Катталуу, бет 104

  1. إِنَّا أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ كَمَا أَوْحَيْنَا إِلَىٰ نُوحٍ وَالنَّبِيِّينَ مِنْ بَعْدِهِ ۚ وَأَوْحَيْنَا إِلَىٰ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْمَاعِيلَ وَإِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ وَالْأَسْبَاطِ وَعِيسَىٰ وَأَيُّوبَ وَيُونُسَ وَهَارُونَ وَسُلَيْمَانَ ۚ وَآتَيْنَا دَاوُودَ زَبُورًا

    Биз Нухка жана андан кийинки пайгамбарларга аян-кабар түшүргөнүбүз сыяктуу сага да аян-кабар түшүрдүк. Жана Биз Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Яькубга жана андан тараган (пайгамбар) урпактарга, Исага, Аюбга, Юнуска, Харунга жана Сулайманга аян-кабар түшүргөнбүз. Ошондой эле, Даудга Забур (китебин) бергенбиз.

    4:163
  2. وَرُسُلًا قَدْ قَصَصْنَاهُمْ عَلَيْكَ مِنْ قَبْلُ وَرُسُلًا لَمْ نَقْصُصْهُمْ عَلَيْكَ ۚ وَكَلَّمَ اللَّهُ مُوسَىٰ تَكْلِيمًا

    Биз сага кээ бир пайгамбарлар жөнүндө мындан мурун икая-баян кылып бердик жана кээ бир пайгамбарлар жөнүндө икая-баян кылып бербедик. Жана Аллах Мусага сүйлөдү.

    4:164
  3. رُسُلًا مُبَشِّرِينَ وَمُنْذِرِينَ لِئَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى اللَّهِ حُجَّةٌ بَعْدَ الرُّسُلِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا

    «(Кыяматта) адамдардын колунда Аллахка каршы далил болуп калбаш үчүн (Биз) (ыйман келтиргендерге) бейиштен сүйүнчү кабар берүүчү жана (каапыр болгондорду) тозок менен коркутуучу пайгамбарларды (бардык элдерге жибергенбиз). Аллах Кудуреттүү, Даанышман».

    4:165
  4. لَٰكِنِ اللَّهُ يَشْهَدُ بِمَا أَنْزَلَ إِلَيْكَ ۖ أَنْزَلَهُ بِعِلْمِهِ ۖ وَالْمَلَائِكَةُ يَشْهَدُونَ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ شَهِيدًا

    «Бирок, (о, Мухаммад!) сага (асмандан) түшүргөн нерсеге Аллах күбөлүк берет. Аны Аллах Өз илими менен түшүргөн. Дагы (сага түшүрүлгөн нерсеге) периштелер да күбөлүк берип жатышат. Аллах жетиштүү Күбө!»

    4:166
  5. إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ قَدْ ضَلُّوا ضَلَالًا بَعِيدًا

    Албетте, каапыр болгон жана адамдарды Аллахтын жолунан тоскондор эң катуу адашкан кишилер.

    4:167
  6. إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَظَلَمُوا لَمْ يَكُنِ اللَّهُ لِيَغْفِرَ لَهُمْ وَلَا لِيَهْدِيَهُمْ طَرِيقًا

    Каапыр болгон, зулум кылган адамдардын күнөөлөрүн Аллах кечирбейт жана аларды туура жолго да баштабайт.

    4:168
  7. إِلَّا طَرِيقَ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرًا

    Баштаса да, анда түбөлүк калып кете турган тозоктун жолуна баштайт. Бул Аллахка жеңил.

    4:169
  8. يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَكُمُ الرَّسُولُ بِالْحَقِّ مِنْ رَبِّكُمْ فَآمِنُوا خَيْرًا لَكُمْ ۚ وَإِنْ تَكْفُرُوا فَإِنَّ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا

    О, адамдар! Пайгамбар силерге акыйкатты Раббиңерден алып келди, эми ага ыйман келтиргиле – өзүңөргө жакшы болот. Эгер каапыр болсоңор, (мындан Аллахка эч кандай зыян жок. Анткени,) асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү. Аллах – Билүүчү, Даанышман.

    4:170

Котормо: Шамсуддин Хакимов