Сүрө 79 Назиат

  1. وَالنَّازِعَاتِ غَرْقًا

    (Каапырлардын жанын) тереңинен (оорутуп) сууруп алуучу периштелер менен ант ичип,

    79:1
  2. وَالنَّاشِطَاتِ نَشْطًا

    (ыймандуулардын жанын оорутпай) “чечип алуучу” периштелер менен ант ичип,

    79:2
  3. وَالسَّابِحَاتِ سَبْحًا

    (Асман мейкиндигинде өйдө-ылдый) сүзүп жүрүүчү периштелер менен ант ичип,

    79:3
  4. فَالسَّابِقَاتِ سَبْقًا

    (Аллахтын буйругун аткарууда) бири-бири менен жарышуучу периштелер менен ант ичип,

    79:4
  5. فَالْمُدَبِّرَاتِ أَمْرًا

    (Аллах табыштаган ааламдык) иштерди башкаруучу периштелер менен ант ичип (айтамын):

    79:5
  6. يَوْمَ تَرْجُفُ الرَّاجِفَةُ

    Ал Күнү (Сур кернейдин биринчи деминен улам) титирөөчү (жер) титирейт.

    79:6
  7. تَتْبَعُهَا الرَّادِفَةُ

    Анын артынан кийинки Сур тартылат.

    79:7
  8. قُلُوبٌ يَوْمَئِذٍ وَاجِفَةٌ

    Ошол күнү (каапыр) жүрөктөр катуу коркуп,

    79:8
  9. أَبْصَارُهَا خَاشِعَةٌ

    Көздөрү жалдырап калат.

    79:9
  10. يَقُولُونَ أَإِنَّا لَمَرْدُودُونَ فِي الْحَافِرَةِ

    (Каапырларга кыяматтагы кайра тирилүү жөнүндө айтылчу болсо, адамды мыскылдап, какшыктап, мындай) дешет: «Эмне, биз мурдакы (тирүү) абалыбызга кайтарылабызбы,

    79:10
  11. أَإِذَا كُنَّا عِظَامًا نَخِرَةً

    чириген сөөк болуп калсак деле?!»

    79:11
  12. قَالُوا تِلْكَ إِذًا كَرَّةٌ خَاسِرَةٌ

    (Дагы мындай) дешти: «Анда бул биз үчүн зыяндуу кайтыш болоор!»

    79:12
  13. فَإِنَّمَا هِيَ زَجْرَةٌ وَاحِدَةٌ

    Ал болгону (Исрафил периште тарткан чоордун) бир гана (катуу) добушу.

    79:13
  14. فَإِذَا هُمْ بِالسَّاهِرَةِ

    Анан капыстан... (тирилип, мүрзөлөрүнөн) жер бетине чыгып калышат!

    79:14
  15. هَلْ أَتَاكَ حَدِيثُ مُوسَىٰ

    Сага Мусанын кабары келди беле?

    79:15
  16. إِذْ نَادَاهُ رَبُّهُ بِالْوَادِ الْمُقَدَّسِ طُوًى

    Бир кезде Раббиси ага ыйык Тува өрөөнүндө (мындай деп) сүйлөдү:

    79:16
  17. اذْهَبْ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ إِنَّهُ طَغَىٰ

    «Фараонго баргын! Ал чектен чыгып кетти».

    79:17
  18. فَقُلْ هَلْ لَكَ إِلَىٰ أَنْ تَزَكَّىٰ

    Жана ага (мындай) дегин: «Өзүңдү (ширк күнөөсүнөн) тазалоону

    79:18
  19. وَأَهْدِيَكَ إِلَىٰ رَبِّكَ فَتَخْشَىٰ

    жана мен сени (жалгыз, шериксиз) Раббиңе баштоомду каалайсыңбы? Анан сен (Аллахка ширк келтирүүдөн) коркуп калаар элең»

    79:19
  20. فَأَرَاهُ الْآيَةَ الْكُبْرَىٰ

    (Муса) ага (Фараонго) чоң моожизаны (жыланга айланган таякты) көргөздү.

    79:20

Котормо: Шамсуддин Хакимов