Катталуу, бет 120

  1. وَحَسِبُوا أَلَّا تَكُونَ فِتْنَةٌ فَعَمُوا وَصَمُّوا ثُمَّ تَابَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ ثُمَّ عَمُوا وَصَمُّوا كَثِيرٌ مِنْهُمْ ۚ وَاللَّهُ بَصِيرٌ بِمَا يَعْمَلُونَ

    Жана “Бизге бүлгүн (азап) болбойт” деп ойлошуп, (чындыктын алдында) сокур-дүлөй болуп алышты. Кийин (тообо кылышканда) Аллах алардын тооболорун кабыл алды. (Бирок) кийин алардан көпчүлүгү кайрадан сокур, дүлөй болуп алышты. Аллах алардын кылмыштарын көрүүчү.

    5:71
  2. لَقَدْ كَفَرَ الَّذِينَ قَالُوا إِنَّ اللَّهَ هُوَ الْمَسِيحُ ابْنُ مَرْيَمَ ۖ وَقَالَ الْمَسِيحُ يَا بَنِي إِسْرَائِيلَ اعْبُدُوا اللَّهَ رَبِّي وَرَبَّكُمْ ۖ إِنَّهُ مَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَقَدْ حَرَّمَ اللَّهُ عَلَيْهِ الْجَنَّةَ وَمَأْوَاهُ النَّارُ ۖ وَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ أَنْصَارٍ

    “Аллах – бул Марямдын уулу Иса” дегендер анык каапыр болушту. Чындыгында, Иса-Масих аларга: “О, Исраил урпактары! Менин да, силердин да Раббиңер Аллахка гана ибадат кылгыла! Кимде-ким Аллахка (мениби же башканыбы) шерик кылчу болсо, Аллах аны бейишке киргизбейт жана анын жайы тозок болот. Өзүнө залым кылуучуларга жардамчы болбойт!

    5:72
  3. لَقَدْ كَفَرَ الَّذِينَ قَالُوا إِنَّ اللَّهَ ثَالِثُ ثَلَاثَةٍ ۘ وَمَا مِنْ إِلَٰهٍ إِلَّا إِلَٰهٌ وَاحِدٌ ۚ وَإِنْ لَمْ يَنْتَهُوا عَمَّا يَقُولُونَ لَيَمَسَّنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

    “Аллах – үчөөнүн үчүнчүсү” дегендер да анык каапыр болушту! Жалгыз Кудай - Аллахтан башка бир да (сыйынууга татыктуу) кудай жок! Эгер сүйлөгөн (ката) сөздөрүнөн кайтышпаса, аларга окшогон каапырларды жан ооруткан азап кармайт!

    5:73
  4. أَفَلَا يَتُوبُونَ إِلَى اللَّهِ وَيَسْتَغْفِرُونَهُ ۚ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ

    Аллахка тообо кылып, (жалгыз Өзүнө сыйынып) Андан күнөөлөрүн кечирүүнү сурашпайбы?! (Эгер ошентчү болсо) Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу.

    5:74
  5. مَا الْمَسِيحُ ابْنُ مَرْيَمَ إِلَّا رَسُولٌ قَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلِهِ الرُّسُلُ وَأُمُّهُ صِدِّيقَةٌ ۖ كَانَا يَأْكُلَانِ الطَّعَامَ ۗ انْظُرْ كَيْفَ نُبَيِّنُ لَهُمُ الْآيَاتِ ثُمَّ انْظُرْ أَنَّىٰ يُؤْفَكُونَ

    Марямдын уулу Иса болгону, пайгамбар. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Анын апасы «сиддика» (илимдүү, таза, ыйман-ибадаттуу) аял болгон. Экөө тең тамак-аш жеп жүрүшкөн. Биз аларга Өз аяттарыбызды кандай баяндап бергенибизди жана (ушуга да карабай) алардын (Аллах жөнүндө) кандай дооматтарды ойлоп чыгаргандарын көрүп койгун.

    5:75
  6. قُلْ أَتَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَمْلِكُ لَكُمْ ضَرًّا وَلَا نَفْعًا ۚ وَاللَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ

    Айткын: “(О, христиандар!) Силер Аллахтан башка, силерге пайда да, зыян да бере албаган нерселерге сыйынасыңарбы?! Аллах Угуучу, Билүүчү!»

    5:76

Котормо: Шамсуддин Хакимов