Сүрө 19 Мариям

  1. وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ إِبْرَاهِيمَ ۚ إِنَّهُ كَانَ صِدِّيقًا نَبِيًّا

    Жана сен (оо, Мухаммад), Китепте Ибрахимди эстегин. Ал чынчыл пайгамбар эле.

    19:41
  2. إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ يَا أَبَتِ لِمَ تَعْبُدُ مَا لَا يَسْمَعُ وَلَا يُبْصِرُ وَلَا يُغْنِي عَنْكَ شَيْئًا

    Бир кезде ал атасына: «Оо, атаке, эмне үчүн укпай турган, көрбөй турган жана өзүңүзгө эч пайдасы тийбей турган «кудайларга» ибадат кылуудасыз?

    19:42
  3. يَا أَبَتِ إِنِّي قَدْ جَاءَنِي مِنَ الْعِلْمِ مَا لَمْ يَأْتِكَ فَاتَّبِعْنِي أَهْدِكَ صِرَاطًا سَوِيًّا

    Оо, ата! Мага сизге келбеген илим (пайгамбарлык) келген. Эми, (таш кудайлардан кол үзүп) мени ээрчиңиз, сизди туура жолго (Жалгыз Аллахка сыйынууга) баштаймын.

    19:43
  4. يَا أَبَتِ لَا تَعْبُدِ الشَّيْطَانَ ۖ إِنَّ الشَّيْطَانَ كَانَ لِلرَّحْمَٰنِ عَصِيًّا

    Атакебай, шайтанга сыйынбаңыз! Чынында, шайтан Ыраймдууга (Аллах таалага) каршы чыгуучу!

    19:44
  5. يَا أَبَتِ إِنِّي أَخَافُ أَنْ يَمَسَّكَ عَذَابٌ مِنَ الرَّحْمَٰنِ فَتَكُونَ لِلشَّيْطَانِ وَلِيًّا

    Атаке, мен сизди Чексиз Ырайымдуунун азабы кармабаса экен деп корком. Анда сиз шайтанга дос болуп каласыз!»

    19:45
  6. قَالَ أَرَاغِبٌ أَنْتَ عَنْ آلِهَتِي يَا إِبْرَاهِيمُ ۖ لَئِنْ لَمْ تَنْتَهِ لَأَرْجُمَنَّكَ ۖ وَاهْجُرْنِي مَلِيًّا

    (Атасы) айтты: «Оо, Ибрахим, эмне, сен менин кудайларымдан түңүлдүңбү?! Эгер (мунуңду) токтотпосоң таш менен уруп (өлтүрүп) койомун! Жогол! Көпкө чейин мага сүйлөбө!»

    19:46
  7. قَالَ سَلَامٌ عَلَيْكَ ۖ سَأَسْتَغْفِرُ لَكَ رَبِّي ۖ إِنَّهُ كَانَ بِي حَفِيًّا

    (Ибрахим) айтты: «Саламат болуңуз! Бирок, мен Раббиме дуба кылып, сиздин күнөөңүздү кечиришин сураймын. Ал мага Ырайымдуу.

    19:47
  8. وَأَعْتَزِلُكُمْ وَمَا تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَأَدْعُو رَبِّي عَسَىٰ أَلَّا أَكُونَ بِدُعَاءِ رَبِّي شَقِيًّا

    «Мен силерди жана силер дуба кылып (сыйынып) жаткан, Аллахтан башка «кудайыңарды» таштап кетемин жана (жалгыз) Раббиме гана дуба кыламын! Жалгыз Раббиме дуба кылганым себептүү (силерге окшоп) таалайсыз болуп калбаймын деген үмүтүм бар».

    19:48
  9. فَلَمَّا اعْتَزَلَهُمْ وَمَا يَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَهَبْنَا لَهُ إِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ ۖ وَكُلًّا جَعَلْنَا نَبِيًّا

    Аларды жана Аллахтан башка алар сыйынган (жалган) кудайларды таштап кеткен соң, Биз ага Исхак менен Якубду бердик жана экөөсүн тең пайгамбар кылдык.

