Сүрө 88 Гаашия
-
فَذَكِّرْ إِنَّمَا أَنْتَ مُذَكِّرٌ
(Оо, Мухаммад) эскерткин! Анткени, сен эскертүүчүсүң!
88:21 -
لَسْتَ عَلَيْهِمْ بِمُصَيْطِرٍ
Сен аларга үстөмдүк кылуучу эмессиң!
88:22 -
إِلَّا مَنْ تَوَلَّىٰ وَكَفَرَ
Бирок, ким жүз бурса жана каапыр болсо,
88:23 -
فَيُعَذِّبُهُ اللَّهُ الْعَذَابَ الْأَكْبَرَ
аны Аллах чоң азапка салат!
88:24 -
إِنَّ إِلَيْنَا إِيَابَهُمْ
Алар (өлгөндөн соң) Бизге кайтышат.
88:25 -
ثُمَّ إِنَّ عَلَيْنَا حِسَابَهُمْ
Кийин алар менен Өзүбүз эсептешип алабыз!
88:26
Котормо: Шамсуддин Хакимов