Сүрө 29 Анкабут

  1. الم

    Алиф. Лам. Мим.

    29:1
  2. أَحَسِبَ النَّاسُ أَنْ يُتْرَكُوا أَنْ يَقُولُوا آمَنَّا وَهُمْ لَا يُفْتَنُونَ

    Адамдар «ыйман келтирдик» деп айтса эле, (ар түрдүү машакаттар менен) сыналбай калабыз деп ойлошобу?

    29:2
  3. وَلَقَدْ فَتَنَّا الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ ۖ فَلَيَعْلَمَنَّ اللَّهُ الَّذِينَ صَدَقُوا وَلَيَعْلَمَنَّ الْكَاذِبِينَ

    Чынында Биз алардан мурункуларды да (чоң машакаттар менен) сынаганбыз. Натыйжада Аллах («ыймандуубуз» деген сөздөрүндө) чынчыл болгондорду билет, жалганчыларды да билет.

    29:3
  4. أَمْ حَسِبَ الَّذِينَ يَعْمَلُونَ السَّيِّئَاتِ أَنْ يَسْبِقُونَا ۚ سَاءَ مَا يَحْكُمُونَ

    Жаман (күнөө) иштерди жасаган адамдар Бизден кутулуп кетебиз деп ойлошобу?! Алардын чечимдери кандай жаман!

    29:4
  5. مَنْ كَانَ يَرْجُو لِقَاءَ اللَّهِ فَإِنَّ أَجَلَ اللَّهِ لَآتٍ ۚ وَهُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ

    Ал эми, ким (кыяматта) Аллахка жолугуудан үмүт кылса, Аллахтын (кыяматка) белгилеген убактысы (сөзсүз) келүүчү. Ал Угуучу, Билүүчү.

    29:5
  6. وَمَنْ جَاهَدَ فَإِنَّمَا يُجَاهِدُ لِنَفْسِهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَغَنِيٌّ عَنِ الْعَالَمِينَ

    Жана ким (өз напсисине, шайтанга жана Аллахтын душмандарына каршы) жихад кылса, өзүнүн пайдасына жихад кылганы. Чынында, Аллах ааламдардан беймуктаж.

    29:6
  7. وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَنُكَفِّرَنَّ عَنْهُمْ سَيِّئَاتِهِمْ وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَحْسَنَ الَّذِي كَانُوا يَعْمَلُونَ

    Биз ыйман келтирип, жакшы иштерди аткарган ыймандуулардын күнөөлөрүн өчүрүп, жасаган иштеринен жакшыраак кылып сыйлык беребиз.

    29:7
  8. وَوَصَّيْنَا الْإِنْسَانَ بِوَالِدَيْهِ حُسْنًا ۖ وَإِنْ جَاهَدَاكَ لِتُشْرِكَ بِي مَا لَيْسَ لَكَ بِهِ عِلْمٌ فَلَا تُطِعْهُمَا ۚ إِلَيَّ مَرْجِعُكُمْ فَأُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

    Биз инсанга, ата-энесине жакшылык кылуусун буюрдук. Анан эгер сенин ата-энең өзүң билбеген бир нерсени Мага шерик (кудай) кылышына сени кыйнап-кыстачу болсо, аларга моюн сунбагын. Менин Өзүмө гана кайтасыңар. Анан Мен силерге жасаган иштериңердин кабарын беремин.

    29:8
  9. وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَنُدْخِلَنَّهُمْ فِي الصَّالِحِينَ

    Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаган адамдарды жакшы иш жасоочу (бейиши болгон) адамдардын катарына кошобуз.

    29:9
  10. وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يَقُولُ آمَنَّا بِاللَّهِ فَإِذَا أُوذِيَ فِي اللَّهِ جَعَلَ فِتْنَةَ النَّاسِ كَعَذَابِ اللَّهِ وَلَئِنْ جَاءَ نَصْرٌ مِنْ رَبِّكَ لَيَقُولُنَّ إِنَّا كُنَّا مَعَكُمْ ۚ أَوَلَيْسَ اللَّهُ بِأَعْلَمَ بِمَا فِي صُدُورِ الْعَالَمِينَ

    Адамдардын арасындагы кээ бирөөлөр «Аллахка ыйман келтирдик» - дешет. Бирок, Аллахтын жолунда бир зыянга жолугуп калчу болсо, адамдардын сыноосун Аллахтын азабындай кабыл алат. Ал эми, эгер Раббиң тарабынан (мусулмандарга) жеңиш келип калса дароо «Биз силер менен бирге болчубуз» дешет. Аллах ааламдардын (адамдардын) көкүрөгүндөгү (жашырган) нерселерин билбейт бекен?!

    29:10
  11. وَلَيَعْلَمَنَّ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَلَيَعْلَمَنَّ الْمُنَافِقِينَ

    Аллах (чындап) ыйман келтиргендерди да, эки жүздүүлөрдү да анык билип турат!

