Сүрө 89 Фажр
-
كَلَّا إِذَا دُكَّتِ الْأَرْضُ دَكًّا دَكًّا
Жок! Качан (Кыямат башталып) жер катуу титирегенде
89:21 -
وَجَاءَ رَبُّكَ وَالْمَلَكُ صَفًّا صَفًّا
жана Раббиң менен периштелер сап-сап болуп келгенде...,
89:22 -
وَجِيءَ يَوْمَئِذٍ بِجَهَنَّمَ ۚ يَوْمَئِذٍ يَتَذَكَّرُ الْإِنْسَانُ وَأَنَّىٰ لَهُ الذِّكْرَىٰ
Ошол күнү тозок жакын алып келингенде, дал ошол күнү гана (каапыр) инсан (бул дүйнөдөгү каталарын) эстейт. Бирок, эми (бул) эстөө ага пайда берсе кана!
89:23 -
يَقُولُ يَا لَيْتَنِي قَدَّمْتُ لِحَيَاتِي
(Ошондо ал) “Кана эми, (Акыреттеги) жашоомо (кандайдыр сооп) алып келген болсом!” дейт.
89:24 -
فَيَوْمَئِذٍ لَا يُعَذِّبُ عَذَابَهُ أَحَدٌ
Ал күнү Аллах азаптагандай эч ким азаптай албайт.
89:25 -
وَلَا يُوثِقُ وَثَاقَهُ أَحَدٌ
Аллах байлагандай эч ким байлай албайт!
89:26 -
يَا أَيَّتُهَا النَّفْسُ الْمُطْمَئِنَّةُ
Оо, тынч – бейпил жан!
89:27 -
ارْجِعِي إِلَىٰ رَبِّكِ رَاضِيَةً مَرْضِيَّةً
(Менден) ыраазы болгон жана (Мени) ыраазы кылган абалда Раббиңе кайткын.
89:28 -
فَادْخُلِي فِي عِبَادِي
Менин (жакшы) пенделериме кошулгун.
89:29 -
وَادْخُلِي جَنَّتِي
жана Менин бейишиме киргин!
89:30
Котормо: Шамсуддин Хакимов