Сүрө 56 Вакиъа

  1. وَلَحْمِ طَيْرٍ مِمَّا يَشْتَهُونَ

    табити каалаган (ар түрдүү, бышкан) куш эттери менен (тегеренип жүрүшөт).

    56:21
  2. وَحُورٌ عِينٌ

    Жана (алар үчүн) бакыраң көз үр кыздар бар.

    56:22
  3. كَأَمْثَالِ اللُّؤْلُؤِ الْمَكْنُونِ

    (Седепте) жашынган бермет сыяктуу!

    56:23
  4. جَزَاءً بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

    Жасаган (сооп) иштеринин сыйлыгына!

    56:24
  5. لَا يَسْمَعُونَ فِيهَا لَغْوًا وَلَا تَأْثِيمًا

    (Бейиштегилер) ал жерде маанисиз жана уят (күнөө) сөздөрдү угушпайт.

    56:25
  6. إِلَّا قِيلًا سَلَامًا سَلَامًا

    Бир гана «салам-салам» (деген) сөздөрдү угушат.

    56:26
  7. وَأَصْحَابُ الْيَمِينِ مَا أَصْحَابُ الْيَمِينِ

    Оң тарап ээлери. Оң тарап ээлери не деген (бакыт)!

    56:27
  8. فِي سِدْرٍ مَخْضُودٍ

    (Алар) тикенсиз «Сидр» дарагынын арасында,

    56:28
  9. وَطَلْحٍ مَنْضُودٍ

    Мөмөлүү банан бактарында,

    56:29
  10. وَظِلٍّ مَمْدُودٍ

    Жайылган (кенен) көлөкөлөрдө,

    56:30
  11. وَمَاءٍ مَسْكُوبٍ

    (Шар) аккан суулар(дын боюн)да,

    56:31
  12. وَفَاكِهَةٍ كَثِيرَةٍ

    Көп мөмө-жемиштердин ичинде

    56:32
  13. لَا مَقْطُوعَةٍ وَلَا مَمْنُوعَةٍ

    Түгөнбөгөн, үзүлбөгөн

    56:33
  14. وَفُرُشٍ مَرْفُوعَةٍ

    (Жана) балпайган (жумшак, жибек) төшөктөрдө!

    56:34
  15. إِنَّا أَنْشَأْنَاهُنَّ إِنْشَاءً

    Биз аларды (бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык.

    56:35
  16. فَجَعَلْنَاهُنَّ أَبْكَارًا

    Биз аларды бикир кылып жаратып,

    56:36
  17. عُرُبًا أَتْرَابًا

    Бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук,

    56:37
  18. لِأَصْحَابِ الْيَمِينِ

    Оң тарап ээлери үчүн.

    56:38
  19. ثُلَّةٌ مِنَ الْأَوَّلِينَ

    Алар (оң тарап ээлери) абалкылардан болгон жамааттар.

    56:39
  20. وَثُلَّةٌ مِنَ الْآخِرِينَ

    Акыркылардан болгон жамааттар.

    56:40

Котормо: Шамсуддин Хакимов