Сүрө 29 Анкабут

  1. يُعَذِّبُ مَنْ يَشَاءُ وَيَرْحَمُ مَنْ يَشَاءُ ۖ وَإِلَيْهِ تُقْلَبُونَ

    Ал (Аллах) каалаган пендесине азап берет. Каалаганына ырайым көргөзөт. Силер Анын Өзүнө гана кайтарыласыңар.

    29:21
  2. وَمَا أَنْتُمْ بِمُعْجِزِينَ فِي الْأَرْضِ وَلَا فِي السَّمَاءِ ۖ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ

    Силер жерде да, асманда да Аллахтан (качып) кутула албайсыңар! Силерге Аллахтан башка дос-жардамчы жок!

    29:22
  3. وَالَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِ اللَّهِ وَلِقَائِهِ أُولَٰئِكَ يَئِسُوا مِنْ رَحْمَتِي وَأُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

    Аллахтын аяттарына жана Ага жолугууга ишенбеген каапырлар Менин ырайымымдан үмүт үзгөндөр. Мына ошолорго жан ооруткан азап бар!

    29:23
  4. فَمَا كَانَ جَوَابَ قَوْمِهِ إِلَّا أَنْ قَالُوا اقْتُلُوهُ أَوْ حَرِّقُوهُ فَأَنْجَاهُ اللَّهُ مِنَ النَّارِ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ

    Ага (Ибрахимге) коомунун берген жообу: «Аны өлтүргүлө же болбосо, өрттөп салгыла» деп айтуудан башкача болбоду. (Ибрахимди улуу оттун ичине ыргытышты. Бирок) Кийин аны Аллах оттон (аман-эсен) куткарып алды. Албетте, бул окуяда ыймандуу коом үчүн (кудуретибизге) белгилер бар.

    29:24
  5. وَقَالَ إِنَّمَا اتَّخَذْتُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ أَوْثَانًا مَوَدَّةَ بَيْنِكُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ۖ ثُمَّ يَوْمَ الْقِيَامَةِ يَكْفُرُ بَعْضُكُمْ بِبَعْضٍ وَيَلْعَنُ بَعْضُكُمْ بَعْضًا وَمَأْوَاكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُمْ مِنْ نَاصِرِينَ

    (Ибрахим элине) айтты: «Силер дүйнө жашоосунда өз ара бири-бириңерди сүйүү үчүн, Аллахтан башка буттарды (кудай кылып) кармадыңар. Кийин кыямат күнү болсо, бири-бирине каапыр (каршы) болушуп, наалат айтышат. Силердин жайыңар тозок жана силерге эч бир жардамчы болбойт!

    29:25
  6. فَآمَنَ لَهُ لُوطٌ ۘ وَقَالَ إِنِّي مُهَاجِرٌ إِلَىٰ رَبِّي ۖ إِنَّهُ هُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ

    Ага (Ибрахимге) Лут ыйман келтирди. Жана (Ибрахим) айтты: «Мен Раббим (буюрган) тарапка кетемин. Чынында, Ал (Аллах) - Кудуреттүү, Даанышман!»

    29:26
  7. وَوَهَبْنَا لَهُ إِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ وَجَعَلْنَا فِي ذُرِّيَّتِهِ النُّبُوَّةَ وَالْكِتَابَ وَآتَيْنَاهُ أَجْرَهُ فِي الدُّنْيَا ۖ وَإِنَّهُ فِي الْآخِرَةِ لَمِنَ الصَّالِحِينَ

    Жана Биз ага Исхак менен Яькубду белек (бала жана небере) кылып бердик. Анын урпактарынын арасында пайгамбарлык жана Китеп (пайда) кылдык. Жана ага дүйнөдө өз сыйлыгын бердик. Ал акыретте да жакшы-такыбалуу кишилерден.

