Сүрө 97 Кадыр
-
إِنَّا أَنْزَلْنَاهُ فِي لَيْلَةِ الْقَدْرِ
Чынында, Биз аны (Куранды) Кадыр Түнүндө түшүрдүк.
97:1 -
وَمَا أَدْرَاكَ مَا لَيْلَةُ الْقَدْرِ
Кадыр түн эмне экенин (эгер Биз үйрөтпөсөк,) сен кайдан билмек элең?!
97:2 -
لَيْلَةُ الْقَدْرِ خَيْرٌ مِنْ أَلْفِ شَهْرٍ
Кадыр түнү миң айдан да жакшы.
97:3 -
تَنَزَّلُ الْمَلَائِكَةُ وَالرُّوحُ فِيهَا بِإِذْنِ رَبِّهِمْ مِنْ كُلِّ أَمْرٍ
(Анткени,) бул түнү периштелер жана Рух (Жебирейил) Раббисинин уруксаты боюнча, ар түрдүү иштер менен (жер бетине ) түшүшөт.
97:4 -
سَلَامٌ هِيَ حَتَّىٰ مَطْلَعِ الْفَجْرِ
Ал таңга чейин саламаттык(тын түнү)!
97:5
Котормо: Шамсуддин Хакимов