Катталуу, бет 114

  1. يُرِيدُونَ أَنْ يَخْرُجُوا مِنَ النَّارِ وَمَا هُمْ بِخَارِجِينَ مِنْهَا ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ مُقِيمٌ

    Алар (дүйнө-мүлк берип) тозоктон чыгууну каалашат. Бирок, андан чыга алышпайт, аларга түбөлүк азап бар.

    5:37
  2. وَالسَّارِقُ وَالسَّارِقَةُ فَاقْطَعُوا أَيْدِيَهُمَا جَزَاءً بِمَا كَسَبَا نَكَالًا مِنَ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

    Уурулук кылган эркек жана аялды кылмышына жараша Аллах тарабынан (белгиленген) азап-жаза болуу үчүн колдорун кескиле! Аллах - Жеңүүчү, Даанышман.

    5:38
  3. فَمَنْ تَابَ مِنْ بَعْدِ ظُلْمِهِ وَأَصْلَحَ فَإِنَّ اللَّهَ يَتُوبُ عَلَيْهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

    Ал эми, ким залымдыгынан (уурулугунан) кийин тообо кылып, (өзүн) оңдосо, Аллах анын тообосун кабыл кылат. Албетте, Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу.

    5:39
  4. أَلَمْ تَعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ يُعَذِّبُ مَنْ يَشَاءُ وَيَغْفِرُ لِمَنْ يَشَاءُ ۗ وَاللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

    (О, Мухаммад!) Сен асмандар жана жерде болгондун баары Аллахтын мүлкү экенин, Аллах каалаганын азаптап, каалаганына кечирим берерин билбедиңби?! Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү.

    5:40
  5. يَا أَيُّهَا الرَّسُولُ لَا يَحْزُنْكَ الَّذِينَ يُسَارِعُونَ فِي الْكُفْرِ مِنَ الَّذِينَ قَالُوا آمَنَّا بِأَفْوَاهِهِمْ وَلَمْ تُؤْمِنْ قُلُوبُهُمْ ۛ وَمِنَ الَّذِينَ هَادُوا ۛ سَمَّاعُونَ لِلْكَذِبِ سَمَّاعُونَ لِقَوْمٍ آخَرِينَ لَمْ يَأْتُوكَ ۖ يُحَرِّفُونَ الْكَلِمَ مِنْ بَعْدِ مَوَاضِعِهِ ۖ يَقُولُونَ إِنْ أُوتِيتُمْ هَٰذَا فَخُذُوهُ وَإِنْ لَمْ تُؤْتَوْهُ فَاحْذَرُوا ۚ وَمَنْ يُرِدِ اللَّهُ فِتْنَتَهُ فَلَنْ تَمْلِكَ لَهُ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا ۚ أُولَٰئِكَ الَّذِينَ لَمْ يُرِدِ اللَّهُ أَنْ يُطَهِّرَ قُلُوبَهُمْ ۚ لَهُمْ فِي الدُّنْيَا خِزْيٌ ۖ وَلَهُمْ فِي الْآخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٌ

    О, пайгамбар! Ооздору менен “ыйман келтирдик” деп, жүрөктөрү ыйман келтирбеген эки жүздүүлөрдүн жана яхудилердин каапырлыгы тарапка чуркап бараткандар сени кайгыга салбасын. Алар жалганды жана (бүт иш-аракети жалганга негизделген) башка коомду (яхудилердин диний башчыларын) угушат. Алар (дин башчылар) болсо, сенин алдыңа келбейт, (элдерди адаштыруу үчүн Тоораттагы) сөздөрдү ордунан башкасына алмаштырышат. (Жана өздөрүнө кеңеш сурап келгендерге) “Эгер (силерге Мухаммад тарабынан каалооңорго ылайык келген) мына бул өкүм берилсе - алгыла. Ал эми, андай өкүм берилбесе - албагыла” дешет. Аллах кимдин бузулуусун кааласа, сен анын пайдасына Аллах тарабынан эч нерсеге ээ эмессиң. Алар – Аллах жүрөктөрүн тазалоону каалабаган адамдар. Алар үчүн бул дүйнөдө шерменделик жана Акыретте чоң азап бар.

    5:41

Котормо: Шамсуддин Хакимов