Катталуу, бет 121
-
قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لَا تَغْلُوا فِي دِينِكُمْ غَيْرَ الْحَقِّ وَلَا تَتَّبِعُوا أَهْوَاءَ قَوْمٍ قَدْ ضَلُّوا مِنْ قَبْلُ وَأَضَلُّوا كَثِيرًا وَضَلُّوا عَنْ سَوَاءِ السَّبِيلِ
Айткын: “О, китеп берилгендер! Диниңерде кыянаттык менен чектен чыкпагыла! Мындан мурун адашкан, көп адамдарды адаштырган жана түз жолдон тап-такыр адашып кеткен элдин каалоолоруна ээрчип кетпегиле.
5:77 -
لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَىٰ لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ۚ ذَٰلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ
Исраил урпактарынан каапыр болгондору Дауд жана Марямдын уулу Исанын тили менен каргышка калышкан! Бул (каргыш) күнөө кылгандары жана чектен чыккандары себептүү болду.
5:78 -
كَانُوا لَا يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنْكَرٍ فَعَلُوهُ ۚ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ
(Дагы) алар жасап жаткан күнөө иштерден бири-бирин кайтарышкан эмес. Бул иштери кандай жаман!
5:79 -
تَرَىٰ كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا ۚ لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنْفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ
Алардын көпчүлүгү каапырларды дос кылып алганын көрөсүң. Өз баштарына өздөрү келтирип алган - Аллахтын аларга болгон жек көрүүсү кандай жаман! Алар азапта түбөлүк калышат!
5:80 -
وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَٰكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ
Эгер алар Аллахка, пайгамбарга жана пайгамбарга (Аллахтан) түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтиришкенде, каапырларды дос кылып алмак эмес. Бирок, алардын көпчүлүгү (каапырды дос туткан) бузукулар.
5:81 -
لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ النَّاسِ عَدَاوَةً لِلَّذِينَ آمَنُوا الْيَهُودَ وَالَّذِينَ أَشْرَكُوا ۖ وَلَتَجِدَنَّ أَقْرَبَهُمْ مَوَدَّةً لِلَّذِينَ آمَنُوا الَّذِينَ قَالُوا إِنَّا نَصَارَىٰ ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّ مِنْهُمْ قِسِّيسِينَ وَرُهْبَانًا وَأَنَّهُمْ لَا يَسْتَكْبِرُونَ
(О, Мухаммад!) Сен, момундарга адамдардан эң катуу душман болгону - яхудилер жана мушриктер экенин көрөсүң. Ал эми, “Биз - христиандарбыз” дегендери, момундарга жакыныраак дос экенин көрөсүң. Мунун себеби алардын арасында (яхудилер сыяктуу орой эмес) дин аалымдары жана кечилдери бар, Алар текеберленишпейт.
5:82
Котормо: Шамсуддин Хакимов