Сүрө 54 Камар

  1. فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ

    (Каапырларга) Менин азабым жана эскертүүм кандай экен?!

    54:21
  2. وَلَقَدْ يَسَّرْنَا الْقُرْآنَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِنْ مُدَّكِرٍ

    Биз Куранды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?

    54:22
  3. كَذَّبَتْ ثَمُودُ بِالنُّذُرِ

    Самуд (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарып:

    54:23
  4. فَقَالُوا أَبَشَرًا مِنَّا وَاحِدًا نَتَّبِعُهُ إِنَّا إِذًا لَفِي ضَلَالٍ وَسُعُرٍ

    (Мындай) дешти: «(Биз көп болсок), өз арабыздагы жалгыз адамга ээрчийбизби? Анда биз анык адашабыз, жиндиликте калабыз!

    54:24
  5. أَأُلْقِيَ الذِّكْرُ عَلَيْهِ مِنْ بَيْنِنَا بَلْ هُوَ كَذَّابٌ أَشِرٌ

    Вахий-кабар ушуга берилеби арабыздан (адам куруп калгансып)?! Жок! Бул жеткен жалганчы, эң жаман адам!

    54:25
  6. سَيَعْلَمُونَ غَدًا مَنِ الْكَذَّابُ الْأَشِرُ

    Эртең эле (азап түшсө) билишет, ким жалганчы, жаман адам экенин!

    54:26
  7. إِنَّا مُرْسِلُو النَّاقَةِ فِتْنَةً لَهُمْ فَارْتَقِبْهُمْ وَاصْطَبِرْ

    (Оо, Салих!) Биз аларды сынаш үчүн (аска таштан) бир төө чыгарып бердик. Эми аларга назар салып, сабыр кылып тур.

    54:27
  8. وَنَبِّئْهُمْ أَنَّ الْمَاءَ قِسْمَةٌ بَيْنَهُمْ ۖ كُلُّ شِرْبٍ مُحْتَضَرٌ

    Жана аларга кабар бер, суу (ичүү кезеги) бөлүнгөнүн, ар бир ичүү(гө кезек ээси) даяр турганын.

    54:28
  9. فَنَادَوْا صَاحِبَهُمْ فَتَعَاطَىٰ فَعَقَرَ

    Анан алар (келишимди бузуп), өздөрүнүн бир (мыкаачы) шеригин чакырышты. Ал болсо, (төөнү) кармады жана союп жиберди.

    54:29
  10. فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ

    (Карагыла) Менин азабым жана эскертүүм кандай болгонун:

    54:30
  11. إِنَّا أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ صَيْحَةً وَاحِدَةً فَكَانُوا كَهَشِيمِ الْمُحْتَظِرِ

    Биз аларга бир чаңырык жибердик эле, короо курган(чабан)дын куурайындай болуп (төгүлүп) калышты.

    54:31
  12. وَلَقَدْ يَسَّرْنَا الْقُرْآنَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِنْ مُدَّكِرٍ

    Биз Куранды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?

    54:32
  13. كَذَّبَتْ قَوْمُ لُوطٍ بِالنُّذُرِ

    Лут (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарышты.

    54:33
  14. إِنَّا أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ حَاصِبًا إِلَّا آلَ لُوطٍ ۖ نَجَّيْنَاهُمْ بِسَحَرٍ

    Биз аларга (таш) бороонун жибердик. Бир гана Луттун үй-бүлөсүн таң убактысында куткардык.

    54:34
  15. نِعْمَةً مِنْ عِنْدِنَا ۚ كَذَٰلِكَ نَجْزِي مَنْ شَكَرَ

    Өзүбүздөн жакшылык иретинде. Шүгүр кылгандарды ушинтип сыйлайбыз.

    54:35
  16. وَلَقَدْ أَنْذَرَهُمْ بَطْشَتَنَا فَتَمَارَوْا بِالنُّذُرِ

    (Лут) аларга Биздин азапты эскерткен эле. Бирок, алар эскертүүдөн шектеништи.

    54:36
  17. وَلَقَدْ رَاوَدُوهُ عَنْ ضَيْفِهِ فَطَمَسْنَا أَعْيُنَهُمْ فَذُوقُوا عَذَابِي وَنُذُرِ

    Жана анын мейманын (бачабаздык үчүн чыгарып берүүнү) талап кылышты. Биз алардын көзүн сокур кылып койдук. Эми, Менин эскертүүм жана азабымды(н даамын) татышсын!

    54:37
  18. وَلَقَدْ صَبَّحَهُمْ بُكْرَةً عَذَابٌ مُسْتَقِرٌّ

    Жана аларга таң мезгилинде үзгүлтүксүз азап (таш бороону) келди.

    54:38
  19. فَذُوقُوا عَذَابِي وَنُذُرِ

    Эми, Менин эскертүүмдү(н) жана азабымды(н даамын) татышсын!

    54:39
  20. وَلَقَدْ يَسَّرْنَا الْقُرْآنَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِنْ مُدَّكِرٍ

    Биз Куранды эскерүү үчүн жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?

    54:40

Котормо: Шамсуддин Хакимов