Катталуу, бет 85

  1. وَالَّذِينَ يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ رِئَاءَ النَّاسِ وَلَا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَلَا بِالْيَوْمِ الْآخِرِ ۗ وَمَنْ يَكُنِ الشَّيْطَانُ لَهُ قَرِينًا فَسَاءَ قَرِينًا

    Мал-дүйнөлөрүн рия (адамдарга көрүнүү, атагы чыгуу) үчүн садага кылган жана өздөрү Аллахка да, Акыретке да ишенбей турган адамдарга дагы (азапты даярдап койгонбуз). Шайтан кимдин жакын досу болсо, ал эң жаман дос!

    4:38
  2. وَمَاذَا عَلَيْهِمْ لَوْ آمَنُوا بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَأَنْفَقُوا مِمَّا رَزَقَهُمُ اللَّهُ ۚ وَكَانَ اللَّهُ بِهِمْ عَلِيمًا

    Аллахка, Акырет күнүнө ыйман келтирип, Аллах аларга ырыскы кылып берген нерселерден (элге көрүнүүнү ниет кылбай) садага кылса аларга зыян болмок беле?! Аллах аларды Билүүчү.

    4:39
  3. إِنَّ اللَّهَ لَا يَظْلِمُ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ ۖ وَإِنْ تَكُ حَسَنَةً يُضَاعِفْهَا وَيُؤْتِ مِنْ لَدُنْهُ أَجْرًا عَظِيمًا

    «Албетте, Аллах эч кимге чаң бүртүгүнүн салмагындай да зулум кылбайт. Эгер (пенденин ишинде чаңдын бүртүгүнчө) жакшылык болсо, аны көбөйтөт жана Өзүнүн алдынан чоң сооп берет».

    4:40
  4. فَكَيْفَ إِذَا جِئْنَا مِنْ كُلِّ أُمَّةٍ بِشَهِيدٍ وَجِئْنَا بِكَ عَلَىٰ هَٰؤُلَاءِ شَهِيدًا

    (О, Мухаммад!) бир кезде (Кыяматта) Биз ар бир үммөттөн бир күбөнү (алардын пайгамбарларын) келтирсек жана сени тиги (каапыр) адамдарга каршы күбөгө тартсак абал кандай болот?!

    4:41
  5. يَوْمَئِذٍ يَوَدُّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَعَصَوُا الرَّسُولَ لَوْ تُسَوَّىٰ بِهِمُ الْأَرْضُ وَلَا يَكْتُمُونَ اللَّهَ حَدِيثًا

    Ал Күндө пайгамбарга каяша айтып, каапыр болгондор жер аларды көмүп, тегиз болуп калуусун эңсешет. Бирок, Аллахтан эч бир сөздү жашыра алышпайт.

    4:42
  6. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَقْرَبُوا الصَّلَاةَ وَأَنْتُمْ سُكَارَىٰ حَتَّىٰ تَعْلَمُوا مَا تَقُولُونَ وَلَا جُنُبًا إِلَّا عَابِرِي سَبِيلٍ حَتَّىٰ تَغْتَسِلُوا ۚ وَإِنْ كُنْتُمْ مَرْضَىٰ أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ أَوْ جَاءَ أَحَدٌ مِنْكُمْ مِنَ الْغَائِطِ أَوْ لَامَسْتُمُ النِّسَاءَ فَلَمْ تَجِدُوا مَاءً فَتَيَمَّمُوا صَعِيدًا طَيِّبًا فَامْسَحُوا بِوُجُوهِكُمْ وَأَيْدِيكُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَفُوًّا غَفُورًا

    О, ыйман келтиргендер! Эмне сүйлөп жатканыңарды биле турган болмоюнча (соолукмайынча) мас абалда намазга жакындашпагыла. «Жунуб» абалда дагы гусул кылмайынча (бүт денеге суу жеткирип жуунмайынча) намазга жакындабагыла. (Мечитти аралап) өтүп жүрүүчүлөр гана (гусул кылбай өтсө болот.) Эгер ооруп калсаңар же сапарда болсоңор же силерден бирөөңөр ажатканадан чыкса же болбосо, аялдарыңарды кармаласаңар жана (даарат алганга) суу таппай калсаңар таза жер кыртышына таяммум кылып (алаканыңарды уруп) бетиңерди жана колуңарды сылагыла. Албетте, Аллах Кечиримдүү жана күнөөлөрдөн өтүүчү.

    4:43
  7. أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ أُوتُوا نَصِيبًا مِنَ الْكِتَابِ يَشْتَرُونَ الضَّلَالَةَ وَيُرِيدُونَ أَنْ تَضِلُّوا السَّبِيلَ

    (О, Мухаммад!) Китептен (Тоороттон) үлүшү бар адамдарды карабайсыңбы, (арам, күнөө иштерге мал-дүйнө жумшоо менен) адашууну сатып алышканын жана сенин (ак) жолдон адашууңду да каалашканын.

    4:44

Котормо: Шамсуддин Хакимов