Сүрө 5 Маида

  1. وَإِذَا جَاءُوكُمْ قَالُوا آمَنَّا وَقَدْ دَخَلُوا بِالْكُفْرِ وَهُمْ قَدْ خَرَجُوا بِهِ ۚ وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا كَانُوا يَكْتُمُونَ

    Алар эгер силерге келишсе: “Ыйман келтирдик” - дешет. Бирок, чынында, алар (силерге) каапырлык менен кирип, каапырлык менен чыгышат. Аллах алардын жашырган нерселерин көбүрөөк Билүүчү.

    5:61
  2. وَتَرَىٰ كَثِيرًا مِنْهُمْ يُسَارِعُونَ فِي الْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ وَأَكْلِهِمُ السُّحْتَ ۚ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

    Сен алардан (яхудилерден) көпчүлүгүн күнөөгө, залымдыкка жана арамды жегенге биринен бири өтүп чуркаганын көрөсүң. Алардын жасаган иштери кандай жаман!

    5:62
  3. لَوْلَا يَنْهَاهُمُ الرَّبَّانِيُّونَ وَالْأَحْبَارُ عَنْ قَوْلِهِمُ الْإِثْمَ وَأَكْلِهِمُ السُّحْتَ ۚ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَصْنَعُونَ

    Алардын раббанийлери, (диний таалим берүүчүлөрү) жана (чоң) аалымдары аларды күнөө сөздөрдөн, арамды жегенден кайтарышпайбы?! Алардын иштери кандай жаман!

    5:63
  4. وَقَالَتِ الْيَهُودُ يَدُ اللَّهِ مَغْلُولَةٌ ۚ غُلَّتْ أَيْدِيهِمْ وَلُعِنُوا بِمَا قَالُوا ۘ بَلْ يَدَاهُ مَبْسُوطَتَانِ يُنْفِقُ كَيْفَ يَشَاءُ ۚ وَلَيَزِيدَنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ مَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ طُغْيَانًا وَكُفْرًا ۚ وَأَلْقَيْنَا بَيْنَهُمُ الْعَدَاوَةَ وَالْبَغْضَاءَ إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ ۚ كُلَّمَا أَوْقَدُوا نَارًا لِلْحَرْبِ أَطْفَأَهَا اللَّهُ ۚ وَيَسْعَوْنَ فِي الْأَرْضِ فَسَادًا ۚ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُفْسِدِينَ

    Яхудилер “Аллахтын колу байлануу” (бакыл, сараң) дешти. Өздөрүнүн колдору байланып калсын! Алар сүйлөгөн сөздөрү себептүү каргышка калышты. Андай эмес, Анын эки колу тең ачык жана Өзү каалагандай жакшылык кылат. (О, Мухаммад!) Сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсе (Куран, ага ишенбегени үчүн) алардын көбүнүн күнөөлөрүн жана каапырлыгын көбөйтөт. Биз алардын арасына тээ Кыямат күнүнө чейин душмандык жана жек көрүүнү салып койдук. Качан (мусулмандарга каршы) согуш отун тутандырышса, аны Аллах өчүрүп турат. Алар жер бетинде бузукулук таратып (кезип) жүрүшөт. Аллах бузукуларды сүйбөйт.

    5:64
  5. وَلَوْ أَنَّ أَهْلَ الْكِتَابِ آمَنُوا وَاتَّقَوْا لَكَفَّرْنَا عَنْهُمْ سَيِّئَاتِهِمْ وَلَأَدْخَلْنَاهُمْ جَنَّاتِ النَّعِيمِ

    Эгер китеп берилгендер (Аллахка, периштелерине, бардык китептерине, бардык пайгамбарларына, акыретке жана тагдырга) ыйман келтирип, такыба болушса, Биз алардын (өткөндөгү) күнөөлөрүн кечирип, сөзсүз “Наим” (деп аталган) бейиштерге киргизебиз.

    5:65
  6. وَلَوْ أَنَّهُمْ أَقَامُوا التَّوْرَاةَ وَالْإِنْجِيلَ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْهِمْ مِنْ رَبِّهِمْ لَأَكَلُوا مِنْ فَوْقِهِمْ وَمِنْ تَحْتِ أَرْجُلِهِمْ ۚ مِنْهُمْ أُمَّةٌ مُقْتَصِدَةٌ ۖ وَكَثِيرٌ مِنْهُمْ سَاءَ مَا يَعْمَلُونَ

    Эгер алар Тоораттын, Инжилдин жана Раббиси тарабынан түшүрүлгөн нерселердин өкүмдөрүн толук аткарганда, үстүлөрүнөн (асмандан) жана астыларынан (жерден) ырыскыларды (мол) жешет болчу. Алардын арасында (Тоорат, Инжил өкүмдөрүнө) ылайык жашагандары да бар. Бирок, көпчүлүгү өтө жаман иштерди жасашат!

