Катталуу, бет 528

  1. وَأَنَّهُ خَلَقَ الزَّوْجَيْنِ الذَّكَرَ وَالْأُنْثَىٰ

    Эркек-аял – эки жупту жараткан да Анын Өзү.

    53:45
  2. مِنْ نُطْفَةٍ إِذَا تُمْنَىٰ

    (Жатындарга) атырылган бел суудан!

    53:46
  3. وَأَنَّ عَلَيْهِ النَّشْأَةَ الْأُخْرَىٰ

    Экинчи ирет (кайрадан) жаратыш да Анын иши.

    53:47
  4. وَأَنَّهُ هُوَ أَغْنَىٰ وَأَقْنَىٰ

    Жана (каалаганын) беймуктаж, бай кылган да Анын Өзү.

    53:48
  5. وَأَنَّهُ هُوَ رَبُّ الشِّعْرَىٰ

    (Мушриктер сыйынган) Шиъранын Раббиси да Анын Өзү.

    53:49
  6. وَأَنَّهُ أَهْلَكَ عَادًا الْأُولَىٰ

    Абалкы Аад коомун кыйраткан да Анын Өзү.

    53:50
  7. وَثَمُودَ فَمَا أَبْقَىٰ

    Самудду дагы (эч кимисин) калтырбай.

    53:51
  8. وَقَوْمَ نُوحٍ مِنْ قَبْلُ ۖ إِنَّهُمْ كَانُوا هُمْ أَظْلَمَ وَأَطْغَىٰ

    Буга чейин Нух коомун да кыйраткан. Себеби алар чектен чыккан залым коом болушкан.

    53:52
  9. وَالْمُؤْتَفِكَةَ أَهْوَىٰ

    «Муьтафика» (деп аталган Лут коомунун шаарларын астын-үстүн) оодарган да (Бир Өзү).

    53:53
  10. فَغَشَّاهَا مَا غَشَّىٰ

    Анан аларды орогон нерсе (таш бороону) ороп алды!

    53:54
  11. فَبِأَيِّ آلَاءِ رَبِّكَ تَتَمَارَىٰ

    Эми (эй, инсан) Раббиңдин кайси ишинен шектенесиң?

    53:55
  12. هَٰذَا نَذِيرٌ مِنَ النُّذُرِ الْأُولَىٰ

    Бул (Мухаммад) абалкы эскертүүчүлөрдүн бири.

    53:56
  13. أَزِفَتِ الْآزِفَةُ

    Жакындашуучу (Кыямат) жакын калды.

    53:57
  14. لَيْسَ لَهَا مِنْ دُونِ اللَّهِ كَاشِفَةٌ

    Аны(н качан болушунун сырын) Аллахтан башка эч ким ача албайт.

    53:58
  15. أَفَمِنْ هَٰذَا الْحَدِيثِ تَعْجَبُونَ

    Силер (эй, мушриктер) бул Сөздөн (Курандан) таң калып жатасыңарбы?!

    53:59
  16. وَتَضْحَكُونَ وَلَا تَبْكُونَ

    (Аны укканда жүрөгүңөр ээрип) ыйлагандын ордуна (мыскылдап) күлүп жатасыңарбы?!

    53:60
  17. وَأَنْتُمْ سَامِدُونَ

    Силер (ага) көңүл бурбадыңар.

    53:61
  18. فَاسْجُدُوا لِلَّهِ وَاعْبُدُوا ۩

    Эми (ынсапка келип) Аллахка сажда жана ибадат кылгыла!

    53:62
  19. اقْتَرَبَتِ السَّاعَةُ وَانْشَقَّ الْقَمَرُ

    Кыямат жакындашты жана Ай (экиге) бөлүндү.

    54:1
  20. وَإِنْ يَرَوْا آيَةً يُعْرِضُوا وَيَقُولُوا سِحْرٌ مُسْتَمِرٌّ

    Алар (Курайш каапырлары) моожизаны көрүп турса да, (чындыктан) жүз үйрүп «Бул – ар дайымкы сыйкыр» - дей баштады.

    54:2
  21. وَكَذَّبُوا وَاتَّبَعُوا أَهْوَاءَهُمْ ۚ وَكُلُّ أَمْرٍ مُسْتَقِرٌّ

    Жана (пайгамбарды) жалганчыга чыгарып, өздөрүнүн каалоолорун ээрчиди. Бирок, ар бир иш (Кыяматта) өз ордун табат.

    54:3
  22. وَلَقَدْ جَاءَهُمْ مِنَ الْأَنْبَاءِ مَا فِيهِ مُزْدَجَرٌ

    Аларга (абалкы каапыр коомдордун) жүрөк үшүткөн кабарлары келген эле.

    54:4
  23. حِكْمَةٌ بَالِغَةٌ ۖ فَمَا تُغْنِ النُّذُرُ

    (Аларга келген Куран) далил-даанышмандыктын жеткен чеги эле. Эми аларга эскертүүчүлөр пайда бербейт.

    54:5
  24. فَتَوَلَّ عَنْهُمْ ۘ يَوْمَ يَدْعُ الدَّاعِ إِلَىٰ شَيْءٍ نُكُرٍ

    Сен дагы алардан жүз үйрү(п, Кыяматтагы жазаланышын күт)! Ал эми, Чакыруучу (Исрафил периште Сур кернейин тартып) жагымсыз нерсеге (Махшар майданына) чакырган күндө...

    54:6

Котормо: Шамсуддин Хакимов