Катталуу, бет 403

  1. وَيَسْتَعْجِلُونَكَ بِالْعَذَابِ ۚ وَلَوْلَا أَجَلٌ مُسَمًّى لَجَاءَهُمُ الْعَذَابُ وَلَيَأْتِيَنَّهُمْ بَغْتَةً وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ

    «Азабыңды алып кел» деп сени шаштырып жатышат. Эгер белгиленген мөөнөт болбогондо, аларга азап тез эле келмек. Жана аларга азап капысынан, (эч нерсени) сезбей турган учурда келип калат!

    29:53
  2. يَسْتَعْجِلُونَكَ بِالْعَذَابِ وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمُحِيطَةٌ بِالْكَافِرِينَ

    Сени шаштырып, азап сурап жатышат! Тозок каапырларды сөзсүз ороп алуучу!

    29:54
  3. يَوْمَ يَغْشَاهُمُ الْعَذَابُ مِنْ فَوْقِهِمْ وَمِنْ تَحْتِ أَرْجُلِهِمْ وَيَقُولُ ذُوقُوا مَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

    Ал күнү аларды үстүнөн да буттарынын түбүнөн да азап ороп алат жана (Аллах): «Өзүңөр жасаган иштерди(н жазасын) тарткыла!» дейт.

    29:55
  4. يَا عِبَادِيَ الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّ أَرْضِي وَاسِعَةٌ فَإِيَّايَ فَاعْبُدُونِ

    Оо, ыймандуу пенделерим! Менин жерим кенен. Менин Өзүмө гана ибадат кылгыла!

    29:56
  5. كُلُّ نَفْسٍ ذَائِقَةُ الْمَوْتِ ۖ ثُمَّ إِلَيْنَا تُرْجَعُونَ

    Ар бир жан өлүмдү татуучу. (Өлүмдөн) кийин Бизге гана кайтарыласыңар.

    29:57
  6. وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَنُبَوِّئَنَّهُمْ مِنَ الْجَنَّةِ غُرَفًا تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ نِعْمَ أَجْرُ الْعَامِلِينَ

    Ыйман келтирип, жакшылык (сооп) иштерди жасаган адамдарды Биз бейиштин эң бийик орундарына жайгаштырабыз. Анын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүккө (жашап) калышат. (Жакшылык) иш кылуучу адамдардын сыйлыгы кандай сонун!

    29:58
  7. الَّذِينَ صَبَرُوا وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ

    Алар сабыр кылган жана Раббилерине тобокел кылган адамдар.

    29:59
  8. وَكَأَيِّنْ مِنْ دَابَّةٍ لَا تَحْمِلُ رِزْقَهَا اللَّهُ يَرْزُقُهَا وَإِيَّاكُمْ ۚ وَهُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ

    Өз азыгын (эртеңкисине) камдап, сактабаган нечен-нечен жаныбарлар бар. Аларга да, силерге да Аллах ырыскы берет. Ал – Угуучу, Билүүчү.

    29:60
  9. وَلَئِنْ سَأَلْتَهُمْ مَنْ خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَسَخَّرَ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ لَيَقُولُنَّ اللَّهُ ۖ فَأَنَّىٰ يُؤْفَكُونَ

    Эгер сен алардан (араб мушриктеринен): «Асмандар менен Жерди ким жараткан жана Күн менен Айды ким (Өзүнө) моюн сундурган?» - деп сурасаң, «Аллах» – дешет. (Ошол Аллахка сыйынбай ) дагы кайда кетип жатышат?!

    29:61
  10. اللَّهُ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ وَيَقْدِرُ لَهُ ۚ إِنَّ اللَّهَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ

    Аллах пенделеринин арасынан каалаганына кенен, каалаганына ченеп ырыскы берет. Аллах – ар нерсени Билүүчү.

    29:62
  11. وَلَئِنْ سَأَلْتَهُمْ مَنْ نَزَّلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَحْيَا بِهِ الْأَرْضَ مِنْ بَعْدِ مَوْتِهَا لَيَقُولُنَّ اللَّهُ ۚ قُلِ الْحَمْدُ لِلَّهِ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْقِلُونَ

    (Оо, Мухаммад!) Эгер сен алардан: «Асмандардан суу түшүрүп, аны менен, өлүк жерди тирилткен ким?» - деп сурасаң, албетте «Аллах» – дешет. Айткын: «Аллахка мактоо болсун!» Жок! Алардын көпчүлүгү акылдарын иштетпей жатышат!

    29:63

Котормо: Шамсуддин Хакимов