    5:66
  7. يَا أَيُّهَا الرَّسُولُ بَلِّغْ مَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ ۖ وَإِنْ لَمْ تَفْعَلْ فَمَا بَلَّغْتَ رِسَالَتَهُ ۚ وَاللَّهُ يَعْصِمُكَ مِنَ النَّاسِ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْكَافِرِينَ

    «О, пайгамбар! Раббиң тарабынан сага түшүрүлгөн нерсени (Ислам динин, бардык элдерге) жеткир! Эгер муну аткарбасаң, Аллахтын элчилигин жеткирбеген болосуң! Сени адамдардан Аллахтын Өзү сактайт. Аллах каапыр коомду туура жолго баштабайт».

    5:67
  8. قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لَسْتُمْ عَلَىٰ شَيْءٍ حَتَّىٰ تُقِيمُوا التَّوْرَاةَ وَالْإِنْجِيلَ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْكُمْ مِنْ رَبِّكُمْ ۗ وَلَيَزِيدَنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ مَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ طُغْيَانًا وَكُفْرًا ۖ فَلَا تَأْسَ عَلَى الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ

    «Айткын: “Эй, китеп берилгендер! Силер качан Тооратка, Инжилге жана силерге Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн (бардык) өкүмдөргө толук моюн сунмайынча эч бир динде эмессиңер. (О, Мухаммад!) Сага Раббиңден түшүрүлгөн нерсе (Куран) алардын көпчүлүгүнүн күнөө-каапырлыгын көбөйтүүсү шексиз. Сен каапыр коомдорго капа болбо».

    5:68
  9. إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَالَّذِينَ هَادُوا وَالصَّابِئُونَ وَالنَّصَارَىٰ مَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَعَمِلَ صَالِحًا فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ

    Акыйкатта, ыйман келтиргендер, яхудилер, бутка сыйынбагандар жана христиандардын арасынан кимиси (Жалгыз) Аллахка жана Акырет күнүнө ишенип, жакшы амалдарды жасаса, Раббисинин алдында аларга арналган сооп-сыйлыктары даяр! Акыретте алар үчүн коркунуч (тозок) жок жана алар кайгы-капага батышпайт.

    5:69
  10. لَقَدْ أَخَذْنَا مِيثَاقَ بَنِي إِسْرَائِيلَ وَأَرْسَلْنَا إِلَيْهِمْ رُسُلًا ۖ كُلَّمَا جَاءَهُمْ رَسُولٌ بِمَا لَا تَهْوَىٰ أَنْفُسُهُمْ فَرِيقًا كَذَّبُوا وَفَرِيقًا يَقْتُلُونَ

    Биз Исраил урпактарынан ант-убадасын алып, пайгамбарларды жибердик. Качан аларга бир пайгамбар напсилери каалабаган өкүмдү алып келсе, кээ бирөөлөрүн “жалганчы” деп, кээ бирөөлөрүн өлтүрүштү.

    5:70
  11. وَحَسِبُوا أَلَّا تَكُونَ فِتْنَةٌ فَعَمُوا وَصَمُّوا ثُمَّ تَابَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ ثُمَّ عَمُوا وَصَمُّوا كَثِيرٌ مِنْهُمْ ۚ وَاللَّهُ بَصِيرٌ بِمَا يَعْمَلُونَ

    Жана “Бизге бүлгүн (азап) болбойт” деп ойлошуп, (чындыктын алдында) сокур-дүлөй болуп алышты. Кийин (тообо кылышканда) Аллах алардын тооболорун кабыл алды. (Бирок) кийин алардан көпчүлүгү кайрадан сокур, дүлөй болуп алышты. Аллах алардын кылмыштарын көрүүчү.

    5:71
  12. لَقَدْ كَفَرَ الَّذِينَ قَالُوا إِنَّ اللَّهَ هُوَ الْمَسِيحُ ابْنُ مَرْيَمَ ۖ وَقَالَ الْمَسِيحُ يَا بَنِي إِسْرَائِيلَ اعْبُدُوا اللَّهَ رَبِّي وَرَبَّكُمْ ۖ إِنَّهُ مَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَقَدْ حَرَّمَ اللَّهُ عَلَيْهِ الْجَنَّةَ وَمَأْوَاهُ النَّارُ ۖ وَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ أَنْصَارٍ

    “Аллах – бул Марямдын уулу Иса” дегендер анык каапыр болушту. Чындыгында, Иса-Масих аларга: “О, Исраил урпактары! Менин да, силердин да Раббиңер Аллахка гана ибадат кылгыла! Кимде-ким Аллахка (мениби же башканыбы) шерик кылчу болсо, Аллах аны бейишке киргизбейт жана анын жайы тозок болот. Өзүнө залым кылуучуларга жардамчы болбойт!

