Катталуу, бет 309

  1. وَنَادَيْنَاهُ مِنْ جَانِبِ الطُّورِ الْأَيْمَنِ وَقَرَّبْنَاهُ نَجِيًّا

    Биз ага Тур тоосунун жанында, оң тарабынан бийик добуш менен чакырып, Өзүбүзгө жакындаттык.

    19:52
  2. وَوَهَبْنَا لَهُ مِنْ رَحْمَتِنَا أَخَاهُ هَارُونَ نَبِيًّا

    Жана Өз ырайымыбыздан бир тууганы Харунду (жардамчы) пайгамбар кылып бердик.

    19:53
  3. وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ إِسْمَاعِيلَ ۚ إِنَّهُ كَانَ صَادِقَ الْوَعْدِ وَكَانَ رَسُولًا نَبِيًّا

    Китепте Ысмайылды да эсте. Ал убадасына бекем элчи-пайгамбар эле.

    19:54
  4. وَكَانَ يَأْمُرُ أَهْلَهُ بِالصَّلَاةِ وَالزَّكَاةِ وَكَانَ عِنْدَ رَبِّهِ مَرْضِيًّا

    Ал үй-бүлөсүн (жана элин) намазга, зекетке буюрган жана Раббисинин алдында Анын ыраазычылыгына ээ болгон адам.

    19:55
  5. وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ إِدْرِيسَ ۚ إِنَّهُ كَانَ صِدِّيقًا نَبِيًّا

    Китепте Идристи да эсиңе ал. Ал чынчыл пайгамбар болгон.

    19:56
  6. وَرَفَعْنَاهُ مَكَانًا عَلِيًّا

    Биз аны жогорку мартабага көтөрдүк.

    19:57
  7. أُولَٰئِكَ الَّذِينَ أَنْعَمَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ مِنَ النَّبِيِّينَ مِنْ ذُرِّيَّةِ آدَمَ وَمِمَّنْ حَمَلْنَا مَعَ نُوحٍ وَمِنْ ذُرِّيَّةِ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْرَائِيلَ وَمِمَّنْ هَدَيْنَا وَاجْتَبَيْنَا ۚ إِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ آيَاتُ الرَّحْمَٰنِ خَرُّوا سُجَّدًا وَبُكِيًّا ۩

    Ушулар Аллах көп жакшылыктарды берген пайгамбарлар. Алар(дан кээ бирөөлөрү) Адам (алейхис-саламдын) балдарынан. (Башкалары) Нух менен бирге деңизге көтөргөн адамдардан, (дагы бирөөлөрү) Ибрахим менен Исраилдин (Якубдун) урпактарынан жана Биз тандап алып,туура жолго баштаган (башка) кишилерден тарагандар. Эгер аларга Рахмандын аяттары окулса, ыйлап, сажда кылып жерге жыгылышат!

    19:58
  8. فَخَلَفَ مِنْ بَعْدِهِمْ خَلْفٌ أَضَاعُوا الصَّلَاةَ وَاتَّبَعُوا الشَّهَوَاتِ ۖ فَسَوْفَ يَلْقَوْنَ غَيًّا

    Андан соң алардын артынан (ушундай жаман) урпактар калды: Намаз окушпайт, дене кумарын ээрчип калышкан. Алар жакында катуу азапка кабылышат.

    19:59
  9. إِلَّا مَنْ تَابَ وَآمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا فَأُولَٰئِكَ يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ وَلَا يُظْلَمُونَ شَيْئًا

    Ал эми, тообо кылып, ыйман келтирген жана салих (жакшы) амал жасаган адамдар бейишке кирет жана аларга эч зулумдук (адилетсиздик) кылынбайт.

    19:60
  10. جَنَّاتِ عَدْنٍ الَّتِي وَعَدَ الرَّحْمَٰنُ عِبَادَهُ بِالْغَيْبِ ۚ إِنَّهُ كَانَ وَعْدُهُ مَأْتِيًّا

    Түбөлүк (түгөнгүс) бейиштерди пенделерине Чексиз Ырайымдуу (Аллах) кайыптан убада берген. Чындыгында, Анын убадасы сөзсүз болуучу!

    19:61
  11. لَا يَسْمَعُونَ فِيهَا لَغْوًا إِلَّا سَلَامًا ۖ وَلَهُمْ رِزْقُهُمْ فِيهَا بُكْرَةً وَعَشِيًّا

    Анда (бейиште) алар маанисиз сөздөрдү угушпайт. «Салам» деген сөздөрдү гана угушат. Ал жерде алардын (көз көрүп, кулак укпаган) ырыскылары эртели-кеч даяр турат.

    19:62
  12. تِلْكَ الْجَنَّةُ الَّتِي نُورِثُ مِنْ عِبَادِنَا مَنْ كَانَ تَقِيًّا

    Биз пенделерибиздин арасынан такыба болгондоруна мурас кылып берчү бейиш(тин баяны) ушул.

    19:63
  13. وَمَا نَتَنَزَّلُ إِلَّا بِأَمْرِ رَبِّكَ ۖ لَهُ مَا بَيْنَ أَيْدِينَا وَمَا خَلْفَنَا وَمَا بَيْنَ ذَٰلِكَ ۚ وَمَا كَانَ رَبُّكَ نَسِيًّا

    «Биз Раббиңдин буйругу менен гана түшөбүз. Биздин келечегибиздеги, бизге чейинки жана ал экөөсүнүн ортосундагы (учурдагы) иштердин баары Аллахтын колунда. Раббиң унутчаак эмес.

    19:64

Котормо: Шамсуддин Хакимов