Катталуу, бет 308
-
وَأَنْذِرْهُمْ يَوْمَ الْحَسْرَةِ إِذْ قُضِيَ الْأَمْرُ وَهُمْ فِي غَفْلَةٍ وَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ
(Оо, Мухаммад!) Сен аларды бушаймандык күнүнөн эскерт! Ал Күнү иш чечилип (тозокко түшүшү анык болуп) калат. Алар болсо, ыйман келтирбей (дүйнө жыргалдарына) мас болуп жүрүшөт.
19:39 -
إِنَّا نَحْنُ نَرِثُ الْأَرْضَ وَمَنْ عَلَيْهَا وَإِلَيْنَا يُرْجَعُونَ
Жерди жана анда болгондун баарын Өзүбүз мураска алабыз жана бардыгы Бизге кайтышат.
19:40 -
وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ إِبْرَاهِيمَ ۚ إِنَّهُ كَانَ صِدِّيقًا نَبِيًّا
Жана сен (оо, Мухаммад), Китепте Ибрахимди эстегин. Ал чынчыл пайгамбар эле.
19:41 -
إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ يَا أَبَتِ لِمَ تَعْبُدُ مَا لَا يَسْمَعُ وَلَا يُبْصِرُ وَلَا يُغْنِي عَنْكَ شَيْئًا
Бир кезде ал атасына: «Оо, атаке, эмне үчүн укпай турган, көрбөй турган жана өзүңүзгө эч пайдасы тийбей турган «кудайларга» ибадат кылуудасыз?
19:42 -
يَا أَبَتِ إِنِّي قَدْ جَاءَنِي مِنَ الْعِلْمِ مَا لَمْ يَأْتِكَ فَاتَّبِعْنِي أَهْدِكَ صِرَاطًا سَوِيًّا
Оо, ата! Мага сизге келбеген илим (пайгамбарлык) келген. Эми, (таш кудайлардан кол үзүп) мени ээрчиңиз, сизди туура жолго (Жалгыз Аллахка сыйынууга) баштаймын.
19:43 -
يَا أَبَتِ لَا تَعْبُدِ الشَّيْطَانَ ۖ إِنَّ الشَّيْطَانَ كَانَ لِلرَّحْمَٰنِ عَصِيًّا
Атакебай, шайтанга сыйынбаңыз! Чынында, шайтан Ыраймдууга (Аллах таалага) каршы чыгуучу!
19:44 -
يَا أَبَتِ إِنِّي أَخَافُ أَنْ يَمَسَّكَ عَذَابٌ مِنَ الرَّحْمَٰنِ فَتَكُونَ لِلشَّيْطَانِ وَلِيًّا
Атаке, мен сизди Чексиз Ырайымдуунун азабы кармабаса экен деп корком. Анда сиз шайтанга дос болуп каласыз!»
19:45 -
قَالَ أَرَاغِبٌ أَنْتَ عَنْ آلِهَتِي يَا إِبْرَاهِيمُ ۖ لَئِنْ لَمْ تَنْتَهِ لَأَرْجُمَنَّكَ ۖ وَاهْجُرْنِي مَلِيًّا
(Атасы) айтты: «Оо, Ибрахим, эмне, сен менин кудайларымдан түңүлдүңбү?! Эгер (мунуңду) токтотпосоң таш менен уруп (өлтүрүп) койомун! Жогол! Көпкө чейин мага сүйлөбө!»
19:46 -
قَالَ سَلَامٌ عَلَيْكَ ۖ سَأَسْتَغْفِرُ لَكَ رَبِّي ۖ إِنَّهُ كَانَ بِي حَفِيًّا
(Ибрахим) айтты: «Саламат болуңуз! Бирок, мен Раббиме дуба кылып, сиздин күнөөңүздү кечиришин сураймын. Ал мага Ырайымдуу.
19:47 -
وَأَعْتَزِلُكُمْ وَمَا تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَأَدْعُو رَبِّي عَسَىٰ أَلَّا أَكُونَ بِدُعَاءِ رَبِّي شَقِيًّا
«Мен силерди жана силер дуба кылып (сыйынып) жаткан, Аллахтан башка «кудайыңарды» таштап кетемин жана (жалгыз) Раббиме гана дуба кыламын! Жалгыз Раббиме дуба кылганым себептүү (силерге окшоп) таалайсыз болуп калбаймын деген үмүтүм бар».
19:48 -
فَلَمَّا اعْتَزَلَهُمْ وَمَا يَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَهَبْنَا لَهُ إِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ ۖ وَكُلًّا جَعَلْنَا نَبِيًّا
Аларды жана Аллахтан башка алар сыйынган (жалган) кудайларды таштап кеткен соң, Биз ага Исхак менен Якубду бердик жана экөөсүн тең пайгамбар кылдык.
19:49 -
وَوَهَبْنَا لَهُمْ مِنْ رَحْمَتِنَا وَجَعَلْنَا لَهُمْ لِسَانَ صِدْقٍ عَلِيًّا
Жана аларга (Ибрахим, Исхак, Якубдарга) Өз ырайымыбызды төгүп, аларга жогорку даражалуу мактоо сөздөрүн арнадык.
19:50 -
وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ مُوسَىٰ ۚ إِنَّهُ كَانَ مُخْلَصًا وَكَانَ رَسُولًا نَبِيًّا
Сен (оо, Мухаммад), Китепте Мусаны да эстегин: Ал тандалган пенде жана элчи-пайгамбар болгон.
19:51
Котормо: Шамсуддин Хакимов