Сүрө 54 Камар

  1. اقْتَرَبَتِ السَّاعَةُ وَانْشَقَّ الْقَمَرُ

    Кыямат жакындашты жана Ай (экиге) бөлүндү.

    54:1
  2. وَإِنْ يَرَوْا آيَةً يُعْرِضُوا وَيَقُولُوا سِحْرٌ مُسْتَمِرٌّ

    Алар (Курайш каапырлары) моожизаны көрүп турса да, (чындыктан) жүз үйрүп «Бул – ар дайымкы сыйкыр» - дей баштады.

    54:2
  3. وَكَذَّبُوا وَاتَّبَعُوا أَهْوَاءَهُمْ ۚ وَكُلُّ أَمْرٍ مُسْتَقِرٌّ

    Жана (пайгамбарды) жалганчыга чыгарып, өздөрүнүн каалоолорун ээрчиди. Бирок, ар бир иш (Кыяматта) өз ордун табат.

    54:3
  4. وَلَقَدْ جَاءَهُمْ مِنَ الْأَنْبَاءِ مَا فِيهِ مُزْدَجَرٌ

    Аларга (абалкы каапыр коомдордун) жүрөк үшүткөн кабарлары келген эле.

    54:4
  5. حِكْمَةٌ بَالِغَةٌ ۖ فَمَا تُغْنِ النُّذُرُ

    (Аларга келген Куран) далил-даанышмандыктын жеткен чеги эле. Эми аларга эскертүүчүлөр пайда бербейт.

    54:5
  6. فَتَوَلَّ عَنْهُمْ ۘ يَوْمَ يَدْعُ الدَّاعِ إِلَىٰ شَيْءٍ نُكُرٍ

    Сен дагы алардан жүз үйрү(п, Кыяматтагы жазаланышын күт)! Ал эми, Чакыруучу (Исрафил периште Сур кернейин тартып) жагымсыз нерсеге (Махшар майданына) чакырган күндө...

    54:6
  7. خُشَّعًا أَبْصَارُهُمْ يَخْرُجُونَ مِنَ الْأَجْدَاثِ كَأَنَّهُمْ جَرَادٌ مُنْتَشِرٌ

    Бардыгы көздөрү жоодураган абалда, башаламан чегирткелердей мүрзөлөрүнөн чыгышат.

    54:7
  8. مُهْطِعِينَ إِلَى الدَّاعِ ۖ يَقُولُ الْكَافِرُونَ هَٰذَا يَوْمٌ عَسِرٌ

    Чакыруучуга шашылып баратканда каапырлар «Бул өтө оор күн!» дешет.

    54:8
  9. كَذَّبَتْ قَبْلَهُمْ قَوْمُ نُوحٍ فَكَذَّبُوا عَبْدَنَا وَقَالُوا مَجْنُونٌ وَازْدُجِرَ

    Алардан мурун Нух коому дагы (чындыкты) «жалган», пендебизди «жалганчы», «жинди» деп, (ар кандай сөздөр менен) опузалашкан.

    54:9
  10. فَدَعَا رَبَّهُ أَنِّي مَغْلُوبٌ فَانْتَصِرْ

    Анан ал Раббисине дуба кылып: «Оо, Раббим! Мен алсыз калдым, мага жардам бер!» - деп дуба кылды.

    54:10
  11. فَفَتَحْنَا أَبْوَابَ السَّمَاءِ بِمَاءٍ مُنْهَمِرٍ

    Кийин Биз асман эшиктерин нөшөр жамгырга ачып жибердик.

    54:11
  12. وَفَجَّرْنَا الْأَرْضَ عُيُونًا فَالْتَقَى الْمَاءُ عَلَىٰ أَمْرٍ قَدْ قُدِرَ

    Жерден дагы атырылган булактарды чыгардык. Анан...(Аллах тарабынан) тагдыр кылынган ишти болтуруу үчүн эки суу кошулду.

    54:12
  13. وَحَمَلْنَاهُ عَلَىٰ ذَاتِ أَلْوَاحٍ وَدُسُرٍ

    Биз аны (Нухту) тактайлар жана мыктар менен куралган нерсе(кеме)де (суу үстүнө) көтөрдүк.

    54:13
  14. تَجْرِي بِأَعْيُنِنَا جَزَاءً لِمَنْ كَانَ كُفِرَ

    Ал (кеме) Биздин көз алдыбызда, каапырлар тарабынан четке кагылган кишиге сыйлык болуп желип баратты.

    54:14
  15. وَلَقَدْ تَرَكْنَاهَا آيَةً فَهَلْ مِنْ مُدَّكِرٍ

    Биз аны(н окуясын кудуретибизге) далил кылып калтырдык. Эми (мындан) сабак алаар жан бар бекен?

    54:15
  16. فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ

    Менин азабым жана эскертүүм кандай болуптур?!

    54:16
  17. وَلَقَدْ يَسَّرْنَا الْقُرْآنَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِنْ مُدَّكِرٍ

    Биз Куранды эскергенге жеңил кылдык. Кана, ким эскерет?

    54:17
  18. كَذَّبَتْ عَادٌ فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ

    Аад (коому) дагы «жалганчы» деген эле (Худ пайгамбарды). Анан Менин (аларга көргөзгөн) азабым жана эскертүүм кандай болду!

    54:18
  19. إِنَّا أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ رِيحًا صَرْصَرًا فِي يَوْمِ نَحْسٍ مُسْتَمِرٍّ

    Алардын үстүнө каргашалуу күндө (жети түн, сегиз күн бурганактаган) токтоосуз катуу бороон жибердик.

    54:19
  20. تَنْزِعُ النَّاسَ كَأَنَّهُمْ أَعْجَازُ نَخْلٍ مُنْقَعِرٍ

    Ал адамдарды омкорулган курма дарагы сыяктуу (турган жеринен) жулуп алды (жана башы менен жерге чапты!)

    54:20

Котормо: Шамсуддин Хакимов