    29:11
  12. وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِلَّذِينَ آمَنُوا اتَّبِعُوا سَبِيلَنَا وَلْنَحْمِلْ خَطَايَاكُمْ وَمَا هُمْ بِحَامِلِينَ مِنْ خَطَايَاهُمْ مِنْ شَيْءٍ ۖ إِنَّهُمْ لَكَاذِبُونَ

    Каапырлар ыймандууларга: «Биздин жолубузду ээрчигиле. Күнөө ишиңерди (мына) биз моюнга алабыз» дешет. Алардын каталарынан эч нерсени өз моюндарына алышпайт. Чынында, алар - жалганчылар!

    29:12
  13. وَلَيَحْمِلُنَّ أَثْقَالَهُمْ وَأَثْقَالًا مَعَ أَثْقَالِهِمْ ۖ وَلَيُسْأَلُنَّ يَوْمَ الْقِيَامَةِ عَمَّا كَانُوا يَفْتَرُونَ

    Алар (азгыргандар) өздөрүнүн күнөөсүн да көтөрөт, өз күнөөлөрү менен бирге башка күнөөлөрдү да көтөрөт жана кыямат күнү ойлоп тапкан күнөөлөрү жөнүндө сурак беришет.

    29:13
  14. وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوْمِهِ فَلَبِثَ فِيهِمْ أَلْفَ سَنَةٍ إِلَّا خَمْسِينَ عَامًا فَأَخَذَهُمُ الطُّوفَانُ وَهُمْ ظَالِمُونَ

    Биз Нухту өз коомуна пайгамбар кылып жибердик. Ал элинин арасында элүү жылы кем миң жыл турду. Анан аларды залым болуп турган жеринде топон суу каптады.

    29:14
  15. فَأَنْجَيْنَاهُ وَأَصْحَابَ السَّفِينَةِ وَجَعَلْنَاهَا آيَةً لِلْعَالَمِينَ

    Кийин Биз аны (Нухту) жана кемедегилерди куткардык жана кемени (бүт) ааламдарга (кудуретибизден) белги кылдык.

    29:15
  16. وَإِبْرَاهِيمَ إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِ اعْبُدُوا اللَّهَ وَاتَّقُوهُ ۖ ذَٰلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ

    Жана Биз Ибрахимди да (пайгамбар кылып жибердик). Бир кезде ал өз коомуна: «Аллахка гана сыйынгыла! Ага такыбалык кылгыла! Эгер билсеңер, ушунуңар өзүңөргө жакшы.

    29:16
  17. إِنَّمَا تَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ أَوْثَانًا وَتَخْلُقُونَ إِفْكًا ۚ إِنَّ الَّذِينَ تَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ لَا يَمْلِكُونَ لَكُمْ رِزْقًا فَابْتَغُوا عِنْدَ اللَّهِ الرِّزْقَ وَاعْبُدُوهُ وَاشْكُرُوا لَهُ ۖ إِلَيْهِ تُرْجَعُونَ

    Чынында, силер Аллахтан башка буттарга ибадат кылып, (аларды «кудай» деп атап) жалганды жасап жатасыңар! Аллахтан башка силер сыйынып жаткан «кудайыңар» силерге ырыскы берүүгө да кудуреттүү эмес! Ырыскыны Аллахтан сурагыла жана Өзүнө гана ибадат кылып, жалгыз Өзүнө шүгүр кылгыла! (Анткени,) Өзүнө гана кайтып барасыңар!

    29:17
  18. وَإِنْ تُكَذِّبُوا فَقَدْ كَذَّبَ أُمَمٌ مِنْ قَبْلِكُمْ ۖ وَمَا عَلَى الرَّسُولِ إِلَّا الْبَلَاغُ الْمُبِينُ

    Эгер (мени) «жалганчы» десеңер, силерден мурунку (каапыр) элдер дагы (өз пайгамбарын) «жалганчы» дешкен. Пайгамбардын милдети болгону анык жеткирип коюудан гана турат».

    29:18
  19. أَوَلَمْ يَرَوْا كَيْفَ يُبْدِئُ اللَّهُ الْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُ ۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرٌ

    Алар (инсандар) Аллах жаратылышты алгач ирет кандай жаратканына карап көрүшпөйбү? Анан (алардын бардыгын) кайра жаратат. Чынында, бул Аллах үчүн жеңил.

    29:19
  20. قُلْ سِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَانْظُرُوا كَيْفَ بَدَأَ الْخَلْقَ ۚ ثُمَّ اللَّهُ يُنْشِئُ النَّشْأَةَ الْآخِرَةَ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

    Айт, (оо, Мухаммад): «Жер бетинде кезип жүрүп, (Аллах) жаратылышты (калк-калайыкты) абалкы ирет кантип жаратканына назар салгыла! Кийин Аллах (аларды Акыретте) экинчи ирет пайда кылат. Чындыгында Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү!»

    29:20

Котормо: Шамсуддин Хакимов