жана капа болбогун. Биз сени жана үй-бүлөңдү – бир аялыңдан башкасын – куткарабыз. (Ал эми, аялың) кыйроого учурай тургандардан болду.
29:33 -
إِنَّا مُنْزِلُونَ عَلَىٰ أَهْلِ هَٰذِهِ الْقَرْيَةِ رِجْزًا مِنَ السَّمَاءِ بِمَا كَانُوا يَفْسُقُونَ
Албетте биз бул шаардын (бузулган) элине, бузукулуктарды кылып жаткандыктары үчүн асмандан катуу азап түшүрөбүз» – дешти.
29:34 -
وَلَقَدْ تَرَكْنَا مِنْهَا آيَةً بَيِّنَةً لِقَوْمٍ يَعْقِلُونَ
Биз ал шаардын (кээ бир жерлерин) акылдуу адамдарга (кудуретибизден) белги болсун деп жөн койдук.
29:35 -
وَإِلَىٰ مَدْيَنَ أَخَاهُمْ شُعَيْبًا فَقَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ وَارْجُوا الْيَوْمَ الْآخِرَ وَلَا تَعْثَوْا فِي الْأَرْضِ مُفْسِدِينَ
Мадянга алардын тектеш тууганы Шуайбды (пайгамбар кылып жибердик). Ал айтты: «Оо, коомум! Аллахка гана ибадат кылгыла! Акырет күндөн үмүт кылгыла! Жана жер бетинде бузукулук кылбагыла!»
29:36 -
فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَتْهُمُ الرَّجْفَةُ فَأَصْبَحُوا فِي دَارِهِمْ جَاثِمِينَ
Бирок, аны «жалганчы» дешти. Ошондон соң аларды (катуу айкырык аралашкан) жер титирөө кармап, чөгөлөгөн бойдон кыйрап калышты.
29:37 -
وَعَادًا وَثَمُودَ وَقَدْ تَبَيَّنَ لَكُمْ مِنْ مَسَاكِنِهِمْ ۖ وَزَيَّنَ لَهُمُ الشَّيْطَانُ أَعْمَالَهُمْ فَصَدَّهُمْ عَنِ السَّبِيلِ وَكَانُوا مُسْتَبْصِرِينَ
(Ошондой эле) Аад, Самуд элдерин да (кыйраттык). Силерге алардын жашаган орундары(нын ойрондолгон издери) анык билинип турат. (Кыйраган себептери) шайтан аларга (бузук) иштерин кооздоп көргөзгөн жана (ак) жолдон тоскон. Бирок алардын акыл-эси жайында эле.
29:38
Котормо: Шамсуддин Хакимов