Сүрө 29 Анкабут

  1. وَلَئِنْ سَأَلْتَهُمْ مَنْ خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَسَخَّرَ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ لَيَقُولُنَّ اللَّهُ ۖ فَأَنَّىٰ يُؤْفَكُونَ

    Эгер сен алардан (араб мушриктеринен): «Асмандар менен Жерди ким жараткан жана Күн менен Айды ким (Өзүнө) моюн сундурган?» - деп сурасаң, «Аллах» – дешет. (Ошол Аллахка сыйынбай ) дагы кайда кетип жатышат?!

    29:61
  2. اللَّهُ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ وَيَقْدِرُ لَهُ ۚ إِنَّ اللَّهَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ

    Аллах пенделеринин арасынан каалаганына кенен, каалаганына ченеп ырыскы берет. Аллах – ар нерсени Билүүчү.

    29:62
  3. وَلَئِنْ سَأَلْتَهُمْ مَنْ نَزَّلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَحْيَا بِهِ الْأَرْضَ مِنْ بَعْدِ مَوْتِهَا لَيَقُولُنَّ اللَّهُ ۚ قُلِ الْحَمْدُ لِلَّهِ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْقِلُونَ

    (Оо, Мухаммад!) Эгер сен алардан: «Асмандардан суу түшүрүп, аны менен, өлүк жерди тирилткен ким?» - деп сурасаң, албетте «Аллах» – дешет. Айткын: «Аллахка мактоо болсун!» Жок! Алардын көпчүлүгү акылдарын иштетпей жатышат!

    29:63
  4. وَمَا هَٰذِهِ الْحَيَاةُ الدُّنْيَا إِلَّا لَهْوٌ وَلَعِبٌ ۚ وَإِنَّ الدَّارَ الْآخِرَةَ لَهِيَ الْحَيَوَانُ ۚ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ

    Бул дүйнө жашоосу оюн-зоок, (утурумдук) жыргалчылыктардан башка (нерсе) эмес. Чыныгы жашоо – бул акырет жашоосу, эгер билишсе.

    29:64
  5. فَإِذَا رَكِبُوا فِي الْفُلْكِ دَعَوُا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ فَلَمَّا نَجَّاهُمْ إِلَى الْبَرِّ إِذَا هُمْ يُشْرِكُونَ

    Эгер алар кемеге минишсе (жана катуу добул болуп, кеме чайпала баштаса) Аллахтын жалгыз Өзүнө, түздөн-түз, ыклас менен дуба (ибадат) кылышат. Ал эми, Аллах аларды (апааттан) куткарып, жээкке чыгарып койсо, кайрадан ширк кыла башташат.

    29:65
  6. لِيَكْفُرُوا بِمَا آتَيْنَاهُمْ وَلِيَتَمَتَّعُوا ۖ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ

    Биз (жакшылык кылып) берген нерселерге (ушинтип) шүгүрсүз боло беришсин жана (өткөөл, убактылуу жашоо жыргалдарынан) пайдаланып калышсын. Жакында (адашкандарын) билип алышат.

    29:66
  7. أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّا جَعَلْنَا حَرَمًا آمِنًا وَيُتَخَطَّفُ النَّاسُ مِنْ حَوْلِهِمْ ۚ أَفَبِالْبَاطِلِ يُؤْمِنُونَ وَبِنِعْمَةِ اللَّهِ يَكْفُرُونَ

    Алар (Мекке мушриктери) ойлонушпайбы: Биз (алар жашаган Меккени) ыйык (Анда таланчылык, адам өлтүрүү арам жана) тынч (шаар) кылдык. Алардын тегерегиндеги адамдар (ыйык шаарда жашабаганы себептүү) таланып-тонолууда. (Дагы эле) жалган(кудайлар)га ыйман келтирип, Аллахтын жакшылыктарына каапыр боло беришеби?!

    29:67
  8. وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ افْتَرَىٰ عَلَى اللَّهِ كَذِبًا أَوْ كَذَّبَ بِالْحَقِّ لَمَّا جَاءَهُ ۚ أَلَيْسَ فِي جَهَنَّمَ مَثْوًى لِلْكَافِرِينَ

    (Жаратканга бизди ортомчу-кудайлар жакындаштырат деп) Аллахка калпты жалаа жапкан же болбосо, өзүнө келген акыйкатты (Куранды) жалганга чыгарган кишиден да көбүрөөк залым (каапыр) адам бар бекен?! Баса, каапырлардын жайы – тозок эмеспи?

    29:68
  9. وَالَّذِينَ جَاهَدُوا فِينَا لَنَهْدِيَنَّهُمْ سُبُلَنَا ۚ وَإِنَّ اللَّهَ لَمَعَ الْمُحْسِنِينَ

    Биздин жолубузда (жаман напси, шайтан, Аллахтын душмандары) күрөшкөн кишилерди Өз жолубузга баштап койобуз. Аллах (ар дайым) жакшылык кылуучулар менен!

    29:69

Котормо: Шамсуддин Хакимов