Катталуу, бет 402
-
وَلَا تُجَادِلُوا أَهْلَ الْكِتَابِ إِلَّا بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ إِلَّا الَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْهُمْ ۖ وَقُولُوا آمَنَّا بِالَّذِي أُنْزِلَ إِلَيْنَا وَأُنْزِلَ إِلَيْكُمْ وَإِلَٰهُنَا وَإِلَٰهُكُمْ وَاحِدٌ وَنَحْنُ لَهُ مُسْلِمُونَ
Силер (оо, ыймандуулар) китеп элдери (жөөттөр, христиандар) менен талашып-тартышып калсаңар, эң жакшы (сөздөр) менен талашкыла. Ал эми, алардын арасынан (акыйкатка каршы чыгып) зулум кылгандар (менен катуу-бекем талашкыла) Жана айткыла: «Биз өзүбүзгө түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) жана силерге түшүрүлгөн нерсеге (Тооратка, Инжилге) ыйман келтиргенбиз. Биздин кудайыбыз жана силердин кудайыңар бир (- Аллах). Биз Ага моюн сунуучуларбыз».
29:46 -
وَكَذَٰلِكَ أَنْزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ ۚ فَالَّذِينَ آتَيْنَاهُمُ الْكِتَابَ يُؤْمِنُونَ بِهِ ۖ وَمِنْ هَٰؤُلَاءِ مَنْ يُؤْمِنُ بِهِ ۚ وَمَا يَجْحَدُ بِآيَاتِنَا إِلَّا الْكَافِرُونَ
Ошондой эле, (оо, Мухаммад!) сага Китеп түшүрдүк. Биз китеп түшүргөндөр (яхудилер менен христиандар) дагы ал китепке (Куранга) ыйман келтиришүүдө. Тигилердин (араб мушриктеринин) арасында деле Куранга ыйман келтиргендер бар. Биздин аяттарыбызды каапыр адамдар гана четке кагат.
29:47 -
وَمَا كُنْتَ تَتْلُو مِنْ قَبْلِهِ مِنْ كِتَابٍ وَلَا تَخُطُّهُ بِيَمِينِكَ ۖ إِذًا لَارْتَابَ الْمُبْطِلُونَ
Сен Курандан мурда эч бир китепти окуган эмессиң. Сен аны (китеп-катты) өзүңдүн оң колуң менен жазууну билген эмессиң. (Эгер сен окуу-жазууну билген болсоң) анда, кара ниеттер (Куранды өзү жазып алган деп) шектенип калышмак.
29:48 -
بَلْ هُوَ آيَاتٌ بَيِّنَاتٌ فِي صُدُورِ الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ ۚ وَمَا يَجْحَدُ بِآيَاتِنَا إِلَّا الظَّالِمُونَ
Жок! Ал (Куран) - илимдүү кишилердин көкүрөгүндөгү ачык-айкын аяттар! Биздин аяттарыбызды залым адамдар гана четке кагат.
29:49 -
وَقَالُوا لَوْلَا أُنْزِلَ عَلَيْهِ آيَاتٌ مِنْ رَبِّهِ ۖ قُلْ إِنَّمَا الْآيَاتُ عِنْدَ اللَّهِ وَإِنَّمَا أَنَا نَذِيرٌ مُبِينٌ
Жана алар (мушриктер): «Мухаммадга Раббиси тарабынан (көз көрүнөө бир) аят-белгилер келсе (гана ыйман келтирет элек)» дешет. Айткын: «Аят-белгилер Аллахтын ыктыярында. Мен болгону, анык эскертүүчүмүн.
29:50 -
أَوَلَمْ يَكْفِهِمْ أَنَّا أَنْزَلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ يُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَرَحْمَةً وَذِكْرَىٰ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ
(Оо, Мухаммад!) Биз сага түшүргөн (далил-баяндуу Куран) китеп аларга жетиштүү эмес бекен?! Аларга окуп берилүүдө го?! Чынында бул китепте ыйман келтирген элдер үчүн ырайым жана акыл-насааттар бар.
29:51 -
قُلْ كَفَىٰ بِاللَّهِ بَيْنِي وَبَيْنَكُمْ شَهِيدًا ۖ يَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۗ وَالَّذِينَ آمَنُوا بِالْبَاطِلِ وَكَفَرُوا بِاللَّهِ أُولَٰئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ
(Сен аларга): «Мени менен силердин араңарда күбө болуу үчүн Аллахтын Өзү жетиштүү! Ал асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди билет. Ал эми, жалганга ыйман келтирип, Аллахга каапыр болгондор дал ошолор гана зыян тартуучулар» дегин.
29:52
Котормо: Шамсуддин Хакимов