Сүрө 89 Фажр

  1. وَالْفَجْرِ

    Таңга ант!

    89:1
  2. وَلَيَالٍ عَشْرٍ

    Он түнгө ант!

    89:2
  3. وَالشَّفْعِ وَالْوَتْرِ

    Жуп менен такка ант!

    89:3
  4. وَاللَّيْلِ إِذَا يَسْرِ

    Жана өтүп жаткан түнгө ант!

    89:4
  5. هَلْ فِي ذَٰلِكَ قَسَمٌ لِذِي حِجْرٍ

    Ушул(айтылганд)арда акылдуу адам үчүн (канааттандырарлык) ант бар болсо керек эле?!

    89:5
  6. أَلَمْ تَرَ كَيْفَ فَعَلَ رَبُّكَ بِعَادٍ

    Раббиң Аад коомун эмне кылганын көрбөдүңбү?!

    89:6
  7. إِرَمَ ذَاتِ الْعِمَادِ

    Түркүктүү Ирамды (эмне кылганынчы?)

    89:7
  8. الَّتِي لَمْ يُخْلَقْ مِثْلُهَا فِي الْبِلَادِ

    Ага окшогон (курулуш) эч бир өлкөдө жаратылбаган эле.

    89:8
  9. وَثَمُودَ الَّذِينَ جَابُوا الصَّخْرَ بِالْوَادِ

    Жана өрөөндө (үй куруу үчүн) аска зоолорду ойгон Самуд коомун (Раббиң эмне кылганын көрбөдүңбү?)

    89:9
  10. وَفِرْعَوْنَ ذِي الْأَوْتَادِ

    Аскерлердин ээси Фараонду (кандай жазалаганын көрбөдүңбү?)

    89:10
  11. الَّذِينَ طَغَوْا فِي الْبِلَادِ

    Алар (ар кайсы) өлкөлөрдө чектен чыгып кетишкен.

    89:11
  12. فَأَكْثَرُوا فِيهَا الْفَسَادَ

    жана бузукулукту көбөйтүшкөн болчу.

    89:12
  13. فَصَبَّ عَلَيْهِمْ رَبُّكَ سَوْطَ عَذَابٍ

    Раббиң алардын башына ар түрдүү азаптарды жаадырды.

    89:13
  14. إِنَّ رَبَّكَ لَبِالْمِرْصَادِ

    Чынында, Раббиң көзөмөлдөп туруучу.

    89:14
  15. فَأَمَّا الْإِنْسَانُ إِذَا مَا ابْتَلَاهُ رَبُّهُ فَأَكْرَمَهُ وَنَعَّمَهُ فَيَقُولُ رَبِّي أَكْرَمَنِ

    Раббиси инсанды (байлык менен) сынап, ага жоомарттык көргөзсө жана нээмат берсе “Раббим мени урматтады” дейт.

    89:15
  16. وَأَمَّا إِذَا مَا ابْتَلَاهُ فَقَدَرَ عَلَيْهِ رِزْقَهُ فَيَقُولُ رَبِّي أَهَانَنِ

    Ал эми, аны (кембагалдык менен) сынап, ырыскысын ченеп берсе, “Раббим мени кордоду” дейт.

    89:16
  17. كَلَّا ۖ بَلْ لَا تُكْرِمُونَ الْيَتِيمَ

    Жок! Силер жетимди ызааттабайсыңар!

    89:17
  18. وَلَا تَحَاضُّونَ عَلَىٰ طَعَامِ الْمِسْكِينِ

    Кедейди тамактандырууга (бири-бириңерди) үгүттөбөйсүңөр!

    89:18
  19. وَتَأْكُلُونَ التُّرَاثَ أَكْلًا لَمًّا

    Жана (жетимге тиешелүү) мурасты суктук менен жейсиңер!

    89:19
  20. وَتُحِبُّونَ الْمَالَ حُبًّا جَمًّا

    Жана мал-дүйнөнү жан-дилиңер менен сүйөсүңөр!

    89:20

Котормо: Шамсуддин Хакимов