Сүрө 55 Рахман
-
الرَّحْمَٰنُ
Ар-Рахман.
55:1 -
عَلَّمَ الْقُرْآنَ
Куранды таалим берди,
55:2 -
خَلَقَ الْإِنْسَانَ
Инсанды жаратты,
55:3 -
عَلَّمَهُ الْبَيَانَ
(Жана) ага баянды – сөздү үйрөттү.
55:4 -
الشَّمْسُ وَالْقَمَرُ بِحُسْبَانٍ
Күн дагы, Ай дагы (Аллах койгон) эсеп менен (айланат).
55:5 -
وَالنَّجْمُ وَالشَّجَرُ يَسْجُدَانِ
Жылдыз дагы, дарак дагы (Раббисин таанып, Ага) сажда кылат.
55:6 -
وَالسَّمَاءَ رَفَعَهَا وَوَضَعَ الْمِيزَانَ
(Аллах) асманды бийик көтөрдү жана (жерге) адилеттүүлүк орнотту.
55:7 -
أَلَّا تَطْغَوْا فِي الْمِيزَانِ
Таразада кыянат кылбагыла деп.
55:8 -
وَأَقِيمُوا الْوَزْنَ بِالْقِسْطِ وَلَا تُخْسِرُوا الْمِيزَانَ
Адилет менен өлчөгүлө жана таразадан «кымтып» калбагыла!
55:9 -
وَالْأَرْضَ وَضَعَهَا لِلْأَنَامِ
Ал жерди калк-калайык үчүн (мекен) кылды.
55:10 -
فِيهَا فَاكِهَةٌ وَالنَّخْلُ ذَاتُ الْأَكْمَامِ
Анда (ар түрдүү) мөмөлөр жана бүчүр түйгөн курмалар,
55:11 -
وَالْحَبُّ ذُو الْعَصْفِ وَالرَّيْحَانُ
Кылкандуу дандар жана жыпар жыттуу гүлдөр бар!
55:12 -
فَبِأَيِّ آلَاءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы жакшылыгын жалган дей аласыңар?!
55:13 -
خَلَقَ الْإِنْسَانَ مِنْ صَلْصَالٍ كَالْفَخَّارِ
Ал инсанды (Адам-Атаны) чопо сыяктуу кургак ылайдан жаратты.
55:14 -
وَخَلَقَ الْجَانَّ مِنْ مَارِجٍ مِنْ نَارٍ
Жин-Иблисти болсо, оттун жалынынан жаратты.
55:15 -
فَبِأَيِّ آلَاءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
55:16 -
رَبُّ الْمَشْرِقَيْنِ وَرَبُّ الْمَغْرِبَيْنِ
Ал эки чыгыш менен эки батыштын Раббиси.
55:17 -
فَبِأَيِّ آلَاءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
55:18 -
مَرَجَ الْبَحْرَيْنِ يَلْتَقِيَانِ
Ал деңиз менен дайраны(н суусун) аралаштырды.
55:19 -
بَيْنَهُمَا بَرْزَخٌ لَا يَبْغِيَانِ
(Бирок), ортосунда (Аллах койгон) тосмо бар: өтүшпөйт.
55:20
Котормо: Шамсуддин Хакимов