Сүрө 96 Алак

  1. اقْرَأْ بِاسْمِ رَبِّكَ الَّذِي خَلَقَ

    Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен!

    96:1
  2. خَلَقَ الْإِنْسَانَ مِنْ عَلَقٍ

    Ал инсанды уюган кандан жаратты.

    96:2
  3. اقْرَأْ وَرَبُّكَ الْأَكْرَمُ

    Оку, сенин Раббиң эң улук Зат!

    96:3
  4. الَّذِي عَلَّمَ بِالْقَلَمِ

    Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү.

    96:4
  5. عَلَّمَ الْإِنْسَانَ مَا لَمْ يَعْلَمْ

    Инсанга билбегенин (Куранды жана башка илимдерди) билгизди.

    96:5
  6. كَلَّا إِنَّ الْإِنْسَانَ لَيَطْغَىٰ

    Жок! Чынында, инсан чектен ашат

    96:6
  7. أَنْ رَآهُ اسْتَغْنَىٰ

    өзүн бай-беймуктаж көргөндө!

    96:7
  8. إِنَّ إِلَىٰ رَبِّكَ الرُّجْعَىٰ

    Аныгында, кайтып баруу Раббиңе гана.

    96:8
  9. أَرَأَيْتَ الَّذِي يَنْهَىٰ

    Көрдүңбү сен тыюу салган кишини

    96:9
  10. عَبْدًا إِذَا صَلَّىٰ

    намаз окуган пендеге?

    96:10
  11. أَرَأَيْتَ إِنْ كَانَ عَلَى الْهُدَىٰ

    Эмне деп ойлойсуң, эгер ал (намаз окуучу) түз жолдо болсо...

    96:11
  12. أَوْ أَمَرَ بِالتَّقْوَىٰ

    Же (адамдарды) такыбалыкка буюрса…

    96:12
  13. أَرَأَيْتَ إِنْ كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ

    (Оо, Мухаммад), эмне дейсиң, эгер ал (каапыр чындыкты) “жалган” десе жана жүз үйрүп кетсе?

    96:13
  14. أَلَمْ يَعْلَمْ بِأَنَّ اللَّهَ يَرَىٰ

    Билбейби ал Аллах көрүп турганын?!

    96:14
  15. كَلَّا لَئِنْ لَمْ يَنْتَهِ لَنَسْفَعًا بِالنَّاصِيَةِ

    Жок! Эгер (каршылыгын) токтотпосо, Биз анын маңдайынан катуу чапчып алабыз!

    96:15
  16. نَاصِيَةٍ كَاذِبَةٍ خَاطِئَةٍ

    Дал ошол жалганчы, күнөөкөр маңдайынан!

    96:16
  17. فَلْيَدْعُ نَادِيَهُ

    Эми, ал өзүнүн (ишенген) адамдарын чакыра берсин!

    96:17
  18. سَنَدْعُ الزَّبَانِيَةَ

    Биз дагы (“Забания периштелери” деп аталган) тозок сакчыларын чакырабыз!

    96:18
  19. كَلَّا لَا تُطِعْهُ وَاسْجُدْ وَاقْتَرِبْ ۩

    Жок, сен ага моюн сунба! (Раббиңе) сажда кыл жана (ушул сыяктуу саждалар жана башка ибадаттар менен Аллах таалага) жакын бол!

    96:19

Котормо: Шамсуддин Хакимов