Сүрө 91 Шамс
-
وَالشَّمْسِ وَضُحَاهَا
Күн жана анын жарыгына ант!
91:1 -
وَالْقَمَرِ إِذَا تَلَاهَا
Анын (Күндүн) артынан келген Айга ант!
91:2 -
وَالنَّهَارِ إِذَا جَلَّاهَا
Жана караңгыны жарык кылган күндүзгө ант!
91:3 -
وَاللَّيْلِ إِذَا يَغْشَاهَا
Жана аны ороп кала турган түнгө ант!
91:4 -
وَالسَّمَاءِ وَمَا بَنَاهَا
Асманга жана аны (бекем) курганга ант!
91:5 -
وَالْأَرْضِ وَمَا طَحَاهَا
Жерге жана аны жайганга ант!
91:6 -
وَنَفْسٍ وَمَا سَوَّاهَا
Напсиге жана аны (түз жол үстүндө) жаратканга ант!
91:7 -
فَأَلْهَمَهَا فُجُورَهَا وَتَقْوَاهَا
Ал (Аллах) анын (напсинин) бузукулугуна да, такыбалыгына да илхам берип койду.
91:8 -
قَدْ أَفْلَحَ مَنْ زَكَّاهَا
Эми, кимде-ким аны (бузук кулк-мүнөздөн) тазалаган болсо жеңишке (бейишке) жетет.
91:9 -
وَقَدْ خَابَ مَنْ دَسَّاهَا
Кимде-ким аны (напсини күнөө менен) тебелеп-кордогон болсо, (бейиштен) үмүтсүз калат.
91:10 -
كَذَّبَتْ ثَمُودُ بِطَغْوَاهَا
Самуд (коому) өзүнүн чектен чыгуусу менен (пайгамбары Салихти) жалганчыга чыгарды.
91:11 -
إِذِ انْبَعَثَ أَشْقَاهَا
Бир кезде анын эң бактысыз адамы (пайгамбарга берилген моожиза-төөнү союш үчүн) козголду.
91:12 -
فَقَالَ لَهُمْ رَسُولُ اللَّهِ نَاقَةَ اللَّهِ وَسُقْيَاهَا
Аларга Аллахтын элчиси “Аллахтын төөсүнө (жамандык кылуудан) жана анын суу ичүүсүнө (тоскоол болуудан абайлагыла. Эгер баш ийбесеңер, силерге Аллахтын азабы келет!”) деди.
91:13 -
فَكَذَّبُوهُ فَعَقَرُوهَا فَدَمْدَمَ عَلَيْهِمْ رَبُّهُمْ بِذَنْبِهِمْ فَسَوَّاهَا
Аны “жалганчы” дешти жана (төөнү) союп салышты. Натыйжада (ушул) күнөөлөрү себептүү Раббиси аларды ойрон кылды жана аны (азапты бардыгына) тең кылды!
91:14 -
وَلَا يَخَافُ عُقْبَاهَا
Ал (Аллах таала) бул иштин акыбетинен коркпойт.
91:15
Котормо: Шамсуддин Хакимов