    29:27
  8. وَلُوطًا إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِ إِنَّكُمْ لَتَأْتُونَ الْفَاحِشَةَ مَا سَبَقَكُمْ بِهَا مِنْ أَحَدٍ مِنَ الْعَالَمِينَ

    Жана Лутту да (пайгамбар кылып жибердик). Бир кезде ал коомуна: «Силер өзүңөрдөн мурун өткөн ааламдардан эч ким жасабаган бузук ишти жасап жатасыңар.

    29:28
  9. أَئِنَّكُمْ لَتَأْتُونَ الرِّجَالَ وَتَقْطَعُونَ السَّبِيلَ وَتَأْتُونَ فِي نَادِيكُمُ الْمُنْكَرَ ۖ فَمَا كَانَ جَوَابَ قَوْمِهِ إِلَّا أَنْ قَالُوا ائْتِنَا بِعَذَابِ اللَّهِ إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ

    Чындыгында силер эркектерге (бачабаздык кылып) кошулуп, жол тосуучулук кылып жатасыңар жана чогулган жериңерде күнөө иштерди жасап жатасыңар! (Каапыр, бузук, бачабаз) коомунун жообу: «Эгер чынчылдардан (пайгамбарлардан) болсоң, бизге Аллахтын азабын алып келчи!» – деген сөздөр гана болду.

    29:29
  10. قَالَ رَبِّ انْصُرْنِي عَلَى الْقَوْمِ الْمُفْسِدِينَ

    (Анда Лут): «Оо, Раббим! Бузулган коомго каршы мага жардам бер!» - деди.

    29:30
  11. وَلَمَّا جَاءَتْ رُسُلُنَا إِبْرَاهِيمَ بِالْبُشْرَىٰ قَالُوا إِنَّا مُهْلِكُو أَهْلِ هَٰذِهِ الْقَرْيَةِ ۖ إِنَّ أَهْلَهَا كَانُوا ظَالِمِينَ

    Биздин (периште) элчилерибиз Ибрахимге (бала көрүшү жөнүндө) кушкабар алып келген учурда (ага): «Биз мына бул шаардын элин кыйратуучуларбыз. Чынында, анын элдери залим болушту» – дешти.

    29:31
  12. قَالَ إِنَّ فِيهَا لُوطًا ۚ قَالُوا نَحْنُ أَعْلَمُ بِمَنْ فِيهَا ۖ لَنُنَجِّيَنَّهُ وَأَهْلَهُ إِلَّا امْرَأَتَهُ كَانَتْ مِنَ الْغَابِرِينَ

    «Ал шаардын ичинде Лут бар го!» - деди (Ибрахим). «Ал жерде ким бар экенин жакшы билебиз. Биз Лут менен үй-бүлөсүн куткарабыз. Бирок, анын аялын гана куткарбайбыз. Ал кыйроочулардан болду.

    29:32
  13. وَلَمَّا أَنْ جَاءَتْ رُسُلُنَا لُوطًا سِيءَ بِهِمْ وَضَاقَ بِهِمْ ذَرْعًا وَقَالُوا لَا تَخَفْ وَلَا تَحْزَنْ ۖ إِنَّا مُنَجُّوكَ وَأَهْلَكَ إِلَّا امْرَأَتَكَ كَانَتْ مِنَ الْغَابِرِينَ

    Жана качан Биздин периште-элчилерибиз (сулуу жигиттердин түспөлүндө) Лутка келген учурда, ал алар үчүн кайгырып (коому билип калса, бузукулукка зордоосунан коркуп), көкүрөгү кысылды. Алар (Лутка өздөрүн таанытып): «Коркпогун жана капа болбогун. Биз сени жана үй-бүлөңдү – бир аялыңдан башкасын – куткарабыз. (Ал эми, аялың) кыйроого учурай тургандардан болду.