    5:72
  13. لَقَدْ كَفَرَ الَّذِينَ قَالُوا إِنَّ اللَّهَ ثَالِثُ ثَلَاثَةٍ ۘ وَمَا مِنْ إِلَٰهٍ إِلَّا إِلَٰهٌ وَاحِدٌ ۚ وَإِنْ لَمْ يَنْتَهُوا عَمَّا يَقُولُونَ لَيَمَسَّنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

    “Аллах – үчөөнүн үчүнчүсү” дегендер да анык каапыр болушту! Жалгыз Кудай - Аллахтан башка бир да (сыйынууга татыктуу) кудай жок! Эгер сүйлөгөн (ката) сөздөрүнөн кайтышпаса, аларга окшогон каапырларды жан ооруткан азап кармайт!

    5:73
  14. أَفَلَا يَتُوبُونَ إِلَى اللَّهِ وَيَسْتَغْفِرُونَهُ ۚ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ

    Аллахка тообо кылып, (жалгыз Өзүнө сыйынып) Андан күнөөлөрүн кечирүүнү сурашпайбы?! (Эгер ошентчү болсо) Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу.

    5:74
  15. مَا الْمَسِيحُ ابْنُ مَرْيَمَ إِلَّا رَسُولٌ قَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلِهِ الرُّسُلُ وَأُمُّهُ صِدِّيقَةٌ ۖ كَانَا يَأْكُلَانِ الطَّعَامَ ۗ انْظُرْ كَيْفَ نُبَيِّنُ لَهُمُ الْآيَاتِ ثُمَّ انْظُرْ أَنَّىٰ يُؤْفَكُونَ

    Марямдын уулу Иса болгону, пайгамбар. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Анын апасы «сиддика» (илимдүү, таза, ыйман-ибадаттуу) аял болгон. Экөө тең тамак-аш жеп жүрүшкөн. Биз аларга Өз аяттарыбызды кандай баяндап бергенибизди жана (ушуга да карабай) алардын (Аллах жөнүндө) кандай дооматтарды ойлоп чыгаргандарын көрүп койгун.

    5:75
  16. قُلْ أَتَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَمْلِكُ لَكُمْ ضَرًّا وَلَا نَفْعًا ۚ وَاللَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ

    Айткын: “(О, христиандар!) Силер Аллахтан башка, силерге пайда да, зыян да бере албаган нерселерге сыйынасыңарбы?! Аллах Угуучу, Билүүчү!»

    5:76
  17. قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لَا تَغْلُوا فِي دِينِكُمْ غَيْرَ الْحَقِّ وَلَا تَتَّبِعُوا أَهْوَاءَ قَوْمٍ قَدْ ضَلُّوا مِنْ قَبْلُ وَأَضَلُّوا كَثِيرًا وَضَلُّوا عَنْ سَوَاءِ السَّبِيلِ

    Айткын: “О, китеп берилгендер! Диниңерде кыянаттык менен чектен чыкпагыла! Мындан мурун адашкан, көп адамдарды адаштырган жана түз жолдон тап-такыр адашып кеткен элдин каалоолоруна ээрчип кетпегиле.

    5:77
  18. لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَىٰ لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ۚ ذَٰلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ

    Исраил урпактарынан каапыр болгондору Дауд жана Марямдын уулу Исанын тили менен каргышка калышкан! Бул (каргыш) күнөө кылгандары жана чектен чыккандары себептүү болду.

    5:78
  19. كَانُوا لَا يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنْكَرٍ فَعَلُوهُ ۚ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ

    (Дагы) алар жасап жаткан күнөө иштерден бири-бирин кайтарышкан эмес. Бул иштери кандай жаман!

    5:79
  20. تَرَىٰ كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا ۚ لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنْفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ

    Алардын көпчүлүгү каапырларды дос кылып алганын көрөсүң. Өз баштарына өздөрү келтирип алган - Аллахтын аларга болгон жек көрүүсү кандай жаман! Алар азапта түбөлүк калышат!

    5:80

Котормо: Шамсуддин Хакимов