Катталуу, бет 86

  1. وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِأَعْدَائِكُمْ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ وَلِيًّا وَكَفَىٰ بِاللَّهِ نَصِيرًا

    Аллах силердин душманыңарды жакшы билет жана Аллахтын Өзү жетиштүү башчы, Аллахтын Өзү жетиштүү жардамчы.

    4:45
  2. مِنَ الَّذِينَ هَادُوا يُحَرِّفُونَ الْكَلِمَ عَنْ مَوَاضِعِهِ وَيَقُولُونَ سَمِعْنَا وَعَصَيْنَا وَاسْمَعْ غَيْرَ مُسْمَعٍ وَرَاعِنَا لَيًّا بِأَلْسِنَتِهِمْ وَطَعْنًا فِي الدِّينِ ۚ وَلَوْ أَنَّهُمْ قَالُوا سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا وَاسْمَعْ وَانْظُرْنَا لَكَانَ خَيْرًا لَهُمْ وَأَقْوَمَ وَلَٰكِنْ لَعَنَهُمُ اللَّهُ بِكُفْرِهِمْ فَلَا يُؤْمِنُونَ إِلَّا قَلِيلًا

    Яхудилерден кээ бирөөлөрү (Тоораттагы Мухаммад пайгамбар жөнүндөгү) сөздөрдү маанисинен башка мааниге бурмалайт жана (сени менен сүйлөшкөндө) динге сокку урушуп, тилин бурмалап: “Уктук жана күнөө кылдык”, “Бизди укпасаң да угасың” жана “Раина” дешет. Эгер алар (сөздү бурмалабай!) “Уктук жана моюн сундук”, “Бизди укчу?”, жана “Унзурна” (бизге карачы?) деп айтканда өздөрүнө жакшы жана туура болмок. Бирок, Аллах аларга каапырлыгы себептүү каргыш жаадырган. Эми, бир аз гана бөлүгүнөн башкасы ыйман келтирбейт.

    4:46
  3. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ آمِنُوا بِمَا نَزَّلْنَا مُصَدِّقًا لِمَا مَعَكُمْ مِنْ قَبْلِ أَنْ نَطْمِسَ وُجُوهًا فَنَرُدَّهَا عَلَىٰ أَدْبَارِهَا أَوْ نَلْعَنَهُمْ كَمَا لَعَنَّا أَصْحَابَ السَّبْتِ ۚ وَكَانَ أَمْرُ اللَّهِ مَفْعُولًا

    О, китеп берилген адамдар! Бетиңерден бузуп, артына кайрып таштай электе, же болбосо, аларды (силердин араңардагы бузукуларды) “алтынчы күн ээлерин” каргаганыбыз сыяктуу каргап сала электе, өзүңөрдөгү (Тоорат, Инжил кабарларын) тастыктоочу кылып Биз жиберген нерсеге (Куранга) ыйман келтиргиле! Аллахтын буйругу дароо аткарылуучу!

    4:47
  4. إِنَّ اللَّهَ لَا يَغْفِرُ أَنْ يُشْرَكَ بِهِ وَيَغْفِرُ مَا دُونَ ذَٰلِكَ لِمَنْ يَشَاءُ ۚ وَمَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَقَدِ افْتَرَىٰ إِثْمًا عَظِيمًا

    Албетте, Аллах Өзүнө бир нерсени шерик кылышканын кечирбейт. Мындан башка күнөөлөрдү каалаган пендесинен кечирет. Ким Аллахка ширк келтирген болсо, ал өтө чоң күнөө ойлоп тааптыр!

    4:48
  5. أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ يُزَكُّونَ أَنْفُسَهُمْ ۚ بَلِ اللَّهُ يُزَكِّي مَنْ يَشَاءُ وَلَا يُظْلَمُونَ فَتِيلًا

    (О, Мухаммад!) өздөрүн актаган адамдарга карабайсыңбы?! Тескерисинче, Аллах, Өзү каалаган пендесин актап алат жана аларга (данекти орогон) чел кабыкчалык да зулум кылынбайт.

    4:49
  6. انْظُرْ كَيْفَ يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ ۖ وَكَفَىٰ بِهِ إِثْمًا مُبِينًا

    Карачы, алар Аллахка кандай жалгандарды ойлоп таап жатышат. Анык күнөө болууга ушунун өзү жетиштүү!

    4:50
  7. أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ أُوتُوا نَصِيبًا مِنَ الْكِتَابِ يُؤْمِنُونَ بِالْجِبْتِ وَالطَّاغُوتِ وَيَقُولُونَ لِلَّذِينَ كَفَرُوا هَٰؤُلَاءِ أَهْدَىٰ مِنَ الَّذِينَ آمَنُوا سَبِيلًا

    Китептен үлүш берилген адамдарга карабайсыңбы: Алар “жибт” жана “тагут(тар)га” сыйынып жатышат жана каапырлар тууралуу (аларга жагынып, ыйманды жек көрүп): “Ошолор ыйман келтиргендерге караганда туура жолдо” деп жатышат.

    4:51

Котормо: Шамсуддин Хакимов