Сүрө 54 Камар

  1. وَلَقَدْ جَاءَ آلَ فِرْعَوْنَ النُّذُرُ

    Жана Фараон адамдарына дагы эскертүүлөр келген.

    54:41
  2. كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا كُلِّهَا فَأَخَذْنَاهُمْ أَخْذَ عَزِيزٍ مُقْتَدِرٍ

    (Бирок), бардык аят-моожизаларыбызды жалганга чыгарышты. Кийин Биз аларды Жеңилгис, Кудуреттүүнүн азаптаганы сыяктуу азаптадык.

    54:42
  3. أَكُفَّارُكُمْ خَيْرٌ مِنْ أُولَٰئِكُمْ أَمْ لَكُمْ بَرَاءَةٌ فِي الزُّبُرِ

    (Оо, Курайш эли!) Силердин араңардагы каапырлар абалкы каапырлардан жакшыбы? Же абалкы ыйык китептерде («Курайш каапырларына азап келбейт» деген) актооңор барбы?

    54:43
  4. أَمْ يَقُولُونَ نَحْنُ جَمِيعٌ مُنْتَصِرٌ

    Же болбосо алар «Биз жеңилгис жамаатпыз» дешеби?!

    54:44
  5. سَيُهْزَمُ الْجَمْعُ وَيُوَلُّونَ الدُّبُرَ

    Жакында жеңилишет жана аркасына (карабай) качышат.

    54:45
  6. بَلِ السَّاعَةُ مَوْعِدُهُمْ وَالسَّاعَةُ أَدْهَىٰ وَأَمَرُّ

    Жок! (Алар муну менен кутулбайт!) Кыямат – аларга (азап) убада кылынган Күн! Кыямат(тын азабы) улуу жана ачуураак!

    54:46
  7. إِنَّ الْمُجْرِمِينَ فِي ضَلَالٍ وَسُعُرٍ

    Чынында, күнөөкөрлөр адашуучулукта жана азапта.

    54:47
  8. يَوْمَ يُسْحَبُونَ فِي النَّارِ عَلَىٰ وُجُوهِهِمْ ذُوقُوا مَسَّ سَقَرَ

    Жүзү менен отко сүйрөлгөн күнү (аларга): «Тозок азабын таткыла!» (деп айтылат).

    54:48
  9. إِنَّا كُلَّ شَيْءٍ خَلَقْنَاهُ بِقَدَرٍ

    Биз бардык нерсени тагдыр-өлчөм менен жаратканбыз.

    54:49
  10. وَمَا أَمْرُنَا إِلَّا وَاحِدَةٌ كَلَمْحٍ بِالْبَصَرِ

    Биздин буйругубуз көз ирмем сыяктуу бир гана («Бол!» деген сөздөн турат).

    54:50
  11. وَلَقَدْ أَهْلَكْنَا أَشْيَاعَكُمْ فَهَلْ مِنْ مُدَّكِرٍ

    Биз силерге окшогондорду(н көбүн) кыйратканбыз. Эстеген бирөө барбы?

    54:51
  12. وَكُلُّ شَيْءٍ فَعَلُوهُ فِي الزُّبُرِ

    Алардын бардык иштери (периштелер жазган) китептерде бар.

    54:52
  13. وَكُلُّ صَغِيرٍ وَكَبِيرٍ مُسْتَطَرٌ

    Жана бардык чоң-кичине (нерселер) жазылган.

    54:53
  14. إِنَّ الْمُتَّقِينَ فِي جَنَّاتٍ وَنَهَرٍ

    Чынында, такыба адамдар бейиштерде жана дайралард(ын боюнд)а.

    54:54
  15. فِي مَقْعَدِ صِدْقٍ عِنْدَ مَلِيكٍ مُقْتَدِرٍ

    Кудуреттүү Падышанын алдындагы чыныгы (бардык ырахат-жыргалы бар) мажилисте.

    54:55

Котормо: Шамсуддин Хакимов