Сүрө 83 Мутаффифийн
-
وَيْلٌ لِلْمُطَفِّفِينَ
Таразадан алдагандарга чоң азап болсун!
83:1 -
الَّذِينَ إِذَا اكْتَالُوا عَلَى النَّاسِ يَسْتَوْفُونَ
Алар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы,
83:2 -
وَإِذَا كَالُوهُمْ أَوْ وَزَنُوهُمْ يُخْسِرُونَ
Бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет.
83:3 -
أَلَا يَظُنُّ أُولَٰئِكَ أَنَّهُمْ مَبْعُوثُونَ
Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен?
83:4 -
لِيَوْمٍ عَظِيمٍ
Улуу Күн – Кыяматта!
83:5 -
يَوْمَ يَقُومُ النَّاسُ لِرَبِّ الْعَالَمِينَ
Ал күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат!
83:6 -
كَلَّا إِنَّ كِتَابَ الْفُجَّارِ لَفِي سِجِّينٍ
Жок! Бузукулардын амал китептери «Сижжинде» экени анык!
83:7 -
وَمَا أَدْرَاكَ مَا سِجِّينٌ
(Оо, Мухаммад!) сен «Сижжин» эмне экенин билбейсиң!
83:8 -
كِتَابٌ مَرْقُومٌ
Ал – жазылган китеп.
83:9 -
وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِلْمُكَذِّبِينَ
Ал (Кыямат) күндө (аны) жалган дегендерге чоң азап берилет!
83:10 -
الَّذِينَ يُكَذِّبُونَ بِيَوْمِ الدِّينِ
Алар сурак күндү жалган дегендер.
83:11 -
وَمَا يُكَذِّبُ بِهِ إِلَّا كُلُّ مُعْتَدٍ أَثِيمٍ
Ал күндү ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан (каапыр) пенделер «жалган» дешет.
83:12 -
إِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِ آيَاتُنَا قَالَ أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ
А(лар)га Биздин аяттарыбыз окуп берилген кезде «(бул) байыркылардын жөө жомогу» дешет.
83:13 -
كَلَّا ۖ بَلْ ۜ رَانَ عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ مَا كَانُوا يَكْسِبُونَ
Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн ороп алган.
83:14 -
كَلَّا إِنَّهُمْ عَنْ رَبِّهِمْ يَوْمَئِذٍ لَمَحْجُوبُونَ
Чынында, ошол (Кыямат) күнү алар Раббилеринен тосулган болушат.
83:15 -
ثُمَّ إِنَّهُمْ لَصَالُو الْجَحِيمِ
Андан соң, алар тозокко ташталышат.
83:16 -
ثُمَّ يُقَالُ هَٰذَا الَّذِي كُنْتُمْ بِهِ تُكَذِّبُونَ
Кийин аларга: «Силер аны «жалган» деген нерсе (тозок) ушул!» – деп айтылат.
83:17 -
كَلَّا إِنَّ كِتَابَ الْأَبْرَارِ لَفِي عِلِّيِّينَ
Чынында, жакшы пенделердин китептери «Иллийюнда».
83:18 -
وَمَا أَدْرَاكَ مَا عِلِّيُّونَ
(Оо, Мухаммад!) Сен «Иллийюн» эмне экенин билбейсиң.
83:19 -
كِتَابٌ مَرْقُومٌ
Ал – жазылган китеп.
83:20
Котормо: Шамсуддин Хакимов