Катталуу, бет 71
-
وَلَئِنْ مُتُّمْ أَوْ قُتِلْتُمْ لَإِلَى اللَّهِ تُحْشَرُونَ
Эгер өлсөңөр же өлтүрүлсөңөр, сөзсүз Аллахтын алдына чогултуласыңар.
3:158 -
فَبِمَا رَحْمَةٍ مِنَ اللَّهِ لِنْتَ لَهُمْ ۖ وَلَوْ كُنْتَ فَظًّا غَلِيظَ الْقَلْبِ لَانْفَضُّوا مِنْ حَوْلِكَ ۖ فَاعْفُ عَنْهُمْ وَاسْتَغْفِرْ لَهُمْ وَشَاوِرْهُمْ فِي الْأَمْرِ ۖ فَإِذَا عَزَمْتَ فَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُتَوَكِّلِينَ
(Оо, Мухаммад!) Раббиң тарабынан болгон ырайым себептүү сен аларга (сахабаларыңа) жумшак мамиле жасадың. Эгер орой, таш боор болсоң, алар сенин айланаңдан тарап кетишмек. Аларды кечир жана Алар үчүн (Аллахдан) кечирим сура. Жана (өзүң ылайык көргөн) иште алар менен кеңеш. Эгер (бир ишке) киришчү болсоң, Аллахка тобокел кыл. Албетте, Аллах тобокел кылуучуларды сүйөт.
3:159 -
إِنْ يَنْصُرْكُمُ اللَّهُ فَلَا غَالِبَ لَكُمْ ۖ وَإِنْ يَخْذُلْكُمْ فَمَنْ ذَا الَّذِي يَنْصُرُكُمْ مِنْ بَعْدِهِ ۗ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ
Эгер Аллах жардам берсе, силерди эч ким жеңе албайт. Эгерде жардамсыз (өзүңөрдү-өзүңөргө) таштап койсо, Аллахтан кийин силерге ким жардам берет?! Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышсын!
3:160 -
وَمَا كَانَ لِنَبِيٍّ أَنْ يَغُلَّ ۚ وَمَنْ يَغْلُلْ يَأْتِ بِمَا غَلَّ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۚ ثُمَّ تُوَفَّىٰ كُلُّ نَفْسٍ مَا كَسَبَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ
Эч бир пайгамбарга “гулул” кылуу мүмкүн эмес! Жана кимде-ким “гулул” кылса, Кыяматта “гулул” кылган ишин (желкесине) көтөрүп келет. Кийин ар бир жан адилет менен өз иштеринин толук тиешесин алат.
3:161 -
أَفَمَنِ اتَّبَعَ رِضْوَانَ اللَّهِ كَمَنْ بَاءَ بِسَخَطٍ مِنَ اللَّهِ وَمَأْوَاهُ جَهَنَّمُ ۚ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ
Аллахтын ыраазычылыгын максат кылган адам менен Аллахтын каарына жолугуп, барар жери тозок болгон адам теңби?! Бул кандай жаман акыбет!
3:162 -
هُمْ دَرَجَاتٌ عِنْدَ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ بَصِيرٌ بِمَا يَعْمَلُونَ
(Жок тең эмес) Алар Аллахтын алдында ар кандай даражаларда болушат. Аллах алардын эмне жасаганын Көрүүчү.
3:163 -
لَقَدْ مَنَّ اللَّهُ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ إِذْ بَعَثَ فِيهِمْ رَسُولًا مِنْ أَنْفُسِهِمْ يَتْلُو عَلَيْهِمْ آيَاتِهِ وَيُزَكِّيهِمْ وَيُعَلِّمُهُمُ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَإِنْ كَانُوا مِنْ قَبْلُ لَفِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
Өздөрүнүн арасынан, аларга Аллахтын аяттарын окуп бере турган, аларды (күнөөлөрдөн) тазалай турган жана мындан мурун анык адашууда болушса да, Китеп (Куран) менен Хикматты (Сүннөттү) үйрөтө турган бир пайгамбарды жиберүү менен Аллах ыймандууларга (теңдешсиз) жакшылык кылган.
3:164 -
أَوَلَمَّا أَصَابَتْكُمْ مُصِيبَةٌ قَدْ أَصَبْتُمْ مِثْلَيْهَا قُلْتُمْ أَنَّىٰ هَٰذَا ۖ قُلْ هُوَ مِنْ عِنْدِ أَنْفُسِكُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Силерге (Ухуд согушунда мушриктерден) кырсык жеткенде – аларга (Бадр согушунда) эки эсе көп кырсык жеткизген болсоңор да – “Бул кайгы кайдан келди” - деген элеңер. Айт: “Бул – өзүңөрдөн”. Албетте, Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.
3:165
Котормо: Шамсуддин Хакимов