    19:49
  10. وَوَهَبْنَا لَهُمْ مِنْ رَحْمَتِنَا وَجَعَلْنَا لَهُمْ لِسَانَ صِدْقٍ عَلِيًّا

    Жана аларга (Ибрахим, Исхак, Якубдарга) Өз ырайымыбызды төгүп, аларга жогорку даражалуу мактоо сөздөрүн арнадык.

    19:50
  11. وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ مُوسَىٰ ۚ إِنَّهُ كَانَ مُخْلَصًا وَكَانَ رَسُولًا نَبِيًّا

    Сен (оо, Мухаммад), Китепте Мусаны да эстегин: Ал тандалган пенде жана элчи-пайгамбар болгон.

    19:51
  12. وَنَادَيْنَاهُ مِنْ جَانِبِ الطُّورِ الْأَيْمَنِ وَقَرَّبْنَاهُ نَجِيًّا

    Биз ага Тур тоосунун жанында, оң тарабынан бийик добуш менен чакырып, Өзүбүзгө жакындаттык.

    19:52
  13. وَوَهَبْنَا لَهُ مِنْ رَحْمَتِنَا أَخَاهُ هَارُونَ نَبِيًّا

    Жана Өз ырайымыбыздан бир тууганы Харунду (жардамчы) пайгамбар кылып бердик.

    19:53
  14. وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ إِسْمَاعِيلَ ۚ إِنَّهُ كَانَ صَادِقَ الْوَعْدِ وَكَانَ رَسُولًا نَبِيًّا

    Китепте Ысмайылды да эсте. Ал убадасына бекем элчи-пайгамбар эле.

    19:54
  15. وَكَانَ يَأْمُرُ أَهْلَهُ بِالصَّلَاةِ وَالزَّكَاةِ وَكَانَ عِنْدَ رَبِّهِ مَرْضِيًّا

    Ал үй-бүлөсүн (жана элин) намазга, зекетке буюрган жана Раббисинин алдында Анын ыраазычылыгына ээ болгон адам.

    19:55
  16. وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ إِدْرِيسَ ۚ إِنَّهُ كَانَ صِدِّيقًا نَبِيًّا

    Китепте Идристи да эсиңе ал. Ал чынчыл пайгамбар болгон.

    19:56
  17. وَرَفَعْنَاهُ مَكَانًا عَلِيًّا

    Биз аны жогорку мартабага көтөрдүк.

    19:57
  18. أُولَٰئِكَ الَّذِينَ أَنْعَمَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ مِنَ النَّبِيِّينَ مِنْ ذُرِّيَّةِ آدَمَ وَمِمَّنْ حَمَلْنَا مَعَ نُوحٍ وَمِنْ ذُرِّيَّةِ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْرَائِيلَ وَمِمَّنْ هَدَيْنَا وَاجْتَبَيْنَا ۚ إِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ آيَاتُ الرَّحْمَٰنِ خَرُّوا سُجَّدًا وَبُكِيًّا ۩

    Ушулар Аллах көп жакшылыктарды берген пайгамбарлар. Алар(дан кээ бирөөлөрү) Адам (алейхис-саламдын) балдарынан. (Башкалары) Нух менен бирге деңизге көтөргөн адамдардан, (дагы бирөөлөрү) Ибрахим менен Исраилдин (Якубдун) урпактарынан жана Биз тандап алып,туура жолго баштаган (башка) кишилерден тарагандар. Эгер аларга Рахмандын аяттары окулса, ыйлап, сажда кылып жерге жыгылышат!

    19:58
  19. فَخَلَفَ مِنْ بَعْدِهِمْ خَلْفٌ أَضَاعُوا الصَّلَاةَ وَاتَّبَعُوا الشَّهَوَاتِ ۖ فَسَوْفَ يَلْقَوْنَ غَيًّا

    Андан соң алардын артынан (ушундай жаман) урпактар калды: Намаз окушпайт, дене кумарын ээрчип калышкан. Алар жакында катуу азапка кабылышат.

    19:59
  20. إِلَّا مَنْ تَابَ وَآمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا فَأُولَٰئِكَ يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ وَلَا يُظْلَمُونَ شَيْئًا

    Ал эми, тообо кылып, ыйман келтирген жана салих (жакшы) амал жасаган адамдар бейишке кирет жана аларга эч зулумдук (адилетсиздик) кылынбайт.

    19:60

Котормо: Шамсуддин Хакимов