Сүрө 82 Инфитар
-
إِذَا السَّمَاءُ انْفَطَرَتْ
Асман жарылып,
82:1 -
وَإِذَا الْكَوَاكِبُ انْتَثَرَتْ
Жылдыздар төгүлүп,
82:2 -
وَإِذَا الْبِحَارُ فُجِّرَتْ
деңиздер (толуп-ташып), бири-бирине кошулганда...
82:3 -
وَإِذَا الْقُبُورُ بُعْثِرَتْ
Жана мүрзөлөр оодарылганда...
82:4 -
عَلِمَتْ نَفْسٌ مَا قَدَّمَتْ وَأَخَّرَتْ
(Ар бир) жан (ээси) эмне ишти алып келгенин жана (эмне ишти кечиктирип) калтырганын билип алат.
82:5 -
يَا أَيُّهَا الْإِنْسَانُ مَا غَرَّكَ بِرَبِّكَ الْكَرِيمِ
Оо, (каапыр) инсан! Сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап койду?!
82:6 -
الَّذِي خَلَقَكَ فَسَوَّاكَ فَعَدَلَكَ
Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле!
82:7 -
فِي أَيِّ صُورَةٍ مَا شَاءَ رَكَّبَكَ
Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган!
82:8 -
كَلَّا بَلْ تُكَذِّبُونَ بِالدِّينِ
Жок! силер (ойлонуп, моюн сунуунун ордуна) сурак күнүн «жалган» дедиңер!
82:9 -
وَإِنَّ عَلَيْكُمْ لَحَافِظِينَ
Чынында, силердин үстүңөрдө (ар бир ишиңерди) сактоочу периштелер бар!
82:10 -
كِرَامًا كَاتِبِينَ
(Ар бир нерсени) жазып турган улук периштелер бар!
82:11 -
يَعْلَمُونَ مَا تَفْعَلُونَ
Силердин бардык ишиңерди билип турушат.
82:12 -
إِنَّ الْأَبْرَارَ لَفِي نَعِيمٍ
Чынында жакшы кишилер нээмат бейиштеринде.
82:13 -
وَإِنَّ الْفُجَّارَ لَفِي جَحِيمٍ
Ал эми, бузуку кишилер тозокто болушат!
82:14 -
يَصْلَوْنَهَا يَوْمَ الدِّينِ
Алар ага (тозокко) сурак күнү ташталат!
82:15 -
وَمَا هُمْ عَنْهَا بِغَائِبِينَ
Анан андан чыга алышпайт!
82:16 -
وَمَا أَدْرَاكَ مَا يَوْمُ الدِّينِ
(Оо, Мухаммад! Биз айтпасак) сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң?
82:17 -
ثُمَّ مَا أَدْرَاكَ مَا يَوْمُ الدِّينِ
Анан, сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң?
82:18 -
يَوْمَ لَا تَمْلِكُ نَفْسٌ لِنَفْسٍ شَيْئًا ۖ وَالْأَمْرُ يَوْمَئِذٍ لِلَّهِ
Ал күнү (Аллахтан уруксат болмоюнча) эч ким эч кимге (пайда) жеткире албайт! Ал күнү бардык иш Аллахтын ыктыярында!
82:19
Котормо: Шамсуддин Хакимов