    29:33
  14. إِنَّا مُنْزِلُونَ عَلَىٰ أَهْلِ هَٰذِهِ الْقَرْيَةِ رِجْزًا مِنَ السَّمَاءِ بِمَا كَانُوا يَفْسُقُونَ

    Албетте биз бул шаардын (бузулган) элине, бузукулуктарды кылып жаткандыктары үчүн асмандан катуу азап түшүрөбүз» – дешти.

    29:34
  15. وَلَقَدْ تَرَكْنَا مِنْهَا آيَةً بَيِّنَةً لِقَوْمٍ يَعْقِلُونَ

    Биз ал шаардын (кээ бир жерлерин) акылдуу адамдарга (кудуретибизден) белги болсун деп жөн койдук.

    29:35
  16. وَإِلَىٰ مَدْيَنَ أَخَاهُمْ شُعَيْبًا فَقَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ وَارْجُوا الْيَوْمَ الْآخِرَ وَلَا تَعْثَوْا فِي الْأَرْضِ مُفْسِدِينَ

    Мадянга алардын тектеш тууганы Шуайбды (пайгамбар кылып жибердик). Ал айтты: «Оо, коомум! Аллахка гана ибадат кылгыла! Акырет күндөн үмүт кылгыла! Жана жер бетинде бузукулук кылбагыла!»

    29:36
  17. فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَتْهُمُ الرَّجْفَةُ فَأَصْبَحُوا فِي دَارِهِمْ جَاثِمِينَ

    Бирок, аны «жалганчы» дешти. Ошондон соң аларды (катуу айкырык аралашкан) жер титирөө кармап, чөгөлөгөн бойдон кыйрап калышты.

    29:37
  18. وَعَادًا وَثَمُودَ وَقَدْ تَبَيَّنَ لَكُمْ مِنْ مَسَاكِنِهِمْ ۖ وَزَيَّنَ لَهُمُ الشَّيْطَانُ أَعْمَالَهُمْ فَصَدَّهُمْ عَنِ السَّبِيلِ وَكَانُوا مُسْتَبْصِرِينَ

    (Ошондой эле) Аад, Самуд элдерин да (кыйраттык). Силерге алардын жашаган орундары(нын ойрондолгон издери) анык билинип турат. (Кыйраган себептери) шайтан аларга (бузук) иштерин кооздоп көргөзгөн жана (ак) жолдон тоскон. Бирок алардын акыл-эси жайында эле.

    29:38
  19. وَقَارُونَ وَفِرْعَوْنَ وَهَامَانَ ۖ وَلَقَدْ جَاءَهُمْ مُوسَىٰ بِالْبَيِّنَاتِ فَاسْتَكْبَرُوا فِي الْأَرْضِ وَمَا كَانُوا سَابِقِينَ

    (Жана Биз) Карун, Фараон, Хамандарды да (кыйраттык). Аларга Муса анык аят-далилдер алып келген. Бирок, жер бетинде текеберленишти. Жана (баштарына Аллахтын азабы келгенде) качып кутулуучулардан болбоду.

    29:39
  20. فَكُلًّا أَخَذْنَا بِذَنْبِهِ ۖ فَمِنْهُمْ مَنْ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِ حَاصِبًا وَمِنْهُمْ مَنْ أَخَذَتْهُ الصَّيْحَةُ وَمِنْهُمْ مَنْ خَسَفْنَا بِهِ الْأَرْضَ وَمِنْهُمْ مَنْ أَغْرَقْنَا ۚ وَمَا كَانَ اللَّهُ لِيَظْلِمَهُمْ وَلَٰكِنْ كَانُوا أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ

    Бардыгын өз күнөөлөрү себептүү азапка дуушар кылдык: Кээ бирөөсүнө таш-жамгыр жаадырдык, кээ бирөөлөрүн ачуу айкырык кыйратты, кээ бирөөсүн жерге жуткурдук жана кээ бирин (сууга) чөктүрдүк. (Демек) Аларга Аллах зулум кылбады. Бирок, өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты.

    29:40

Котормо: Шамсуддин Хакимов