Катталуу, бет 310
-
رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا فَاعْبُدْهُ وَاصْطَبِرْ لِعِبَادَتِهِ ۚ هَلْ تَعْلَمُ لَهُ سَمِيًّا
«(Сенин Раббиң) асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн ортосундагылардын Раббиси! Демек, Анын Өзүнө гана ибадат кыл жана Анын ибадатына өзүңдү сабырдуулук менен көндүр! (Же) сен ага ысымында бир теңдеш бар экенин билесиңби?!»
19:65 -
وَيَقُولُ الْإِنْسَانُ أَإِذَا مَا مِتُّ لَسَوْفَ أُخْرَجُ حَيًّا
(Каапыр) инсан: «Эгер, мен өлсөм, жакында (кайрадан) тирүү бойдон (мүрзөмдөн) чыгарылат бекенмин?!» – дейт.
19:66 -
أَوَلَا يَذْكُرُ الْإِنْسَانُ أَنَّا خَلَقْنَاهُ مِنْ قَبْلُ وَلَمْ يَكُ شَيْئًا
(Ошол) инсан ойлобойбу, Биз аны мындан мурун эч нерсе эмес (жок) болгон кезде жараткан элек!
19:67 -
فَوَرَبِّكَ لَنَحْشُرَنَّهُمْ وَالشَّيَاطِينَ ثُمَّ لَنُحْضِرَنَّهُمْ حَوْلَ جَهَنَّمَ جِثِيًّا
(Оо, Мухаммад) Раббиңе ант, Биз албетте, аларды жана шайтандарды (Кыяматтагы майданга) чогултуп, тозоктун тегерегине чөгөлөтүп койобуз!
19:68 -
ثُمَّ لَنَنْزِعَنَّ مِنْ كُلِّ شِيعَةٍ أَيُّهُمْ أَشَدُّ عَلَى الرَّحْمَٰنِ عِتِيًّا
Кийин (каапырлардын) ар бир жамаатынын арасынан Чексиз Ырайымдууга аша чапкан күнөөлүүлөрдү сууруп чыгабыз (жана тозокко биринчи ошолорду таштайбыз).
19:69 -
ثُمَّ لَنَحْنُ أَعْلَمُ بِالَّذِينَ هُمْ أَوْلَىٰ بِهَا صِلِيًّا
Анан тозокко ким (биринчи) ылайыгыраак экенин Өзүбүз жакшы билебиз.
19:70 -
وَإِنْ مِنْكُمْ إِلَّا وَارِدُهَا ۚ كَانَ عَلَىٰ رَبِّكَ حَتْمًا مَقْضِيًّا
Силердин (Акыретке чогулган адамдардын) бардыгыңар тозокко келүүчүсүңөр.(Бул) Раббиңдин каалоосу боюнча анык өкүм кылынган иш.
19:71 -
ثُمَّ نُنَجِّي الَّذِينَ اتَّقَوْا وَنَذَرُ الظَّالِمِينَ فِيهَا جِثِيًّا
Андан соң Аллахтан корккон (такыба) кишилерди куткарып, залимдерди чөгөлөгөн абалда тозокто калтырабыз.
19:72 -
وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا بَيِّنَاتٍ قَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِلَّذِينَ آمَنُوا أَيُّ الْفَرِيقَيْنِ خَيْرٌ مَقَامًا وَأَحْسَنُ نَدِيًّا
Жана качан аларга Биздин анык аяттарыбыз окулган кезде, каапыр адамдар ыймандууларга: «Кайсы жамааттын даражасы жана чогулушу жакшыраак? (силердикиби же биздикиби?)» – деп айтышат.
19:73 -
وَكَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُمْ مِنْ قَرْنٍ هُمْ أَحْسَنُ أَثَاثًا وَرِئْيًا
Биз аларга чейин дүйнө-мүлкү жана келбет-сөөлөтү булардыкынан жакшыраак болгон нечендеген муундарды кыйратып таштаганбыз!
19:74 -
قُلْ مَنْ كَانَ فِي الضَّلَالَةِ فَلْيَمْدُدْ لَهُ الرَّحْمَٰنُ مَدًّا ۚ حَتَّىٰ إِذَا رَأَوْا مَا يُوعَدُونَ إِمَّا الْعَذَابَ وَإِمَّا السَّاعَةَ فَسَيَعْلَمُونَ مَنْ هُوَ شَرٌّ مَكَانًا وَأَضْعَفُ جُنْدًا
Айт (оо, Мухаммад): «Ким адашуучулукта болсо, (жана эскертилгенине карабай жолунан кайтпаса) Чексиз Ырайымдуу аларга (жашоо) мөөнөтүн узартсын!» Качан алар өздөрүнө убада кылынган азапты же кыяматты көрүшкөндө, кимдин даражысы жаманыраак жана аскери алсызыраак экенин билип алышат.
19:75 -
وَيَزِيدُ اللَّهُ الَّذِينَ اهْتَدَوْا هُدًى ۗ وَالْبَاقِيَاتُ الصَّالِحَاتُ خَيْرٌ عِنْدَ رَبِّكَ ثَوَابًا وَخَيْرٌ مَرَدًّا
Аллах хидаят (туура жол) тапкан адамдардын хидаятын көбөйтөт. Раббиңдин назарында сооп-сыйлык жаатынан да, акыбет-натыйжа жаатынан да түбөлүк-түгөнгүс жакшы амалдар пайдалуураак.
19:76
Котормо: Шамсуддин Хакимов